СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Балдар, карылар – эң ыйык адамдар. Биринчиден алар бизди өстүргөн ата-энелерибизди жарык дүйнөгө алып келип, бапестеп багып өстүрүшкөн, биздин ата-энелерибиз азыркы кезде бизди багып, окутуп өстүрүп жатышат. Өз ата-энесин карыганда ага кам көрүп, ден-соолугунун чыңдыгын текшерип, тамак-ашын бапестеп берип, кийим-кечегинен кем кылбай багуу, алардын кеп-кеңешин угуу ар бирибиздин милдетибиз. Бул адам баласынын жашоосунда муундан муунга өтө турган кубулуш.
Күмүш сакалдуу аталар, ак жоолук салынган мээримдүү чоң энелер төрүбүздүн көркү эмеспи. Карылар – үйдүн куту деп да бекеринен айтылбаса керек. Себеби, карысы бар үйдүн ырысы бар, алар өздөрүнүн кеп-кеңешин айтып дайыма уул-кыздарына, неберелерине жакшы жашоого, түз жүрүүгө багыт берип, тарбиялап турат. Бул болсо жаштардын турмушта өз ордун табууга чоң жардам болот. Элибизде кеп бар эмеспи: «Көптү көргөн көп билет» деген, алар өздөрүнүн турмуш жолунда баштарынан көп кыйынчылыктар, жетишкендиктер, ийгиликтер, окуяларды өткөргөн. Ошонун негизинде көп тажрыйба топтоп алышкан. Ошондуктан карыялардын кеңештери бизге абдан жардам берет. Атам замандан бери эле биздин кыргыз эли улуу адамдарга сый урмат көрсөтүшүп, аларга таазим кылып, алдынан кыя өтпөстөн баш ийип салам айтып келишкен. Ак дасторконду жайып, даамдуу тамак-аштар менен ысык чай узатуу өзүнчө эле сыймык эмеспи. Биз аларды урматтап, сыйлашыбыз керек. Алар биздин туугандырбыз! Аларды сактагыла!