СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарыхты окутуунун интерактивдүү методдору

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сабактын темасы: Чыр чатак.

Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк

Өнүктүрүүчүлүк

Тарбия берүүчүлүк

Окуучулар коомдук

турмушта пайда болгон чыр-чатактар жана анын түрлөрү жөнүндө маалымат алышат.

Мисалдар аркылуу чыр- чатактын келип чыгуу себептерин жана жыйынтыгын аныкташат. Ой жүгүртүүлөрүн, сөз байлыктарын өнүктүрүшөт.

Чыр-чатактын себептерин аныктоо аркылуу жакшы менен жаманды айырмалашат, топтор менен иштөөдө биримдикке, ынтымактуулукка, сабырдуулукка тарбияланышат.

Көрсөткүчтөр:

Жооп берүүдө далилдүү сүйлөп, айткан маалыматтарын турмуш менен байланыштыра алса;

Өз билимдерин көрсөтүүдө мисалдарды туура так бере алышса;

Топтор менен иштөөдө бири-биринин пикирин урматтаса, өз ойлорун даана ачып бере алышса, коюлган маселелерди чечүүнүн жолдорун табышса сабак максатына жетет.

Сабактын тиби:Стандарттык эмес интеграцияланган

сабак.

Сабактын усулу: Инновациялык усул.

Сабактын формасы: Топтордо иштөө.

Сабактар аралык байланыш: Тарых, адабият, адеп, музыка.

Сабактагы жаны түшүнүк: Конфликт.

Сабактын узактыгы: 45 минута.

  • Уюштуруу -5 минута
  • Жаны тема -10 минута
  • Топтор менен иштөө- 10 минута
  • Бышыктоо -10 минута
  • Үй тапшырмасын суроо-5 минута
  • Баалоо -1минута
  • Үйгө тапшырма берүү- 1 минута
  • Жыйынтыктоо -3 минута

Уюштуруу : Мугалим саламдашып, окуучуларга өздөрүнө жаккан түстөгү фигураларды алып, окшош түстү тандагандар бир топ болуп отурушат. тандаган фигураларында тамгалар бар алрды кураштырып чыгышат.

  • Адеп
  • Ыйман
  • Маданият деген сөздөр токулуп, окуучулар үч топко бөлүнүшүп отурушат.

Класста жагымдуу маанай түзүп алуу үчүн окуучулар бири- бирине каалоо тилек айтышат.

Мугалим сабакты тарых барактарына кайрылуу менен баштайт.

Акыл чабуулу :

  1. Кандай учурда чыр- чатактар чыгат ?
  2. Чыр- чатак деп эмнени айтабыз ?
  3. Чыр чатаксыз жашоо мүмкүнбү?

Жаңы теманын мазмууну :

Чыр- чатак (латын тилинин conflictus – кагылышуу) өз ара аракеттенген субъектердин абдан катаал формада билдирилген ар түрдүү багыттарынын, кызыкчылыктарынын, позицияларынын көз караштарынын же ойлорунун кагылышуусу.

Чыр – чатактын түрлөрү :

  1. Эки инсандын ортосундагы чыр –чатак.
  2. Инсандардын жан дүйнөсү менен болгон чыр- чатак.
  3. Инсан жана топтор арасындагы чыр- чатак.
  4. Топтор арасындагы чыр- чатак.

Биринчи топ жогорудагы чыр- чатактын түрлөрүнөн мисал катары көрүнүш көрсөтүшөт. Калган топтор талкуулашат.

Бышыктоо: Слайд көрсөтүлүп, окуучулар суроо жооп иретинде теманы бышыкташат.

Үй тапшырма суроо: Социалдык теңсиздик түшүнүктөрүн

Баалоо: Билимине, жөндөмүнө, тапкычтыгына, топтогон буюмдарынын санына карап баалоо.

Үйгө тапшырма : “Мен чыр- чатактан кантип чыгам?” - деген темада эссе жазуу.

01.02.2020 16:24