СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мугалимдин портрети

Нажмите, чтобы узнать подробности

№ 66 “Ден-соолуктун жана өнүгүүнүн мектеби” гимназия-окуу тарбия комплекси

Матматика мугалими Укеева Жаркын Сабырбековна

Мугалимдин жашоодогу портрети

Бир күнү жумуштан келип, балдардын курсагын тойгузуп коюп, адаттагыдай түйшүктүү жумушумдун эртеңки камын көрүү менен дептер текшерип, күнүмдүк сабагыма даярданып отурсам, кызым жаныма келип мени ойлуу карап мага мындай деди:

- “Апа, мен келечекте мугалим болгум келчү, бирок азыр мен мугалим болгум келбей калды”-деп мени ойлуу карады.

Мен таң калдым, себеби бул убакка чейин кызым менен сырдашып үйдө болгонумда, кызым мага келечекте мендей болуп мугалимдик кесипти тандап, балдарга билим берип, аларды окутууну жакшы көрөрүн айткан эле. Кызымдын мен мугалим болбойм деп жыйынтык чыгарганына эмне дээримди билбей, мен кызыма суроо узаттым:

-Эмнеге.? Кызым бул кесипти тандагың келбей калды, себебин билсем болобу?,- деген соболума кызымдан төмөндөгүдөй жооп уктум.

-“Мен ойлочумун, апа, мугалимдер мектептен сабак берип коюп эле андан кийин бош убактысын үй-бүлөсүнө же болбосо эс алуу менен өткөрөт деп. Көрсө андай эмес экенин сизди карап түшүндүм. Сиз үйгө келип да түн ортосуна чейин иштеп жатасыз, эс алуу күндөрүңүз да кечке сабак даярдоо менен өтөт.Дайыма чарчаңкы маанайда келесиз, ошол эле учурда чарчап турсаңыз да биздин курсагыбызды тойгузуп, ал-акыбалыбызды сурап, бизди уктатып коюп, шамдын жарыгында отуруп алып, дептер текшерип, кагаз жазып, түйшүктүү ойлоруңуз менен отурганыңызды көрүп мен да бул кесиптин оор экенин сезип, бул оюмдан баш тарттым. Ошондуктан мен башка эле кесиптин ээси болом”-деген сөздөрү кызымдын бала болсо дагы жүрөгүндөгү ойлору мени ойлонтту, жумуш деп жүрүп мен эле эмес, бардык эл агартуу тармагында эмгектенген аялзаты өзүнүн баласына эмес өзгөнүн баласы үчүн көбүрөөк убакыт бөлүп, аларга басымдуу убакытты жумшай турганы анык. Бул кесипти мен өз жүрөгүм менен тандагам, алган маянабызга канаат болуп, өлкөнүн келечеги үчүн элдин уул-кыздарын тарбиялоо менин башкы максатым.

Ар бир кесип ардактуу демекчи, мугалимдик кесип менин жашоомдун маңызы. Ушул кесиптин аркасы менен мен көп нерсени үйрөндүм, көп нерсеге тарбияландым, дагы да болсо тажрыйба топтоп келем. Эң негизгиси тарбияланып жаткан окуучуларымдын келечегине кичине болсо да өз салымымды кошсом дейм.

Кесип демекчи, бир кесиптин ээси болуу өтө чоң бакыт. Мейли мугалим болобу, доктур болобу, банкир же болбосо юрист болобу, эң негизгиси ал кесипти жан дилиң менен сүйсөң, эч кандай кыйынчылык сага билинбейт. Албетте ар бир кесиптин өзүнүн түйшүгү, кыйынчылыгы бар. Ошого карабастан ишиңе так, адамдык сапаттарың бийик, жөнөкөй, кичи пейил, боорукер, жоопкерчиликтүү мамиле менен өз кесибиңди жан дилиң менен сүйүп, берилгендик менен иштесең, сөзсүз түрдө ар бир иште ийгилик болуп, койгон максаттарың ишке ашат.

“Адам дарак сыяктуу бутактайт” деген улуу ойчулдардын жакшы сөз бар эмеспи, менин дагы негизги бул кесиптеги миссиям келечектин бутагы болгон уул-кыздарды дарак кылып өстүрүп, бүчүрүн байлатып, аны гүлдөтүп, мөмөсүн бышырып, чырпыктан чынар өстүрүп өлкөбүзгө мыкты бышып жетилген, инсандык сапаттарга ээ болгон жаш өспүрүмдөрдү уядан учуруу!

Ал эми кызыма болсо,келечекте өзүнүн суйүктүү кесибин тандоого багыт берүүгө максат кылып алдым.Мугалимдин өзүнүн балдары да,өз мекенинин атуулу.Кызым да саябан дарактын –бир бутагы.

29.03.2021 20:33