СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Карга акенин баталары

Нажмите, чтобы узнать подробности

Баталары. Карга аке ооруп жатканда кабар алганы барган Сарт акеге жана ал аркылуу бүт элге мындай бата берген экен: "Силерди суу атасы Сулайман колдосун, аалам атасы Көкө-Теңир колдосун, ашуусу бийик тоо атасы Дабан колдосун, мал атасы Кайберен колдосун; Күтүүсүз бүлүк салган көчкүдөн сактасын, жалындап күйгөн өрттөн сактасын. Капыстан келген жоодон сактасын, агымы катуу селден сактасын. Күбүр сөздөн, каардуу кандын касабасынан сактасын. Кор азаптан, жол азабынан сактасын; Айтканыңар элге эм болсун, зоболоңор кандар менен тең болсун; Эл арасы бейкут болсун. Оозуңарга алганыңар чындык болсун, дитиңерге келген оюңар ишке ашсын; Элди бузганды жер көчкү бассын. Жайытыңар жайлуу болсун, өрүшүңөрдү мал бассын; Бала-чакаңар жөндүү болсун, кыз-кыркыныңар эптүү, көрктүү болсун. Үйүңөрдөн ырыскы-даам өксүбөсүн, кап-куржунуңар бөксөрбөсүн. Үйүңөр жыртык болбосун, үзүк-туурдугуңардын өңү өчпөсүн, очогуңардын оту өчпөсүн. Тасмалыңардан аш кетпесин. Элиңерге даанышманыңар баш болсун.".

Же дагы бир батасы: "Жолдо жооң болбосун, башта дооң болбосун. Уулуң угумдуу, айтканың жугумдуу болсун. Түндүгүң түшпөсүн, тууганың түтпөсүн. Ырыскың бүтпөсүн, керегең бек болсун, кебиң эп болсун. Уулга кубат берсин, келинге уят берсин. Барк-баалуу баш берсин, бак-дөөлөттүү жаш берсин. Ирегең майлуу болсун, ишиң жайлуу болсун. Өлүп көбөйгөн мал берсин, ооруп айыккан жан берсин. Малыңа мал кошулсун, жаныңа жан кошулсун. Тузуңду ак санаган татсын, кара санаган пейилинен тапсын" ж.б.

https://sputnik.kg/culture/20210515/1052458375/karga-ake-tuuraluu-14-fakty.html

17.05.2021 07:32