СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тили 2-курс

Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Сүйлөм мүчөлөру

Список вопросов теста

Вопрос 1

Кандай сөздөр сүйлөм мүчөсү боло алышат?

Варианты ответов
  • Лексикалык мааниге ээ болгон сөздөр
  • грамматикалык мааниге ээ сөздөр
  • бардык эле сөздөр
  • жөнөкөй жана татаал сөздөр
Вопрос 2

Сүйлөм мүчөлөрү жалпы жонунан кантип бөлүнөт?

Варианты ответов
  • жөнөкөй жана татаал
  • ээ жана баяндооч
  • баш жана айкындооч
  • жалаң жана жайылма
Вопрос 3

Сүйлөмдүн ээси кайсы жөндөмөдө турат?

Варианты ответов
  • илик
  • барыш
  • атооч
  • табыш
Вопрос 4

Сүйлөмдүн ээси кандай роль аткарат?

Варианты ответов
  • баяндоочко багынат
  • толуктоочко багынат
  • айкындооч мүчөлөрүнө багынат
  • сүйлөм мүчөлөрүнүн бардыгын өзүнө багындырат
Вопрос 5

Баяндоочтун милдетин көпчүлүк учурда кайсы сөз түркүмү аткарат?

Варианты ответов
  • тактооч
  • атооч
  • этиш
  • кызматчы сөздөр
Вопрос 6

Ээ менен баяндоочтун ортосуна кайсы учурда сызыкча коюлат?

Варианты ответов
  • баяндоочтун милдетин атооч жөндөмөсүндөгү сөз аткарса
  • экөө тең жөнөкөй сөз болсо
  • ээнин милдетин аткарган сөзгө жак мүчөлөрү уланса
  • ээнин милдетин аткарган сөзгө кызматчы сөздөр жалганса
Вопрос 7

Аныктоочту өзүнө багындырып турган сөз эмне деп аталат

Варианты ответов
  • аныктооч
  • аныкталгыч
  • баш мүчө
  • айкындооч мүчө
Вопрос 8

Аныктооч сүйлөмдө кандай сөздөрдү аныктайт

Варианты ответов
  • кыймыл-аракетти билдирген сөздөрдү
  • бардык сөздөрдү
  • заттык маанидеги сөздөрдү
  • зат атоочторду
Вопрос 9

Толуктооч баяндооч менен кандай жол аркылуу байланышат

Варианты ответов
  • жак мүчөлөрү аркылуу
  • жөндөмө мүчөлөрү аркылуу
  • көптүк -лар мүчөсү аркылуу
  • таандык жолу аркылуу
Вопрос 10

Бышыктооч сүйлөмдө кайсы сүйлөм мүчөсүн бышыктайт?

Варианты ответов
  • ээни
  • аныктоочту
  • толуктоочту
  • баяндоочту
Вопрос 11

Ачуу-душман, акыл-дос.

Бул сүйлөмдө сүйлөмдүн ээсин тапкыла.

Варианты ответов
  • ачуу, акыл;
  • душман, дос;
  • дос;
  • ээси жок.
Вопрос 12

Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет.

Сүйлөмдүн ээсин тапкыла.

Варианты ответов
  • көп
  • жашаган
  • көп жашаган, көптү көргөн
  • ээси жок
Вопрос 13

Уят- өлүмдөн катуу.

Баяндоочту тапкыла.

Варианты ответов
  • катуу
  • уят
  • өлүмдөн
  • баяндоочу жок
Вопрос 14

Ынтымак болбой иш оңолбос.

Баяндоочту тапкыла.

Варианты ответов
  • болбой
  • оңолбос
  • баяндоочу жок
  • иш оңолбос
Вопрос 15

Жайкы чөптүн жыты аңкып, кебездей жумшак кеч болуп турду.

Сүйлөмдүн аныктоочун тапкыла.

Варианты ответов
  • жайкы, жумшак;
  • чөптүн, кебездей;
  • жайкы чөптүн, кебездей жумшак;
  • жайкы, чөптүн, кебездей, жумшак.
Вопрос 16

Демейки жөтөл, кээ балдардын күлкүсү угулду.

Бул сүйлөмдөн аныкталгыч сөздү тапкыла.

Варианты ответов
  • демейки
  • балдардын
  • аныкталгыч жок
  • жөтөл, күлкүсу
Вопрос 17

Кеңешти акылдуулардан сура.

Толуктоочту тапкыла.

Варианты ответов
  • кеңешти
  • кенешти, акылдуулардан;
  • акылдуулардан
  • толуктоочу жок
Вопрос 18

Жигиттин түсүн айтпа, ишин айт.

Толуктооч кайсы жөндөмөдө турат?

Варианты ответов
  • илик
  • атооч
  • табыш
  • жатыш
Вопрос 19

Араба жайбаракат кылдырттап, аттар дүпүлдөтө жер муштап кетип барат.

Бышыктоочторду тапкыла.

Варианты ответов
  • жайбаракат, дүпүлдөтө жер муштап;
  • жайбаракат, дүпүлдөтө;
  • жер муштап
  • дүпүлдөтө
Вопрос 20

Султанмурат жүгүрүп жеткиче өчүп калат.

Бышыктоочту тапкыла.

Варианты ответов
  • жүгүрүп жеткиче
  • өчүп
  • жеткиче
  • Султанмурат жүгүрүп жеткиче
Сохранить у себя: