СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Грамматика

Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
3-ПОТОК. ПРАКТИКАЛЫК ГРАММАТИКА

Список вопросов теста

Вопрос 1

Кайсы катарда адабий тилдин нормасына ылайык келбеген сөз бар?

Варианты ответов
  • Кечээ буну салып алганым жакшы болуптур.
  • Эч кимдин андай кылганга акысы жок.
  • Ар бир адам жоопкерчиликти сезиш керек.
  • Бир нече жолу окуп чыктым окшойт.
Вопрос 2

Кайсы варианттын эки түрүнүн тең жазылышы туура?

Варианты ответов
  • тээ тиги, тээ тигил
  • аргайсы, ар кайсы
  • аргачан, ар качан
  • тээтиги, тээтигил
Вопрос 3

Сүйлөмдөгү асты сызылган сөз кыймыл-аракеттин эмнесин билдирди? Ал эрксизден күлүп  жиберди.

Варианты ответов
  • максатын
  • сыпатын
  • себебин
  • өлчөмүн
Вопрос 4

Кайсы варианттагы этишти билдирген сөз адабий тилдин нормасына ылайык келбейт?

Варианты ответов
  • Жай бүтүп, күз да келип калды.
  • Биз жеткенче оюн бутуп калыптыр.
  • Жаңы келгендер да кирип жатышты.
  • Бала кезде чыбыкты ат кылып минчик.
Вопрос 5

 Кайсы катардагы кыймыл-аракетти билдирген сөз болуп өткөн кыймылдын капыстан билингенин билдирет?

 

Варианты ответов
  • Бүгүн баягы макала сайтка чыкты.
  • Макала ошондо эле сайтка чыккан.
  • Баягы макала сайтка кириптир да!
  • Ал макала дайыма эле сайтка чыгып турат.
Вопрос 6

Бош орунга кайсы мүчөнү уласак, кыймыл-аракеттин кайталанышын билдирет? Жайнак ээр чап__.

Варианты ответов
  • -ды
  • -чу
  • -ган
  • -ыптыр
Вопрос 7

Кайсы варианттан максатка багытталган кыймыл-аракетти көрүүгө болот?

Варианты ответов
  • Акбар шаарга кетмек болду.
  • Дасторконго тамактын түрүн жайып жатышты.
  • Чакадагы сүттү байкабай төгүп алды.
  • Элдин жашоо-шартын билгени келишиптир.
Вопрос 8

-лар мүчөсүнүн жардамысыз көптүк маанини билдирген сөздөрдүн катары кайсы?

Варианты ответов
  • курак-жарак, тамак-аш
  • ишкана, борбор
  • сан, көлөм
  • дарак, суу
Вопрос 9

Сүйлөмдө асты сызылган сөздөр кайсы катардагыдай жазылышы керек? Кечээ мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы, ала-тоо аянтында жолугушуу өткөрдү.

Варианты ответов
  • Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы, Ала-Тоо аяндында
  • Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы, "Ала-Тоо" аянтында
  • Мамлекттик Тил боюнча улуттук комиссиясы, "Ала-Тоо" аянтында
  • Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясы, "Ала-Тоо аянтында"
Вопрос 10

Кайсы вариантта сандын так эместиги чагылдырылган?

Варианты ответов
  • Жыйырма чакты киши келмек.
  • Кана, балдар, эки-экиден тизилгиле!
  • Билишимче, үчөө окууга өттү.
  • Мындайды биринчи көрүшүм.
Сохранить у себя: