СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Мен апамды үлгү тутам.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Мен үлгү туткан адам.

Мен үлгү туткан адам периште десем жаңылышпасам керек. Ал адамды мен ыңаалап жарыкдүйнөгө келгенде көрбөсөм дагы, анын жанымда экенин жүрөгүм менен, жан дүйнөм менен, билип турганмын. Ал адам-мени жарык дүйнөгө алып келип, чоңойтуп, мени ушул даражага жеткирип, менин калыптанышыма, адам болушума чоң себепкер болгон алтынга теңегис апакем.

Урматтуу окурман сиз таңданып турсаңыз керек, ал эмнеге апасын үлгү тутат деп? Анын кандай эмгектери бар? Анда урматтуу окурман, мен ушул жөнүндө сизге айтып берейин.Анда сөз башынан болсун.

Менин апакем жыйырма жылдан бери балдар бөлүмүндө врач-педиатр болуп эмгектенет. балдар бөлүмүндө иштеген соң,, албетте,балдарга жумшак кайрылып, сүйүү менен мамиле кылуу керек. апамдын ооруп калган балдарга кылган мамилесин көрүп, ичимден абдан кызганчумун. Апам эртеден кечке бизди багуу үчүн жумушта болор эле. Ушул балдарым ачка калбаса экен, ушул балдарым үшүп калбаса экен, элден кем калышпай, келечекте мага күйө турган, картайганда таянаар тоом боло турган мээримдүү балдар болсо экен деп, ден соолугун, күчүн, өмүрүн, сүйүүсүн, мээримин бизге жана биздин айылдын элине арнады. апам айылдагы элге кайрылып, наристелерди дарылап, элдин сүйүктүү, ары кадырлуу адамына айланган. Апам ден соолукту биринчи орунга койгон адам. Ар дайым мага :"Кызым үшүп калбадыңбы? Бир жериң ооруган жокпу? "-деген сөздөрүн угуп, мага болгон чексиз сүйүүсүн, мээримин сезем.

Апам менин үлгү туткан адамым болушуна себепкер апамдын өзү сүйгөн, ары сүйүктүү, ары кызыктуу кесиби жана мага болгон чексиз сүйүүсү. Мен дагы келечекте эне болсом балдарыма апамдыкындай мээрим, сүйүү,камкордук бере аламбы?-деп абдан ойлоном, кабатырланам. мен дагы бир кесиптин ээси болуп, өз кесибимди сүйүп, ошол кесип аркылуу эл адамы болуп, элдин жүрөгүндө кала тургандай жөнөкөй адам боло аламбы? Бул ойлор мени тугөнбөс, чексиз ойлорго салганы салган.

Бирок, таңданам мээримди, сүйүүнү, эпчилдикти, бакытты кудайым апама ченебей эле берип салгандай. Апаке менин сизге окшогон адам болушум мүмкүн, бирок сиздей боло албайм. Сиздин кесибиңизди жаныңыздай сүйгөнүңүз, элге кылган кызматыңыз, эмгегиңиз, мага болгон сүйүүңүз мени суктандырып, алдыга кадам ташташыма чоң жардам болот.

Апа, кээде сиздин ак баскан чачтарыңызды көрүп түйшөлөм.

Чачтарыңыз дагы сиздин эмгегиңизди, түйшүгүңүздү сезип тургандай. Бул ак чачтар эмгектин, сүйүүнүн,камкордуктун, сабырдуулуктун белгиси, апа.

Кээ бир адамдар айылдагы, шаардагы же көчөсүндөгү бир белгилүү адамды үлү тутса, мен үчүн апамдан артык, апамдан кыйын, апамдан үлгүлүү адам бул жарык дүйнөдө жок. Апамды мен алтынга да теңебейм, себеби ал да теңдеше албайт. Күн нурунун шооласындай чачырап, жанына келсең бейиш жыттанган, эмгекчил мен үчүн үлгүлүү да, сүйүктүү да адам. Келечекте апамдай үйдө мыкты кожойке, мээримдүү даарыгер, сүйүктүү апаке, элдин кадырлуу адамы болгум келет. Менин апамды бүт аалам үлгү тутса дагы болот, себеби ал бардык жакшы нерселерге татыктуу. Сыртымдан үн чыгарып:"Апа, мен сизди үлгү тутам!"деп айтсам дагы, менин жүрөгүмдөгү, сезимимдеги, жан дүйнөмдөгү үлгүлүү адам түбөлүккө сиз болосуз. Мен сизди үлгүтутам! Мен сиздижашоомдогу эң сүйүктүү, жанымды берүүгө татыктуу адам катары үлгү тутам!.Мен сизди үлгү тутам.

Сен жөнүндө баштаарымда ыр ырдап,

Сөздөр жайнап, чегирткедей чырылдап,

Сөздөр чууруп, кумурскадай капташып,

Жылдыз сымал бийиктерден жымыңдап.

сен жөнүдө баштаарымда ырымды,

Телегейим келе калды төп болуп.

Жалкы нерсем санат жеткис төп болуп,

Столумдан сөздөр өсөт чөп болуп.

Калемине тийгизээрде колумду,

Гүлдөр көзөп, тактайланган полумду.

Чачыратып алтындаган карегин-

Шүүдүрүмдөр жарык кылат жолумду.

Даярданып узак жолго басууга,

Беленденип терен кенди казууга.

Издейм сөздүн керектүүсүн, асылын,

Тиштеп көрүп, сала коюп азууга.

Саргаямын, салам бардык дилимдм,

Салым кошоор деп үйрөнөм билимди.

Кымындай да кынтыктуу сөз кирбесин,

Жыттап көрөм, тийгиземин тилимди.

Жарты бөлбөй, жараш керек баарыга,

балтыр бешик балага да, карыга.

Көз ооруга сыйпаганга жарасын,

Ашык тамчы кошулбасын дарыга.

Бир жал чөптөн, бир ийнени тапкандай,

Сокур зергер алтын шакек тапкандай.

Шүүдүрүмдүн тамчыларын чогултуп,

Мөлтүр жашка булак кылсам, аккандай.

Кай бир сапка казык сымал байланып,

Мүмкүндүк жок эс алууга жайланып.

Эртели-кеч төрт аяктуу столду,

Эмчек берчү эне сымал айланып.

Көз алдыман бүт турпатың чубалып,

Ырдайм сени.Обонумду чыгарып.

Ойдогусу орундалган немедей,

Ойкуп-кайкып, учат сөздөр чубалып.

Уйкаштыктар бир-бирине уланып,

Адам эмес сөздөр дагы кубанып,

Мелдешкендей жетип келет жарышып,

мени кошкун, мени жаз! деп суранып.

Тарс айрылып, таң каламын азырга.

Сен жылмайсаң дүйнө толуп алыска,

Каректерди ишенимдер уялап,

Кара мышык өңүн бурчу жашылга.

Сен тиктесең, көрөм далай кызыкты,

Мөңгү чачат катмарынан ыскты,

кара чаар жылан уусун жоготуп,

Жлборстор элестетти мышыкты.

30.03.2020 14:22