СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Сулайман пайгамбардын хадистеринен
Колуңдан келип турганда, муктаж болгондордон жакшылыгыңды аяба.
Уруш-талаш текебердиктен чыгат, ал эми кеңешкендер акыл табат.
Адамдын жүрөгүндөгү ойлор – терең суу, акылдуу адам андан керектүүсүн сузуп алат.
Екклесиастин насаат китебинен
Ар нерсенин өз убагы болот, асман астындагы ар бир нерсенин өз убагы бар: төрөлө турган убак бар, өлө турган убак бар. Бак отургузар убак бар, отургузулганды тамырынан жулуп алчу убак бар. Өлтүрөр убак бар, айыктырар убак бар, бузар убак бар, курар убак бар. Ыйлай турган убак бар, күлөр убак бар, аза күтөр убак бар, бийлей турган убак бар. Ташты чачкан убак бар, ташты терген убак бар, кучакташар убак, кучакташуудан качкан убак бар. Издөөгө убакыт жана жоготууга убакыт; сактоо үчүн убакыт, жана ыргытуу үчүн убакыт; айрып-тыта турган убак бар, тигип-жамай турган убак бар. Унчукпай турган убак бар, сүйлөй турган убак бар. Сүйө турган убак бар, жек көрө турган убак бар, согуш убактысы жана тынчтык мезгили бар.
Бирден көрө экөө жакшы, бири жыгылса, экинчиси жөлөп тургузат.
Жыгылса жөлөп таяры жок адамдын шору.
Эки адам чогуу жатса экөөнө тең жылуу.
Чыйратылган жип оңойлук менен үзүлбөйт.
Акылдуу адамдын көзү мээсинде, ал эми акылсыз караңгыда жүрөт.
Ийри түз болбойт, жок нерсени санай албайсың.
Өлгөн арстанга караганда тирүү ит жакшы.
Акылсыздын ырын уккандан көрө, акылмандан жеме уккан жакшы.
Акылдуулар да, акылсыздар да түбөлүккө эсте калбайт.
Даанышмандардын сөзү ийнедей, кагылган мыктай.
Сирах уулу Исанын акылмандык тууралуу китебинен
Учкунду үйлөсөң тутанат, түкүрсөң өчөт: экөөнүн тең себеби оозуңан чыккан жел.
Жамандык кылбасаң, сага да жамандык келбейт; адилетсиздиктен кач, ошондо ал сенден алыстайт.
Акмакты үйрөткөн менен сыныктарды чаптаган бирдей.
Элге жетпеген акылмандык менен катылган байлыктын айырмасы жок.
Акылмандуулугун жашырган адамдан, акылсыздыгын жашырган акмак жакшы.
Өз келесоолугун билген келесоо акылдуу, ал эми өзүн акылдуу эсептеген келесоо, чындап акылсыз.
Колуң жараланбаса, колуңда уу алып жүрсөң болот – жарааты жок адамга уу зыян кылбайт.
Ким жамандык кылбаса, ал жамандыкка моюн сунбайт.
Адам жашоосунда өзүнө окшогон же андан жакшыраак адамды жолуктурбаса, анда жалгыздыкта калганы жакшы: келесоо менен достук болбойт.
Чатыры жыртык үйгө тамчы тамган сыяктуу, акылы өнүкпөгөн адам кумарга тез берилет.
Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ