СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
’’Математика” сабагын өздөштүpүүнүн негизги максаттары: маалыматтарды топтоонун жана иштеп чыгуунун математикалык усулдары боюнча билимдерди калыптандыруу;
•турмуштук жана кесиптик маселелерди изилдөөлөрдүн теориялык жана эксперименталдык жыйынтыктарын талдоодо математикалык аппараттарды колдоно билүүгө машыктыруу;
•өзгөчө математикалык ыкмалар менен универсалдык жана кесиптик компетенцияларды өнүктүрүүгө багытталган маалыматтарды жеткиликтүү үйрөтүүчү билимдердин, көнүгүүлөрдүн, адаттардын системасын калыптандыруу;
• студенттерди аалам чөйрөсүн жана кесиптик маалыматтарды символ - моделдер (математикалык тил) аркылуу таанып үйрөнүүгө машыктырган математикалык каражаттар менен коомдун жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланып, алган билимдерин жашоодо жана өз кесиптеринде эффективдүү пайдалана билүүгө үйрөтүү.
Студенттерде логикалык жана алгоритмикалык аӊ-сезимдерди өнүктүрүү, студенттерде өз алдынча математикалык анализ жүргүзүүсүн өткөрүү жана дагын студенттерди математиканын элементтери менен тааныштыруу болуп эсептелет. Алар: теӊдемелер, барабарсыздыктар, функциялар, туунду, интеграл жана анын колдонулушу. мейкиндиктеги геометриянын элементтери менен тааныштыруу болуп эсептелет. Стреометриянын негизги түшүнүктөрү. Көп грандыктар. Айлануу телолору. Телонун көлөмү жөнүндө түшүнүк.
Математиканын негизги мазмуну: Тригонометриялык функциялар. Логарифма, туунду жана баштапкы функция. Интегралдар жөнүндө түшүнүк. Мейкиндиктеги түз сызыктар жана мейкиндиктер. Көп грандыктар жөнүдө түшүнүк. Айлануу телолору жана телонун көлөмү жөнүндө түшүнүк.
Билишет жана түшүнүшөт: математикалык, табыгий, гуманитардык, экономикалык илимдердин базалык билимдерин колдоно билет.
Кесиптик жана турмуштук маселелерди чечүүдө математикалык усулдарды (тилди жана моделдерди) колдоно алат.
Окутуунун натыйжалары.
Студенттерден күтүлгөн жыйынтыктар: Студенттер арифметикалык амалдарды жана белгилүү формулалардын, эрежелердин негизинде теӊдемелерди, барабарсыздыктарды, геометриянын элементтерин пайдаланып маселелерди чыгаруу боюнча билимдерге ээ болуп, аларды кесиптик ишмердүүлүгүнде колдонуу ыкмаларын билет.