СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
19-20-кылымдардагы кыргыз эл ырчыларынын көпчүлүгүнүн устаты болгон улуу акын Токтогул Кетмен-Төбө өрөөнүнүн түндүк батыш тарабындагы Куччу-Суу деген кыштакта 1864-жылы күз айларында дүйнөгө келди. Анда Наманган уездинин Суусамыр болуштугу эле, азыр ал жер Жалал-Абад облусуна караган Токтогул району деп аталат.
Токтогулдун атасы Сатылган оокаты жармач, кедей адам болуптур. Жалгыз өгүзү менен эптеп жер тырмап алакандай жерине жүгөрү менен буудай сееп, ошону менен үй-бүлөсүн бага турган. Токтогул үч жашар кезинде аны жонуна көтөрүп алып, "оокат өтөөр бекен" деген ой менен Сатылган МАйлуу-Суудагы кайын журтун паанектеп барып, үч-төрт жыл туруп калат. Устү башын бүтөп, оокаты бир аз ирдеңген соң, кайра туулган жерине көчүп келишет. Сатылгандын турмушу дагы кысталыш, эптеп күн өткөрүү максатында жакын эжесин эш тутуп ТОктобек деген жерге көчүп барды. Бул кезде Токтогул тогузга чыккан. Сатылган байдын коюн бакса, Токтогул козу кайтарат. Кичине эс тарткандан баштап, ал Казанбек дегендин коюн кайтаратю Дале жарыбай акыры Куччу-Суудагы өз жайына кайра көчүп келишет. Бул кезде Токтогул он алты-он жетиге келип калган.
Акындын атасы Сатылган сөзгө чебер, кээде үйгө келген аялдарды күлдүрүү үчүн жамактатып ырдап жиберер эле.Өзү куудул, жайдары киши болгон. Энеси Бурма көп төрөсө да, балдары токтогон эмес. Ушул уулу төрөлгөндө "балабыз токтоп, элге кул болуп, кызмат кылаар бекен" деген жакшы тилек менен ысымын Токтогул койгон. Бурма акылдуу, адамга мээримдүү, таланты да бар, ошол аймактагы эң мыкты кошокчу аялдардан болчу. Кыргыздын оозеки жомокторун да көп билип, аны өз шааниси менен айткан адам эле. Бала Токтогулга ар түрдүү темадагы ырлардан, жомоктордон, кызыктуу окуялуу аңгемелерден дайыма айтып берип, анын аң-сезиминин өсүшүнө, болочок акындын талантынын түптөлүп, өнүгүшүнө чоң таасир берген. Токтогул мына ушундай табиятынан таланттуу, ырга шыктуу, турмуштун ысык-суугуна бышкан ү-бүлөөнүн тарбиясында өстү.
Токтогул бала кезинен сергек абдан зээндүү болуп чоңойду. Ал атасы сыяктуу тамашакөй, куйкум сөздүү куудул, жайдары мүнөз күттү. Ырчылык таланты эрте байлап, эрте байкала баштады. Баланын жөндөм шыгын байкаган Сатылган менен Бурма илгери үмүт менен ага комуз жасатып беришти. Бала ырга да, комузга да көңүл токтотуп, эки өнөрдү бирдей өздөштүрдү. Ошентип Токтогул он бир-он эки жашында өзүнчө ыр чыгарып, анысын комуздун коштоосунда аткарып калган эле.
өткөн замандарда өмүр сүрүшкөн акындардын мыктылыгы, акындык жөндөм шыгы, күчү айтыштарда бааланып, кимиси жеңип чыкса ошонун аты алыска угулчу. Токтогулдун атагы 1882-жылы чоң манап Дыйканбайдын ырчысы Арзымат менен айтышып, аны жеңгенден кийин элге дайын болду. Эми Токтогул мындай айтыштарда кадимкидей эркин чабыттап, жөндөмүн улап кеңейтип, көкөлөтө көрсөтүп отурду.Кыргыз жергесинин төрт тарабын кыдырып, кыйла жер басып, кыйла элди аралады. Бардык жерлерде жергиликтүү бай-манаптар менен падышанын койгон төбөлдөрү биригип алып, элди ырайымсыз эзип жатканын көрдү, карапайым эл жакыр турмушка кептелип, адам чыдагыс абалга жеткенин сезип, акындык жүрөгү канады. Турмуштун ошондогу заң-мыйзамы ушул экен, муну бир киши өзгөртө албайт эле, ага көнбөскө чара болбоду. ошон үчүн акын элдин мүдөөсүн кандырып ырдап, эзүүчүлөрдүн айыбын ашкереледи. Акынды Керимбай, Бактыяр баш болгон бий-болуштар жалган жалаа менен карматып, 1898-жылы Анжиян көтөрүлүшүнө жетекчилик кылгандардын бири катары аскердик сот алгач өлүм жазасына, кийин ал жети жылдык каторга менен алмаштырылып, Токтогулду Сибирге айдап жиберишет.
Токтогул Сибирде жүрүп аң-сезимин дагы кеңейтти. Ал жердеги саясий туткундар менен эртели-кеч баарлашып, алардын да ак жерден келгенин билди.Абактан качып кетүүнүн, эли менен бирге болуунун амалын издеди. Акыры туткун жолдошторунун жардамы менен качып чыгат.