СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Математика 7-кл Пиза 2024 январь

Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Окуучулардын билимин баалоо

Список вопросов теста

Вопрос 1

Экзотикалык гүл бакча Атасы менен уулу Азамат апасына белек кылууну ойлонуп, бакчага үч бурчтук формасында курчалган гүлзарды курууну чечишти. Алдын ала, алар тактайлардан гүлзардын конструкциясын курууну чечишти.

Оң жактагы текстти окугула. 1-тапшырма. Гүлзарды курчап чыгууга атасы менен уулу, ар биринин узундугу 5 метрден болгон 4 тактайды калдыксыз керектешти. Эгер гүлзардын формасы тең капталдуу үч бурчтук болсо, конструкция кандай өлчөмдө болот?

Бир нече туура жоопту тандагыла:

Варианты ответов
  • 12; 4; 4
  • 10; 5; 5
  • 6; 7; 7
  • 13; 3,5; 3,5
  • 8; 6; 6
Вопрос 2

2. Экзотикалык гүл бакча Азамат кийинки кадамында интернеттен өсүмдүктөрдүн ортосундагы оптималдуу аралыкты аныктоочу формуланы тапты. Гүлдөрдү жана бадалдарды кандай аралыкта отургузууну эсептөө үчүн төмөнкү формуланы колдонушат: (A + B) / 3 = C, мында А - бир өсүмдүктүн бийиктиги, B - экинчи өсүмдүктүн бийиктиги, C - бул өсүмдүктөрдүн ортосундагы оптималдуу аралык. Өсүмдүктөрдүн бийиктигин чоң үлгүлөрүнүн сыпаттамасынан алабыз.

Оң жактагы текстти окугула. 3-тапшырма. Азамат атасы менен гүл бакчага төмөнкү композицияны тандашкан: Гибриддик ирис-60см, Амарант - 75 см, Культуралык дельфиниум -100 см. Формуланы пайдаланып гүлдөрдү кандай аралыкта отургузууга болорун тапкыла

Варианты ответов
  • 45 см жана 58,3 см
  • 45см жана 58см
  • 15см
Вопрос 3

3. Баскетбол Баскетбол - профессионалдар арасында да, көчөдөгү оюн-зоокту сүйүүчүлөрдүн арасында да эң популярдуу спорт оюндарынын бири. Топту атайын жабдылган залда ойноого дайыма эле мүмкүнчүлүк боло бербейт, эгер каалоо болсо, үй шартында колдо болгон материалдардан эле топ ойноочу жабдыктарды жасап алууга болот.

Баскетбол шакегинин стандарттуу өлчөмү - диаметри 45 см болушу керек, ал эми калыңдыгы 1,6 см ден 2 см ге чейин болушу керек. Айлананын узундугунун формуласы: С= π2r, π = 3,14 r- радиус

Оң жактагы текстти окугула. 1-тапшырма. Шакек жасоо үчүн, кайсы металл таяк ылайыктуу болот? Бир туура жоопту тандагыла:

Варианты ответов
  • 145 см, калыңдыгы 2,2 см
  • 150 см, калыңдыгы 1,55 см
  • 1,45 м, калыңдыгы 1,9 см
  • 1,41 м, калыңдыгы 1,7 см
Вопрос 4

4. Баскетбол Баскетбол командасы 12ден 22ге чейин оюнчудан турушу мүмкүн. Бирок ар кандай мелдештерге катышуу үчүн 12 гана оюнчу катталат. Нурбектин агасы ойногон команда 9 адамдан турат. Оюнчулардын орточо жашы 15 жашты түзөт.

Тапшырма. Нурбекти жана анын курбусун команданын курамына кошушту, алар 12 жашка чыгышты, бул командага кошулган. Жаңы команданын оюнчуларынын орточо жашы өзгөрдүбү?

Варианты ответов
  • Ооба, өзгөрөт
  • Жок, өзгөрбөйт
  • мүмкүн
Вопрос 5

5. Түшүм жыйноо Самат 5 гектар аянтка кант кызылчасын сепкен. 1 гектардан 56 тонна кызылча алды. Жүк ташуучу машинага 7 тонна кызылча батат. Самат түшүмдү жыйнап алуу үчүн жумушчулардын бригадасын же кызылча жыйноочу комбайнды жалдоо керек. 4 адамдан турган бригада 1 күндө 2 машинага кызылча жүктөй алышат.

Самат 5 бригаданы жалдап алууну пландап жатат. Алар 3 күндө бүт түшүмдү жыйнап алууга үлгүрөбү?

Варианты ответов
  • Жетишет, аларга 3 күн керектелет
  • Жетишпейт, аларга 5 күн керектелет
  • Жетишпейт, 4 күн керек болот
  • Жетишет, анткени аларга 2,5 күн талап кылынат
Вопрос 6

6. Түшүм жыйноо 4 адамдан турган бригада 1 күндүн ичинде 14 тонна кызылча жүктөшөт. Кант кызылчасын кол менен жыйноо үчүн ар бир жумушчуга күнүнө 1000 сомдон акы төлөнөт. Кызылча жыйноочу комбайн менен жыйноо 1 га жерден 15 000 сомду түзөт. 1 гектардан 56 тонна кызылча чыгат. Талаанын аянты 5 га.

Түшүмдү жыйноонун кайсы ыкмасы Самат үчүн пайдалуу жана канчага?

Варианты ответов
  • Түшүмдү жумушчулар менен жыйноо
  • Түшүмдү комбайн менен жыйноо
  • Түшүм жыйналбайт
Вопрос 7

7. Түшүм жыйноо Самат 5 гектар аянтка кант кызылчасын сепкен. 1 гектардан 56 тонна кызылча алды. Самат жыйнаган түшүмүн кант заводуна тапшырып, 1 тонна кызылча үчүн 78 кг кумшекер алат.

Самат 400 кап шекер алам деп ойлогон (1 мүшөк канттын салмагы 50 кг ды түзөт). Анын эсептөөлөрү туура болдубу?

Варианты ответов
  • Ооба
  • Жок
Вопрос 8

8. Danek «Danek» фирмасы ар жума күнү “Досуңду алып келип 15% арзандатуу ал”, “Эки досуңуду алып келип 20% арзандатуу ал” акциясын өткөрүшөт

Айнура жума күнкү акциядан пайдаланып, 1350 сомдон 1500 сомго чейинки топтом сатып алууну чечти. Айнура жума күнү кургатылган жемиштердин топтомун алгысы келген дагы эки курбусун ээрчитип келип, кайсы топтомдорду сатып алса болот (арзандатууну эске алуу менен).

Варианты ответов
  • Жаңгактуу бейиш 2000сом
  • Жогорку сапаттагы кургак өрүк 1700
  • Падыша даамы 1800
Вопрос 9

Туз себилген кышкы жолдор Эрүүчү туздар: натрий хлориди, калий хлориди, кальций хлориди же магний хлориди салттуу түрдө кышында жолдорго чачуу үчүн колдонулат. Алардын ар бири өзүнчө эригичтикке ээ. Бөлмө температурасында 100 г сууда 34,4 г калий хлориди гана эрийт. Эгер сууга тузду көбүрөөк кошуп, аны канчалык аралаштырбайлы, туз сууда эрибейт, башкача айтканда, бул эритме каныккан абалда болот. Эгерде 34,4 г туздун ордуна азыраак туз эритилсе, анда эритме каныкпаган болот. Каныккан эритмени муздатканда ашыкча эриген зат пайда болот. Эгерде ал зат чөкпөсө, анда өтө каныккан эритме пайда болот. Бул процесстердин баары күнүмдүк турмушта жана өндүрүштө өто. Эмне үчүн жолдорду –30°Сде туз менен тазалоо зарылчылыгы жок? Көрсөтмө: бир туура жоопту тандагыла

А) Мындай температурада көчөгө же жолго чыккандар аз, туз кымбат турат.

Б) Бул температурада «туздалган» кар дагы эрибейт.

В) Мындай температурада туз пленка түзүп, жолду ого бетер тайгак кылат.

Г) Өтө төмөнкү температурада туз таманга жана дөңгөлөккө чейин

Варианты ответов
  • А
  • Б
  • В
Вопрос 10

Туз себилген кышкы жолдор Эрүүчү туздар: натрий хлориди, калий хлориди, кальций хлориди же магний хлориди салттуу түрдө кышында жолдорго чачуу үчүн колдонулат. Алардын ар бири өзүнчө эригичтикке ээ. Бөлмө температурасында 100 г сууда 34,4 г калий хлориди гана эрийт. Эгер сууга тузду көбүрөөк кошуп, аны канчалык аралаштырбайлы, туз сууда эрибейт, башкача айтканда, бул эритме каныккан абалда болот. Эгерде 34,4 г туздун ордуна азыраак туз эритилсе, анда эритме каныкпаган болот. Каныккан эритмени муздатканда ашыкча эриген зат пайда болот. Эгерде ал зат чөкпөсө, анда өтө каныккан эритме пайда болотм2. Эмне үчүн жолдорду –30°Сде туз менен тазалоо зарылчылыгы жок? Көрсөтмө: бир туура жоопту тандагыла

А) Мындай температурада көчөгө же жолго чыккандар аз, туз кымбат турат

. Б) Бул температурада «туздалган» кар дагы эрибейт.

В) Мындай температурада туз пленка түзүп, жолду ого бетер тайгак кылат.

Г) Өтө төмөнкү температурада туз таманга жана дөңгөлөккө чейин тоңуп, аларды бузат.

Варианты ответов
  • А
  • Б
  • В
  • Г
Сохранить у себя: