СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Аналогия бөлүмү окуучунун сөз байлыгын жана түшүнүктөрдүн ортосундагы логикалык байланышты талдай билүү, жуп сөздөрдү байланыштыра билүү жөндөмүн текшерет.
Аналогия - грек тилинен которгондо окшош, шайкеш дегенди билдирет.
Аналогия - бул бири-бири менен салыштырылган заттар же түшүнүктөр. Аналогиялар сөздөрдүн ортосундагы бир же бир нече белгилери боюнча окшоштуктарын же айырмачылыктарын көрсөтөт.
Аналогиялар түшүнүү женилдетүү үчүн колдонулат. Бизге тааныш эмес, жаны нерсени үйрөнүп жатып, аны мурун таанып-билген нерселерге салыштырып үйрөнөбүз. Бул жакшы түшүнүүнү, үйрөнүүнү шарттайт.
Тестте берилген ар аналогия беш сөздөн турат. Биринчи жуп сөз кара менен белгиленет. Бул үлгү жуп. Үлгү жуптагы сөздөр өз ара белгилүү бир байланыш түрүндө болот. Үлгү жуптан кийин жооп варианттары (А,Б,В,Г) берилет. Окуучунун милдети үлгү жуптагы логикалык байланышты жооп варианттарынан табуу болуп эсептелет.
Мисалы:
Шашкалан:жанылуу
А) акылман:ойлонуу
Б) бошон : алсыздануу
В) жалкоолук: жакырдануу
Г) күчтүү: көтөрүү
Биринчи үлгү жуптагы сөздөрдүн ортосундагы байланышты карап көрөлү. Шашкалан бул сыпат, ал эми жанылуу бул кыймыл аракет. Шашкаландык жанылууга алып келет.Башкача айтканда, шашкаландык - себеп, жанылуу - анын натыйжасы. Эми варианттагы жуптарды талдайлы. Акылмандык ойлонуунун себеби болбойт. Бошондук алсыздануунун себеби болгондой эле күчтүүлүк дагы көтөрүүгө себеп эмес. Ал эми жалкоолук жакырданууга алып келиши мүмкүн. Демек, туура жооп - В варианты
© 2020, Сатыбалдиева Канышай Хамитжановна 3732