СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Кол
Бул окуяны окуп алып ыйладым. Орто кылымда Ньюрнберг шаарына жакын жерде он сегиз балалуу зергер жашаптыр. Он сегиз баласын багуу үчүн күнүнө 18сааттан иштеп, тапканы өп-чап жетет. Эс тартып калган эки уулу Альберт менен Альбрехт Нюрнберг академиясынан билим алсак дешет. Бирок аларды окутууга атасынын чама-чаркы жетпейт. Эки бала өздөрүнчө мелдешип, мелдешти утканы Академияга бармай болот. Ал эми утулганы анын окуусу үчүн шахтыда иштеп, каржысын төлөгөнгө макулдашышат. Мелдешти багы жанып Альбрехт утат. Академияга окууга кетет. Альберт шахтыда төрт жыл бою иштеп бир тууганынын окуусун төлөйт. Альбрехт жаш таланттардан бөлүнүп чыга келет. Сүрөтчүлүктүн кайсы тармагы болбосун астына киши салбайт. Ошентип, окуусун бүтүп келет. Анын урматына дасторкон жайылып бүлөсү чогулуп, күтүнүшөт. Альбрехт сөз алып өз ийгилигинин чоң себепчиси Альбертке ыраазычылык билдирип, "Эми сенин кезегиң, барып оку, эми мен сени камсыз кылайын" дейт. Альберт жооп айтпай эле "жок, жок, жок" деп ыйлай берет. Аягында өзүн карманып "Мен эми сүрөтчү боло албаймын. Ар манжамдын ар бир мууну жок дегенде эки жолудан сынган. Бул төрт жылдык шахтыдагы жумуш мени максаттарыман жана биротоло кол жуудурду. Артриттен манжаларым ийкемге келбейт. Пергаментке кооз сүрөт тургай түз сызыкты жөндүү чие албай калдым" дейт. Альбрехт Дюрердин чыгармалары кылымдар бою дүйнө кезди. Бирок, ошолордун ичинен эң таасирдүүсү түйшүктөн муундары кыйшайган, мунун ийгилигине курмандык чалынган бир тууганынын колдорун чагылдырган "Кол" деген чыгармасы.
© 2019, маширап кызы патма машираповна 372