СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кенже

Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
районооооог

Список вопросов теста

Вопрос 1

Мугалимдин кесиптик  иштериндегиукуктары

Варианты ответов
  • Мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык келген жана Өкмөт бекиткен окуу программаларын, окутуу формаларын жана усулдарын, окуу китептерин жана окуу куралдарын эркин тандап алууга;
  • илимдин, техниканын жана маданияттын эң соңку жетишкендиктеринин негизинде өз билимин өркүндөтүү;
  • новатордук усулдарды жана ыкмаларды түзүүгө жана пайдаланууга, илимий- ашырууга;
  • педагогикалык иште новатордук усулдарды жана ыкмаларды түзгөндүгү жана жайылткандыгы үчүн сыйланууга;
Вопрос 2

Мугалимдин милдеттери

Варианты ответов
  • жалпы адамзатка таандык моралдык принциптерге: ак ниеттүүлүккө, эмгекти сүйүүгө, гуманизмге, патриотизмге, чындыкка, адилеттикке жана башка жакшы касиеттерге урмат көрсөтүүнү бекемдөөгө;
  • өзүнүн педагогдук билимин жана устаттыгын тынымсыз өркүндөтүүгө;
  • мектепте диний, атеисттик үгүт иштерин жүргүзүүгө;
  • мектепте саясий топторду, партияларды уюштурууга;
Вопрос 3

Мугалимдин педагогтук ишиндеги принциптери

Варианты ответов
  • педагогикалык иште новатордук усулдарды жана ыкмаларды түзгөндүгү жана жайылткандыгы үчүн сыйланууга;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жекече педагогдук иш жүргүзүүгө;
  • категорияны жогорулатуу максатында мөөнөтүнөн мурда аттестацияланууга;
  • окуучуларды мекенди сүйүү, жогорку жарандуулук, эл достугунун духунда тарбиялоо;
Вопрос 4

Мектепке чейинки курак

Варианты ответов
  • ар бир баланын сезиминдеги көрөңгөнү, шык-жөндөмдү, табият берген зээнди ар тараптан өстүрүү үчүн шарттардын бирдейлиги;
  • балдарды тарбиялоонун, окутуунун, ден соолугун чыңдоонун, өстүрүүнүн жана аларды багуунун биримдиги;
  • мектепке чейинки жана башталгыч жалпы билим берүүнүн жолун жолдоочулугу жана үзгүлтүксүздүгү;
  • - баланын төрөлгөндөн 7 жашка чейин инсан катары дене-күч, психикалык жана социалдык жактан телчигүүсүнүн мезгили.
Вопрос 5

Мектепке чейинки топ

Варианты ответов
  • Билим берүү уюмдарынын алдында түзүлгөн мектепке чейинки курактагы балдардын тобу;
  • Мектепке чейинки билим берүүнү камсыз кылуунун милдеттүү минимумун белгилеген ченем;
  • Тарбиялануучулардын группасы;
Вопрос 6

Мамлекеттик стандарт томонкулорду аныктайт

Варианты ответов
  • Сапаттуу билим берүүнү жүзөгө ашыруу жана балдарды багуу үчүн талаптарды;
  • Мектепке чейинки билим берүү системасы иштеши үчүн педагогикалык, медициналык, материалдык ресурстарды;
  • Билим алууну улантуу үчүн баланын функциялык, жекече сапаттары жана кийинки циклдерде - үзгүлтүксүз билим алуу жана өмүр бою окуу;
  • Коомдун жарандары катары балдарды азыркы турмуштун шарттарына даярдоону.
Вопрос 7

Мамлекеттик стандарт томонкудой шарттарды сактоону талап кылат

Варианты ответов
  • Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, 6-7 жаштагы балдарды мектепке даярдоо класстарында жана башка түрдөгү билим берүү уюмдарында балдарга сапаттуу мектепке чейинки билим берүүгө жана аларды багууга бирдей жеткиликтүүлүк;
  • Мектепке кирүүдө балдардын бирдей баштапкы мүмкүнчүлүктөрү;
  • Окуу программаларын иштеп чыгууда, пландарды, окуу китептерин, усулдук-окуу куралдарын, атайын курстарды жана тренингдерди түзүүдө.
Вопрос 8

Каникул кезинде мектепке кабыл алынган мугалимдин эмгек акысы  кайсыл эсептоонун негизинде эсептелет

Варианты ответов
  • Жайкы каникул мезгилинде мугалимдик жумушка кабыл алынганда эмгек акысы жаңы окуу жылына чейин жумасына 20 сааттан көп эмес эсепте төлөнөт;
  • эмгек акысы төлөнбөйт,
  • иштеген ишине жараша;
  • 8 сааттык өлчөм менен;
Вопрос 9

Жаны алынган кызматкер  катары 11 айдан кийин кезектеги эмгек оргуусу пайдаланылган,анан бир нече ай иштегенден кийин, ага андан кийинки эмгек оргуусун  берууго болобу

Варианты ответов
  • эмгек өргүү 11 айдан кийин гана берилет;
  • Андан кийинки эмгек өргүүсү берилиши уюмдун иш берүүчүсү (жетекчиси) тарабынан бекитилген эмгек өргүүнүн катарына ылайык бериле берет;
  • ) болбойт;
Вопрос 10

Мектепке чейинки билим беруу уюумдарынын жетекчилери жана аларды багуу боюнча кызмат корсоткон адамдар томонкулорду билууго милдеттуу

Варианты ответов
  • Баланы мектепке чейинки билим берүү уюмуна тапшырууда - медициналык маалымкатты, эмдөө картасын (063/У жана 26/У формалары) берүү;
  • Гигиеналык шарттарды сактоону, сабактарды өтүүнү, топто күндөлүк режимди уюштурууну жана ишке ашырууну камсыз кылат;
  • Билим берүү уюмунун аймагындагы имарат-жайдын ичинде, ошондой эле тышында балдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бардык зарыл чараларды көрүүгө жана Санитардык эрежелерди жана ченемдерди жетекчиликке алууга;
  • Телефону жана зарыл кызматтардын (өрткө каршы бөлүк, шашылыш медициналык жардам, милиция, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү бөлүмү ж.б.) телефон номерлери жеткиликтүү жана көрүнүп турган жерде болууга. Ата-энелердин жана жакын туугандардын телефон номерлери ар бир топто болууга тийиш.
Вопрос 11

Мектепке чейинки билим беруу  уюмдары томонкудой санитардык-гигиеналык талаптарга ылайык келуусу тийиш

Варианты ответов
  • Балдардын тамак-ашы рационалдуу, коопсуз жана сапаты жакшы болууга жана куракка жана тамак-аш азыктарын керектөөнүн физиологиялык ченемдерине ылайык келүүгө тийиш;
  • Жылдын кыш-жаз мезгилинде (ноябрдан майга чейин) даяр тамак-ашты (3-тамак) поливитамин кошумчалары же "С" витамини менен милдеттүү витаминдөө жүргүзүлөт;
  • Мектепке чейинки билим берүү уюмунун жооптуу адамдары жана балдарга билим берүүгө жана аларды багууга лицензиясы бар жактар ата-энелерге балдардын болушунун коопсуздугуна кепилдик берүүгө тийиш.
Вопрос 12

Балдарга мектепке чейинки билим беруу жана аларды багуу боюнча мамлекеттик билим беруу стандарты  балдарга мектепке чейинки билим беруу беруу жана алардын багуу боюнча кызмат корсоткон педагогикалык кызматкерлерге томонкудой квалификациялык талаптар коет

Варианты ответов
  • Педагогикалык билимдин болушу;
  • Квалификацияны жогорулатуу боюнча курстан өтүү;
  • Педагогдорду окутууга укугу бар мамлекеттик же башка уюмдарда даярдоодон жана кайра даярдоодон өтүү;
  • Г) Соттуулугунун же медициналык каршы көрсөтүүлөрдүн жоктугу, бул жөнүндө тиешелүү документтер көрсөтүлүүгө тийиш, алардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында аныкталат.
Вопрос 13

Кайсы кызматкерлерге эмгек оргуусун жылдын каалагн мезгилинде алуу укугу берилген

Варианты ответов
  • Эки же андан көп 14 жашка чейинки же 18 жашка чейинки майып балдары бар кызмакерлерге , 14 жашка чейинки баласы бар жалгыз бой энелерге :
  • Ден-соолугунда мүмүкүнчүлүгү чектелген майып айымдарга;
  • Чернобыл алааматынан жапа чекендерге жана коштоп иштегендерге;
  • Билим берүү уюмдарында кечки же сырттан , жогорку окуу жайында , орто окуу жайларында окуган кызматкерлерге;
  • Иштөө тартибине гана карата эмгек өргүү берилет;
Вопрос 14

Мамлекеттик ,мунципиалдык  мектепке чейинки билим беруу уюмдарын каржылоо  кандай жургузулот

Варианты ответов
  • Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
  • Сметалык түзүмгө ылайык жүргүзүлөт.
  • Айыл Өкмөтүнүн бюджетине ылайык жүргүзүлөт.
Вопрос 15

Мугалим

Варианты ответов
  • Мектепте диний, атеисттик үгүт иштерин жүргүзөт;
  • Мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык келген жана Өкмөт бекиткен окуу программаларын, окутуу формаларын жана усулдарын, окуу китептерин жана окуу куралдарын эркин тандап алууга;
  • Жаңы автордук программаларды, окуу китептерин жана окуу куралдарын иштеп чыгууга катышууга;
Вопрос 16

Мугалимдин айрым ишинин турлоруно чектоолор

Мугалимге

Варианты ответов
  • Мектепте диний, атеисттик үгүт иштерин жүргүзүүгө;
  • Мектепте саясий топторду, партияларды уюштурууга;
  • Өзүнүн педагогдук билимин жана устаттыгын тынымсыз өркүндөтүүгө;
Вопрос 17

Мугалим укуктук тартибин бузгандыгы учун

Варианты ответов
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат;
  • Сот мыйзамына ылайык жоопкерчилик тартат;
  • Тергөө аныктайт;
Вопрос 18

Айыл жергесинде жашаган мугалимдер Кыргыз республикасынын мыйзамдарына ылайык 

Варианты ответов
  • Дыйкан жана фермер чарбаларынын мүчөлөрү менен бирдей эле жер үлүштөрүнө ээ болууга укуктуу;
  • Мугалимдерге турак үйдү кезексиз куруу жана дача участогун бөлүп берүү укугу берилет;
  • Кыймылсыз мүлккө жана башка мүлктөргө ээ болууга укуктуу;
Вопрос 19

Квалификациясынын жетишсиздигине жана окуу тарбия иштеринин принциптерине сыйбаган адепсиз аракетине байланыштуу мугалимди статусунан ажыратуу

Варианты ответов
  • ) Сот мыйзамы аркылуу;
  • Кыргыз Республикасынын билим берүү жана министрлиги аркылуу;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт;
Вопрос 20

Мектепке чейинки билим беруу уюуму

Варианты ответов
  • баланы аңдап билүү жана интеллектуалдык жактан өстүрүүнү;
  • баланын эмоциялык бакыбаттуулугун;
  • баланын текши өнүгүшүн камсыз кылуу үчүн үй-бүлө менен өз ара иштешүүнү;
  • 6 айдан 7 жашка чейинки балдар үчүн арналган, баланы багуу, аны окутуу, тарбиялоо, өстүрүү жана мектепке даярдоо үчүн мамлекеттин заказын, үй-бүлөнүн жана коомдун суроо- талаптарын жана муктаждыктарын канааттандыруу максатында түзүлүүчү уюм.
Вопрос 21

Мектепке чейинки билим беруу уюмдарынын  кызматкерлери

Варианты ответов
  • жетекчилер (директорлор), методисттер, тарбиячылар, бардык адистиктеги мугалимдер, психологдор, логопеддер, музыка жетекчилери.
  • баланы багуунун, окутуунун, тарбиялоонун, өстүрүүнүн жана кароонун анын ден соолугунун шарттарынын коопсуз болушуна;
  • анын ден соолугуна, моралдык жана руханий жактан өсүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматтан, пропагандадан жана үгүттөн корголууга;
  • мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмунда акысыз медициналык тейленүүгө;
Вопрос 22

Мектепке чейинки билим беруунун милдеттери

Варианты ответов
  • мектепке чейинки билим алууга ар бир баланын укугун камсыз кылуу;
  • туруктуу өнүгүү үчүн мектепке чейинки билим берүү системасы тарабынан кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгү жана жогорку сапаты;
  • балдарды тарбиялоонун, окутуунун, ден соолугун чыңдоонун, өстүрүүнүн жана аларды багуунун биримдиги;
  • мектепке чейинки жана башталгыч жалпы билим берүүнүн жолун жолдоочулугу жана үзгүлтүксүздүгү;
Вопрос 23

Инклюзивдик билим беруу

Варианты ответов
  • балдарды тарбиялоонун, окутуунун, ден соолугун чыңдоонун, өстүрүүнүн жана аларды багуунун биримдиги;
  • мектепке чейинки жана башталгыч жалпы билим берүүнүн жолун жолдоочулугу жана үзгүлтүксүздүгү;
  • балдардын аялуу катмарлары, анын ичинде аларды окутуу үчүн шарттарды түзүүнү эсепке алып, балдардын аялуу категориялары үчүн анын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуучу билим берүү.
  • ар бир баланын сезиминдеги көрөңгөнү, шык-жөндөмдү, табият берген зээнди ар тараптан өстүрүү үчүн шарттардын бирдейлиги;
Вопрос 24

Мектепке чейинки билим беруу уюмдарынын турлору 

Варианты ответов
  • 6 айдан 3 жашка чейинки балдар үчүн ясли, мында ушул курактагы балдарды багуу, окутуу, тарбиялоо жана өстүрүү камсыз кылынат;
  • 6 айдан 7 жашка чейинки балдардын ясли-бакчасы, мында ушул курактагы балдарды багуу, окутуу, тарбиялоо жана өстүрүү камсыз кылынат;
  • 3 жаштан 7 жашка чейинки балдардын бала бакчасы, мында ушул курактагы балдарды багуу, окутуу, тарбиялоо жана өстүрүү камсыз кылынат;
  • мектепке чейинки жана башталгыч жалпы билим берүүнүн жолун жолдоочулугу жана үзгүлтүксүздүгү;
Вопрос 25

Мектепте билим беруу

Варианты ответов
  • баланы аңдап билүү жана интеллектуалдык жактан өстүрүүнү;
  • баланын эмоциялык бакыбаттуулугун;
  • баланын текши өнүгүшүн камсыз кылуу үчүн үй-бүлө менен өз ара иштешүүнү;
  • Мектептик билим берүү билим берүү тутумунун негизги звеносу саналат жана 3 баскычты камтыйт:
Вопрос 26

Педагогтор томондогуго милдеттуу

Варианты ответов
  • Мектептик билим берүү билим берүү тутумунун негизги звеносу саналат жана 3 баскычты камтыйт:
  • педагогдук этиканын ченемдерин сактоого;
  • окуучулардын мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынан төмөн болбогон деңгээлде билим берүү программаларын өздөштүрүшүн камсыз кылууга;
  • окуп жаткандардын өз алдынчалуулугун, окууга чыгармачыл мамиле жасоосун өнүктүрүүгө, жүрүм-турумунда жогорку адеп-ахлактык ченемдерди калыптандырууга;
Вопрос 27

Кызматкердин демилгеси боюнча ( оз калоосу)  эмгек келишимин бузууу

Варианты ответов
  • Кызматкер аныкталбаган мөөнөткө түзүлгөн эмгек келишимин же мөөнөттүү эмгек келишимин бузууга ал тууралу иш берүүчүгө 2 жума эрте (14 календардык күн) жазуу жүзүндө арыз берүү менен;
  • уюм (юридикалык жак) жоюлган, иш берүүчү (жеке жак) ишин токтоткондо;
  • кызматкерлердин санынын же штатынын кыскарышы, анын ичинде уюмду өзгөртүп кайра түзүүгө байланыштуу;
  • кызматкер төмөнкүлөрдөн улам ээлеген кызматына же аткарган ишине дал келбеген:
Вопрос 28

Биринчи эмгек жылында жумушчуга канча эмгек оргуусу качан берилет

Варианты ответов
  • Иштей баштаган биринчи жылда өргүүнү пайдалануу укугу кызматкерде ошол уюмда үзгүлтүксүз иштегенине 12 ай толгондо
  • Иштей баштаган биринчи жылда өргүүнү пайдалануу укугу кызматкерде ошол уюмда үзгүлтүксүз иштегенине 6 ай толгондо
  • Иштей баштаган биринчи жылда өргүүнү пайдалануу укугу кызматкерде ошол уюмда үзгүлтүксүз иштегенине 11 ай толгондо
Вопрос 29

Кызматка кабыл алуу буйругу кандай моонотто тузулот

Варианты ответов
  • кызматкер иш жүзүндө иштебеген, бирок мыйзамдарга, башка ченемдик укуктук актыларга ылайык анын жумуш (кызмат оруну) орду, анын ичинде ар жылдык өргүү убактысы сакталган убактысы;
  • жумуштан мыйзамсыз бошотулган же четтетилген жана кийин мурдагы жумушуна кайра алынган учурдагы ишке аргасыз чыкпаган убактысы;
  • . жамааттык келишимде, эмгек келишиминде же уюмдун локалдуу ченемдик актысында каралган убакыттын башка мезгилдери.
  • Түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде кызматкерди ишке кабыл алуу үч күндүк мөөнөттө иш берүүчүнүн (буйругу, тескемеси, токтому) менен жол-жоболоштурулат. Иш берүүчүнүн (буйругу, тескемеси, токтому) кол коюлган күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө кызматкерге кол койдуруу менен
Вопрос 30

Эмгек китепчесинде кандай мааалыматтар киргизилет

Варианты ответов
  • Эмгек китепчесине ишке кабыл алуу, башка туруктуу ишке которуу жана кызматкерди иштен бошотуу, ошондой эле эмгек келишимин токтотуунун негиздери жөнүндө маалыматтар киргизилет.
  • кызматкер иш жүзүндө иштебеген, бирок мыйзамдарга, башка ченемдик укуктук актыларга ылайык анын жумуш (кызмат оруну) орду, анын ичинде ар жылдык өргүү убактысы сакталган убактысы;
  • жумуштан мыйзамсыз бошотулган же четтетилген жана кийин мурдагы жумушуна кайра алынган учурдагы ишке аргасыз чыкпаган убактысы;
  • жамааттык келишимде, эмгек келишиминде же уюмдун локалдуу ченемдик актысында каралган убакыттын башка мезгилдери.
Сохранить у себя: