СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Иш кагаздар

Нажмите, чтобы узнать подробности

Коомдо, эл чарбасынын тармактарында колдонулган иш кагаздары сан жагынан өтө көп. Кайсы бир өндүрүш тармагында өзүнө ылайык иш кагаздар пайдаланылса, алардын бир тобу башка өндүрүш тармактарында дээрлик керектелбейт. Мисалы, айыл чарбасындагы табелдин бланкы эл агартуу тармагына жараксыз болушу мүмкүн. Иш кагаздарынын ар бир түрү өзүнчө өзүнчө формага ээ. Анын жазылышында же толтурулушунда ошол форма толук сакталууга тийиш. Ал эми тил жагынан да бир иш кагазы экинчисинен кескин айырмаланат. Түрдүү формаларга, техникалык, аткаруучулук өзгөчөлүктөргө, өзүнчө тилдик бөтөнчөлүктөргө ээ болгон иш кагаздары кайсы бир белгилери боюнча атайын топторго бөлүштүрүлөт. Иш кагаз таануу (документоведение) илиминде алар биринчи иретте өздөрү орду боюнча ички жана тышкы иш кагаздар болуп айырмаланат. Ички иш кагаздар белгилүү бир уюмдун ичинде, анын мүчөлөрүнүн ортосунда же жеке адамдар менен уюмдун ортосунда гана пайдаланылат. Мындай иш кагаздарга арыз, түшүнүк кат, тил кат, буйрук жана башкаларды көрсөтүүгө болот. Тышкы иш кагаздар уюмдардын ортосундагы же алар менен жеке адамдардын ортосундагы түрдүү мамилелерди тейлейт. Мындай иш кагаздарга ишеним кат, ишсапары күбөлүгү, кызмат каттары жана башка иш кагаздары кирет. Жөнөкөй иш кагаздар текстте зарыл болгон бир гана маселени камтыйт. Мисалы, көлөмү канча экендигине карабай, ар кандай өмүр баян бир гана маселени - бир адамдын турмуштагы басып өткөн жолун баяндайт.

14.04.2020 21:02