СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жат жазуулар жыйнагы

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Жат жазуулар жыйнагы»

Жат жазуу

8-класс

Барсбек

7-кылымдын акырында Кыргыз мамлекетин Барсбек ажо башкарган экен. Бул бизге белгилүү болгон эң биринчи кыргыздын аты. Барсбек ажо кыргыз башкаруучу династиясынан чыккан. Барсбек кичине кезинде эле жетим калган. Анын төрт биртууганы болгон экен. Барсбек үй-бүлөдөгү балдардын эң улуусу эмес, бирок өзүнүн абдан жакшы сапаттары менен үлгүлүү болгон. Барсбек ажонун башкаруусунда Кыргыз мамлекетинин эл аралык кадыр-баркы өскөн. Ал учурда Барсбек башында турган Кыргыз каганаты өтө күчтүү болуп эсептелген. Бирок алардын душманы Түрк каганаты Барсбекке каршы чыккан .Түрктөр кыргыздарга капыстан кол салышкан. Мында кыргыздардын эң негизги күчтөрү талкаланган,анткени түрктөрдүн саны көп болгон. Эрдик жана каармандык эки тараптан бирдей эле көрсөтүлгөн. Аскердик өнөрдү өтө мыкты өздөштүргөн түрктөр Кыргыз каганын өлтүргөн жана анын элин багындырган. Ошентип , Кыргыз мамлекети Экинчи Түрк каганатына ал 744- жылы кулаганга чейин көз каранды болуп турган. Барсбектин эң мыкты сапаттары мындан 100 жыл мурда Енисейде табылган абдан бийик таш мамыга чегилип жазылган.