СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Химия тест 9 класс

Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
жыйынтыктоо учүн

Список вопросов теста

Вопрос 1

Металл атомдору бири-бири менен кайсы байланыш аркылуу байланышкан?

 

Варианты ответов
  • металлдык
  • иондук
  • коваленттүү уюлдуу
  • коваленттик уюлсуз
Вопрос 2

Кайсы металл суюлтулган күкүрт кислотасынан суутекти сүрүп чыгара албайт?

Варианты ответов
  • Mg
  • Al
  • Na
  • Hg
Вопрос 3

Туура жоопту тактагыла. Жогорку электр өткөрүмүүлүккө ээ, жылуулук өткөргүч, ийилчек, чоюлчак касиеттерге ээ болгон элементтер  ...

Варианты ответов
  • металл эместер
  • инерттүү газдар
  • металлдар
  • металлдар жана металл эместер
Вопрос 4

Берилген металлдардын (Na, Cu, Al, Fe, Ni, Hg, Sn, Ag) кайсылары кислоталар менен аракеттенишкенде суутекти сүрүп чыгара алат?

Варианты ответов
  • Na, Cu, Al, Fe
  • Cu, Ag, Hg
  • Na, Al, Fe, Ni, Sn
  • Na, Sn, Fe, Ni, Hg
Вопрос 5

Туура жоопту көрсөткүлө. Кайсы учурда элемент эң күчтүү металлдык касиетке ээ?

Варианты ответов
  • башка элементтен электронду тартып алганда
  • башка элементтерге электронду жеңил бергенде
  • электронду жеңил кошуп алганда
  • жалпы электронду пайда кылганда
Вопрос 6

Сүйлөмдү толуктагыла.     ....  кошулмаларда жалаң оң кычкылдануу даражасын көрсөтөт.

Варианты ответов
  • металл эместер
  • металлдар
  • металлдар менен металл эместер
  • кислоталар
Вопрос 7

Чоюнду өндүрүүдө кайсы меш колдонулат?

Варианты ответов
  • Мартен
  • Домна
  • Электромеш
  • Кычкылтек-конвертордук
Вопрос 8

Составында гидроксид (-OH) группасы бар бирикмелер органикалык бирикмелердин кайсы классына кирет?

Варианты ответов
  • альдегиддерге
  • жөнөкөй эфирлерге
  • спирттерге
  • татаал эфирлерге
Вопрос 9

Алкандарга гибриддешүүнүн кайсы түрү мүнөздүү?

Варианты ответов
  • sp
  • sp3
  • sp2
  • sp2d
Вопрос 10

Сүйлөмдү толуктагыла. Суутекти жана башка атомдорду кошуп алууга жөндөмсүз, молекуласында көмүртек атомдорунун ортосунда жөнөкөй байланышы бар бирикмелер ... деп аталат.

Варианты ответов
  • чектүү углеводороддор же алкандар
  • чексиз углеводороддор
  • негиздер
  • органикалык эмес бирикмелер
Вопрос 11

Молекуласында көмүртек - көмүртек атомдору бири- бири менен кош же үчтүк байланыш аркылуу бириккен органикалык бирикмелер углеводороддордун кайсы классына кирет?

Варианты ответов
  • чектүү углеводороддор
  • чексиз углеводороддор
  • минералдык заттар
  • спирттер
Вопрос 12

Сүйлөмдү толуктагыла. Бирдей молекулалардын өз ара биригип чоңураак молекулаларды пайда кылуу процессин   ...  деп айтабыз.

Варианты ответов
  • алмашуу реакциясы
  • этерификация реакциясы
  • полимерлешүү реакциясы
  • кошулуу реакциясы
Вопрос 13

Молекуласында үчтүк  байланышы бар чексиз углеводороддор кандай катардагы углеводороддор болушат?

Варианты ответов
  • алкандар
  • этилен катарындагы углеводороддор
  • диен углеводороддору
  • ацетилен катарындагы углеводороддор
Вопрос 14

Углеводороддордун кайсынысы "күмүш күзгү" реакциясына кирет?

Варианты ответов
  • сахароза
  • глюкоза
  • крахмал
  • целлюлоза
Вопрос 15

Амин кислоталарынын молекуласында кайсы функционалдык группалар бар?

Варианты ответов
  • - OH
  • - NH2, - OH
  • - NH2, - COOH
  • - OH, - COOH
Сохранить у себя: