СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Балам мыкты болсун десеңиз" китебинен түзүлгөн тесттик суроолор

Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Урматтуу ата-энелер, алдыңызда китеп окуу сынагынын экинчи туру. Сизге жалпы суроолорго жооп берүүгө 60 минут берилет. Ийгилик каалайбыз!

Список вопросов теста

Вопрос 1

Китептин кириш сөзүн ким жазган?

Варианты ответов
  • Ж. Жумалиева
  • А. Алимбеков
  • А. Муратов
  • Т. Маматов
Вопрос 2

Китептин бешинчи басылышы канча беттен турат?

Варианты ответов
  • 332 бет
  • 330 бет
  • 322 бет
  • 320 бет
Вопрос 3

Китептин бешинчи басылышындагы мукаба сүрөтүндө кимдер бар?

Варианты ответов
  • Айжан, уулдары Байгазы менен Нурлан
  • Гүлнара, уулдары Байхан менен Айхан
  • Диляра, уулдары Шааболот менен Байгазы
  • Назира, уулдары Айтегин менен Алаяр
Вопрос 4

“Балам мыкты болсун десеңиз” китебинин авторлору

Варианты ответов
  • К. Кимсанов, С. Абдырасов
  • Г. Акишева, А. Муратов
  • К. Акматов, А. Алимбеков
  • К. Акматов, Т. Маматов
Вопрос 5

Болжолдуу 1015-1070-жылдары жашаган улуу даанышман Жусуп Баласагындын эмгегин атап бергиле.

Варианты ответов
  • Диваны лугат-ит Түрк
  • Кутадгу Билиг
  • Шах-намэ
  • Бабур-намэ
Вопрос 6

Конок күтүү, аңчылык кылуу, мончого баруу, ат тандоо, кул сатып алуу ж.б. элүү алты адептик баян жазып чыккан, аларды бир өзөккө бириктирип Гиланшах мырзага арналып жазылган “Кабус-намэ” деп аталган эмгектин авторун тапкыла.

Варианты ответов
  • Махмуд Кашгари
  • Жусуп Баласагын
  • Кайкавус
  • Шейх Муслиход-дин Саади
Вопрос 7

Караханий өкүмдары Арстан хандын небереси Али-Хасандын уулу Табгач Карахан кайсы улуу даанышманга “Улуг Хас Хажиб” наамын берген?

Варианты ответов
  • Махмуд Кашгари
  • Жусуп Баласагын
  • Кайкавус
  • Шейх Муслиход-дин Саади
Вопрос 8

Сүйлөмдү толуктагыла.

..................... “Гүлстан” жана “Бостон” деген эки керемет китебин жазып, анын ырлары Бириккен Улуттар Уюмунун баш кеңсесиндеги перси килеминде алтын жалатылган тамгалар менен жазылып коюлган.

Варианты ответов
  • Алишер Навои
  • Жусуп Баласагын
  • Кайкавус
  • Шейх Муслиход-дин Саади
Вопрос 9

Сүйлөмдөгү көп чекиттин ордуна туура келген жоопту койгула.

Перзент качан сиздин мээримиңизге зар болгонун билесизби? Баланы урушуп кагып-силккениңизде, урганыңызда, кубанычтуу кабарды жеткирмекчи болуп ооз ачарда ..........................деп кагып таштаганыңызда ал сиздин мээримиңизге зар болгон.

Варианты ответов
  • “унчукпа”, “башымды катырба”, “ишим көп”
  • “эшексиң”, “маймылсың”, “иттен таркаган”
  • “акылдуум”, “берекем”, “татынам”
  • “жаагыңды жап”, “айтканыңды аткарам”, “дагы эмне каалайсың”
Вопрос 10

Сүйлөмдөгү көп чекиттин ордуна туура келген жоопту койгула.

Ар бир бала өзүнчө бир ................ Анда .....................күчү, .................сулуулугу, .................марттыгы, .......................өнүгүшү, ...................мээрими, ........................адеби бар. Сиз ....................кыянат кылбаңыз. Перзентиңизди айыптабаңыз. “Балам өзгөрүшү керек деп ойлосоңуз, алгач өзүм өзгөрүшүм керектир деп чечим чыгараарсыз балким?

Варианты ответов
  • китеп / каармандын / бул каарманга
  • дүйнө / жашоонун / балаңызга
  • тирүү организм / гүлдүн / гүлгө
  • аалам / дүйнөнүн / дүйнөгө
Вопрос 11

Жооптордун кайсынысы “ООМАТТУУ АТА-ЭНЕ БОЛУУ ҮЧҮН БЕРИЛГЕН 9 КЕҢЕШКЕ” кирбейт?

Варианты ответов
  • Балаңызды ар күнү эрте ойготуп, мектептен келгенде мээрим менен кучагыңызга кысыңыз!
  • Перзентиңиздин суроосуна көңүл коюп, жаш курагына жараша түшүндүрүп бериңиз!
  • Перзентиңизди башка балдар, бир туугандары менен салыштыра бербеңиз!
  • Перзентиңиздин үй тапшырмаларына жардамдашып, ар түрдүү белек бечкектер менен кубантып туруңуз
Вопрос 12

Сүйлөмдөгү көп чекиттин ордуна туура келген жоопту койгула.

Коомчулукта баласынын муктаждыктарын өз убагында орундатууга аракет кылган ата-энеге “баласын башына чыгарып алыптыр” деген сөз айтылат. А түгүл жаш ата-энелерге “балаңдын ар айтканын аткара бербе, башыңа чыгып алат, анан кийин башкара албай каласың” деген насааттар айтылып, ата-эне менен баланын ортосундагы байланышка башынан эле доо кетирилет. Ата-энесинин мээримин талап кылуусу, муктаждыктарын ый менен, же тынчсыздануу менен билдирүүсү, ата-энесинин кучагына, сүйүүсүнө, жылуу мамилесине муктаж болуусу, башка чыгуу эмес, тескерисинче баланын.......................муктаждыгы.

Варианты ответов
  • физиологиялык жана психологиялык
  • сүйүүгө болгон
  • материалдык жана сезимдик
  • өсүп-өнүгүүсүндөгү
Вопрос 13

Ата-энеде “мен баламдын муктаждыктарын канааттандыра алып жатамбы, аны кантип түшүнө алам” деген суроо жаралып кала турган болсо кантип билүүгө болот?

Варианты ответов
  • баланын күлкүсүнөн жана маанайынан
  • баланын уйкусунан жана табитинен
  • баланын стрессинен жана шоктугунан
  • баланын мээриминен жана камкордугунан
Вопрос 14

Бала эмне үчүн чочуп ойгонот?

Варианты ответов
  • оор шарттар, ата-эне менен баланын ортосундагы байланыштын начардыгы
  • сүйүү, жагымдуу сезимдерден улам
  • маанайдын, энергиясынын, ишениминин туруктуулугуна
  • ата-эненин ашыкча камкордугуна байланыштуу
Вопрос 15

. Дал келтиргиле:

Көпчүлүк ата-энелер баласы сөз укканда, сабактан беш алганда, шоктук кылбаган учурда бир тууганын ойнотуп, аны карганда, коомдук пикирге дал келер иш кылганда, үй иштерине жардам бергенде гана жакшы көрөөрүн билдирет. Байкабастан “сен жакшы болсоң гана жакшы көрөм” деген кабарды берип алат. А бирок, ата-эне менен баланын ортосундагы сүйүү эч кандай шарт жана себептерге байланбашы керек. Бала үч себептен улам терс жоруктарды кыла баштайт.

 

Терс жоруктардын үч себеби

Үч себептин түшүндүрмөлөрү

 Билбегендиктен

Бул нерсе туура эмес жоруктарга түртөт. Жада калса, биз чоңдор да ичибизде стресс, кайгы, капа, ачуу сыяктуу сезимдер топтолуп калганда чөйрөбүзгө зыян бере баштайбыз.

Ичинде негативдүү сезимдердин топтолуп калышы

Бала терс жоруктардын, негативдүү сезимдердин чындап эле жакшы эмес экендигинен кабарсыз. Жашоодо тажрыйбасы жок, жакшы менен жаманды али айырмалап биле албаган жаш баланы чоңдорго теңөө негизи туура эмес.

Сүйүүнүн жетишсиздиги

Бала көбүнчө  ата-энесинин көңүлүн бургусу келет. Балага тартипти сактаган учурда жетиштүү көңүл бурулбаса, анда шоктук кылуу менен, чөйрөсүнө зыян берүү менен өзүнө көңүл бурдурганга аракет кылат.

Варианты ответов
  • a- III, b-II, c- II.
  • a- II, b-I, c- III.
  • a-I, b-II, c-III.
  • a- III, b- I, c- II.
Вопрос 16

Мектептеги активдүүлүгү начарласа, табити жоголуп, маанайы ачык болбосо, түнкү уйкусу бөлүнүп, жаман түштөрдү көрсө, тынымсыз оозу менен дем алып, башы ооруп, оозу кургаса ...................... байкоого болот.

Көп чекиттин ордуна туура келген жоопту койгула.

Варианты ответов
  • тамактануусу начарлаганын
  • уйкуда дем алуусу начарлаганын
  • коркунучтуу фильмдерди көп көргөндүгүн
  • ыйлаак боло баштаганын
Вопрос 17

Окшоштуктарды дал келтиргиле.

Окмуштуулар же компаниялар

Жараткан эмгектери же ачылыштары

 

Волд Дисней

Шарттуу рефлекс

Иван Павлов

Таланттын коду

Дэн Койл

Том жана Жерри

Варианты ответов
  • А- 3, B-1, C- 2.
  • А- 1, B-3, C- 2.
  • А-3, B-2, C-1.
  • А- 1, B- 2, C- 3.
Вопрос 18

Туалет тарбиясы:

Эрте жашта өз алдынча туалетке барууга үйрөтүү, ата-эненин катуу ашыкча көзөмөлү, же көңүл коштугу табарсыкты кармай албоо, же сийгектик ооруусуна себеп болушу ыктымал. Канча жаш туалет тарбиясы үчүн эң ыңгайлуу болуп эсептелет?

Варианты ответов
  • 1-2 жаш
  • 2,5-3 жаш
  • 3-4 жаш
  • 4-5 жаш
Вопрос 19

“Карышкырдан корккон койго таң калыштын кереги жок, негизги таң кала турган нерсе койдун карышкырдан коркпой калуусу”-деп айтылат.

Эмне жөнүндө сөз болуп жатат?

Варианты ответов
  • урушчаак балдар жөнүндө
  • карышкырдын коркооктугу жөнүндө
  • балдардын сырткы чөйрөгө болгон таасири жөнүндө
  • коркунучтуу фильмдерди көргөн балдар жөнүндө
Вопрос 20

“Интелектуалдык жөндөм сыяктуу нерселер жана мүнөздүн айрым белгилери жагынан биологиялык балдар өз ата-энесине окшош”-деп ким айткан?

Варианты ответов
  • Платон
  • Малькольм Глэдвелл
  • Эрнест Ренан
  • Аристотель
Вопрос 21

“Тарбия чек арасынан чыккан адам, кайра ичкери кире албайт”-деген сөздү ким айткан?

Варианты ответов
  • Платон
  • Алишер Навои
  • Эрнест Ренан
  • Жусуп Баласагын
Вопрос 22

“Акылмандуулук үч өзгөчөлүктү калыптандырат: туура чечим чыгаруу, катасыз сүйлөө жана туура нерсени аткаруу”-деген сөздү ким айткан?

Варианты ответов
  • Демокрит
  • Эрнест Ренан
  • Ахмет Шериф
  • Азирети Али
Вопрос 23

Физикада бир эреже бар: бир нерсе, бир убакыттын ичинде эки жерде болбойт. Башыңыз жаман ойлор менен алек болгондо, жакшы ойлорго орун жок. Жакшы ойлор менен алектенсе, жаман ойлорго орун жок.”-деген сөздү ким айткан?

Варианты ответов
  • Демокрит
  • Эрнест Ренан
  • Ахмет Шериф
  • Азирети Али
Вопрос 24

Балдар үчүн колдонулган буйруктар:

Биз көбүнчө кылышы керек болгон нерсени эмес, кылбашы керек болгон нерсени айтабыз. “Чуркаба, секирбе, иниңди урба, андай тамак жебе, керилип баспа” сыяктуу бир топ терс буйруктар бар. Алардын ордуна оң буйруктарды колдонсок, балабыздын сөз угушуна жардамчы болот. Мисалы: “чуркаба” дегендин ордуна, “акырын бас”, “бакырба” дебестен “акырын сүйлө”, “андай жебе” дегендин ордуна “азыраак тиштеп же”, “иниңди түртпө” дегендин ордуна .............................десек, сөзүбүз так жана жол көрсөтүүчү мүнөздө болчудай.

Көп чекиттин ордуна туура келген жоопту белгиле.

Варианты ответов
  • бир тууганыңа жардамдаш
  • бир тууганың сенден кичине, ошондуктан аны сыйла
  • бир тууганыңдын колун кармап бас
  • бир тууганыңа жакшы мамиле жаса
Вопрос 25

Канча жаштагы балдар бир күндө экрандын маңдайында 60-70 мүнөт отурса болот.

Варианты ответов
  • 0-3 жаштагылар
  • 3-6 жаштагылар
  • 6-9 жаштагылар
  • 9-12 жаштагылар
Вопрос 26

Көп чекиттин ордуна туура келген жоопту белгилегиле.

Чарльз Дахит өзүнүн эмгегинде мындай деп жазат: “ Ондогон изилдөөлөр көрсөтүп тургандай, .................................. – жеке ийгиликти камсыз кылган эң маанилүү адат... .....................окуучулар сабактардан эң жогорку бааларды алышат жана сынагы алда канча катуу болгон ЖОЖдорго тапшырышат. Алар сабактарга чанда гана келбей калышат, телевизорду азыраак тиктеп, үй тапшырмаларына көбүрөөк убакыт жумшашат.”

Варианты ответов
  • ата-энеси тарабынан өткөн гендин күчтүүлүгү
  • тарбиянын мыктылыгы
  • эрктин күчтүүлүгү
  • баланын адептүүлүгү
Вопрос 27

Көп чекиттин ордуна туура келген жоопту тапкыла.

П.О.Рурк “...................................сейрек гана мушташышат. Бирок ................водороддук бомбаларды сейрек гана түзүшөт”.

Варианты ответов
  • акылдуу адамдар / макоо адамдар
  • коркок адамдар / билимдүү адамдар
  • тарбиялуу адамдар / акылдуу адамдар
  • мээримдүү адамдар / тартиптүү адамдар
Вопрос 28

Айтылган ойлор туурабы?

Баа берүү- жалаң интелектке караганда көбүрөөк даражада ак ниеттүүлүктүн жана аракетчилдиктин натыйжасы.

Ак ниеттүүлүк- көбүрөөк даражада иштеги ийгиликке кепилдик берген өзгөчөлүк.

Варианты ответов
  • Бир гана “i” жообу туура
  • Бир гана “ii” жообу туура
  • Эки жооп тең туура
  • Эки жооп тең туура эмес
Вопрос 29

Ар бир курактын айырмачылыгы.

5 жаштан 7 жашка чейинки курактагы 2 жаш айырмачылык да өсүүдөгү абдан чоң аралык. Ошондуктан 5 жана 7 жаштагы балдар үчүн ..................ар башка. Кичинекей балага эмне окуп берүү керектигин ойлонуп отурбаш үчүн, жыл сайын ар бир жашка ылайыктуу хрестоматия ( чыгармалар жыйнактарын) сатып алып же китепканадан алып туруу сунушталат.

Көп чекиттин ордуна туура келген жоопту белгилегиле.

Варианты ответов
  • адабият
  • жомок китептер
  • повесттер
  • дидактикалык чыгармалар
Вопрос 30

“Китеп окууну жакшы көрбөгөн адам, ой жүгүртүүнү да жакшы көрбөйт”.

Бул сөз кимдин сөзү?

Варианты ответов
  • Демокрит
  • Эрнест Ренан
  • Ахмет Шериф
  • Дидро
Вопрос 31

К. Чуйковский айткандай: “жомоктун максаты- балада адамгерчиликти тарбиялоо”. Мына ушундан улам атактуу жазуучубуз Ч. Айтматов өзүнүн “.......................” повестинде пайдаланган “Бугу Эне” жомогу эске келет.

Көп чекиттин ордуна туура келген жоопту белгилегиле.

Варианты ответов
  • Эрте келген турналар
  • Делбирим
  • Ак кеме
  • Биринчи мугалим
Вопрос 32

Ашыкчасын белгиле.

Адамга жана курчап турган дүйнөгө болгон сүйүү;

Ар-намыстуулук жана тартиптүүлүк;

Кечире билүү жана кек сактабоо;

Проблемаларды чече билүү;

Варианты ответов
  • I жооп ашыкча
  • II жооп ашыкча
  • III жооп ашыкча
  • IV жооп ашыкча
Вопрос 33

Дал келтиргиле.

Улуу даанышмандар

Айтылган улуу сөздөр

 

А) Алкот

Убактысын туура пайдалана албагандар, убакыттын кыскалыгын айтып арызданышат.

Ла Брюре

Энелик өнөрдүн алгачкы шарты – баласы уктагандан кийин уктоосу.

А.Франс

Үмүт менен ачылып, ийгилик менен жабылган китеп-эң жакшы китеп.

Варианты ответов
  • А- 3, B-1, C- 2.
  • А- 1, B-3, C- 2.
  • А-3, B-2, C-1.
  • А- 1, B- 2, C- 3.
Вопрос 34

Бир күнү Улукман Акимден сураптыр:

                -Сен даанышмандыкты кимден үйрөндүн?

                -Карылардан. Алар айланасын көрө албаган сыяктуу көп кагылбайт, тоскоолдуктарга учурайт, жыгылат.

Бул окуя ким жөнүндө?

Варианты ответов
  • мугалим
  • казы
  • ырчы
  • падыша
Вопрос 35

Дал келтиргиле.

Улуу даанышмандар

Айтылган улуу сөздөр

 

    А)  Эзоп

Жаман дос- баланын тарбиясын бузат.

М.Хаадими

Эмгектене билүү – адам үчүн түгөнгүс байлык.

Газзали

Айбандын акылы жок болгондугу үчүн тарбияланбайт.

Варианты ответов
  • А- 3, B-1, C- 2.
  • А- 1, B-3, C- 2.
  • А-3, B-2, C-1.
  • А- 2, B- 3, C- 1.
Вопрос 36

Кыялбек Акматовдун илимий даражасы жана багыты:

Варианты ответов
  • Психология илимдеринин доценти
  • Конфликтология илимдеринин доктору
  • Педагогика илимдеринин доктору
  • Илимий даражасы жок
Вопрос 37

Китептин жазылуусундагы пайдаланган адабияттардын авторлордун ичинде кайсынысы жок?

Варианты ответов
  • А. Алимбеков
  • З. Ахмедова
  • Х. Тонгар
  • А. Макаренко
Вопрос 38

“Жаман дос баланын ................................ бузат” (Имам Газзали). Сүйлөмдү толуктагыла.

Варианты ответов
  • Табитин
  • Тартибин
  • Тарбиясын
  • Ички дүйнөсүн
Вопрос 39

Бала, сүт эмгиси келгенде, кежирленгенде,  ойногусу келбей үнү чыкпай калганда дароо эмне кылуу керек?

Варианты ответов
  • Көңүлүн башка нерсеге буруу керек
  • Ойнотуу керек
  • Таза абага чыгаруу керек
  • Уктатуу керек
Вопрос 40

“Иш башы үчүн аларга китеп окуп бербестен, алар менен бирге китеп окугула”. Бул сөз кимге таандык?

Варианты ответов
  • Эрик Баркер
  • А. Франс
  • А. Гүнеш
  • А. Быкова
Вопрос 41

 Көрүү сезими басымдуулук кылган окуучулардын өзгөчүлүктөрүн ичинде кайсынысы жок?

Варианты ответов
  • Көп кыялданышат
  • Жаңы тема өтүүнү жактырышат
  • Терс ойлонууну жакшы көрүшөт
  • Жаттоого шыктуу
Вопрос 42

Төмөндөгү өзгөчүлүктөрдөн кайсынысы кармап көрүү аркылуу кабыл алган окуучуларга тийиштүү?

Варианты ответов
  • Өзгөчөлөнүп турууну жактырышат
  • Бир нерсеге көңүлү тез бурулат
  • План түзүүнү жактырышат
  • Чар жайыттык менен күнөөлөнүшөт
Вопрос 43

Ар-намыстуулук жана тартиптүүлүк, мекенчилдик, кайраттуулук, адилеттүүлүк,  ата-энени урматтоо сыяктуу сапаттарга ээ болуу үчүн жомок аркылуу эмнени тарбиялоо керек?

Варианты ответов
  • Адамгечиликти
  • Сезимди
  • Мүнөздү
  • Патриоттуулукту
Вопрос 44

Төмөндөгүлөрдүн кайсынысы жомоктун өзгөчөлүктөрүнөн эмес?

Варианты ответов
  • Эмоцианалдуулук
  • Экологиялуулук
  • Акылмандуулук
  • Чынчылдык
Вопрос 45

Жомок терапиясынын концепциясы төмөндөгү түрлөрдөн кайсынысына негизделбейт?

Варианты ответов
  • Психотерапиялык
  • Психоаналитикалык
  • Психокоррекциялык
  • Дидактикалык
Вопрос 46

Жомок аркылуу акылды тарбиялоодо кайсы билгичтикке ээ болуу мүмкүн эмес?

Варианты ответов
  • Проблемаларды чече билүү
  • Өз тандоосунун натыйжасын алдын ала көрө билүү
  • Кекирейбөө жана чыдамдуулук
  • Аксанатайлык менен карасанатайлыкты айырмалай билүү
Вопрос 47

Балдарды акылдуу кылуунун илим ырастаган кадамдарга кайсынысы кирбейт?

Варианты ответов
  • Музыка
  • Спортзал
  • Туура мектеп тандоо
  • Туура тамактануу
Вопрос 48

“Максат менен эмгек чырмалышканда, адам бардык мүдөөсүнө жетет. Максатсыз жашаган адамдын башка тирүү жандыктан айырмасы жок”.

Жогорудагы сөз кимге таандык?

Варианты ответов
  • Мойт аке
  • Кыдыр аке
  • Тилекмат аке
  • Сарт аке
Вопрос 49

Бир адам окугандарынын канча пайызын эстеп калат?

Варианты ответов
  • 10%
  • 20%
  • 30%
  • 40%
Вопрос 50

Балаңыздын кылган ишине ыраазы болбой жатсаңыз, оболу...

Варианты ответов
  • Ыраазы болууну үйрөнүшүңүз керек
  • Оптимист болушуңуз керек
  • Өзүңүздү суракка алышыңыз керек
  • Көп эле ойлоно бербешиңиз керек
Сохранить у себя: