СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Саламатсыздарбы урматтуу кесиптештер, ата-энелер жана окуучулар!
Быйыл биз дүйнөдө жана республикабызда болуп жаткан акыркы кырдаалдарга байланыштуу 4- чейректи аралыктан окутуу менен баштадык. Окутуунун биринчи эле күнү чоң көйгөйлөр жаралды. Ар бир баланын персоналдык компьтери жок, ата-энелердин балдарын интернет менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү жок, ал эми бардык эле мугалимдердин жаңы технологияларды кабыл алып, анын үстүнөн иштеп кетүү үчүн тиешелүү даярдыктары жок болуп чыкты. Ошентсе да республика боюнча баррдык мугалимдер ар түрдүү платформаларда онлайн сабактарын башташты. Мугалимдер үчүн чоң түйшүк- алардын бир канча жылдан бери топтогон сабактарынын иштелмелери жарактан чыкты. Эми анын баарын компьютерлештирүү зарылдыгы келип чыкты. Ал эми тарбия, билим мектептен деп болгон жүктү мектепке таңуулап коюп отурган ата-энелер бир бала болсо мейли, экиден-үчтөн балдары барлар күнүгө 5-6 саат балдары менен даярданышып, шайлары ооду окшойт. Балдарыбыз да 2-3 күндүн ичинде мектептин, мугалимдеринин баркын билишип, мугалимдерге болгон ыраазычылыгын ар кандай формада интернет булактарынан билдирип жатышат. Соңку жылдары мугалимдин баркы абдан төмөн түшүп, сый кеткен эле. Эми баары өз ордуна келди. Бекеринен:"Мугалим - мөмөлүү дарак", - деп айтылбаса керек.
© 2020, Султанкулова Асель Бактыбековна 228