СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Оң элементардык заряд ... таандык
Эбонит таякчасын мехке сүрткөндө электризация кубулушу байкалат. Эбонит таякчасында кандай белгидеги, жана мехте кандай белгидеги заряд пайда болот?
Эгерде эки чекиттик заряддардын ортосундагы аралыкты 2 эсе чоңойтсок анда аладын бири бирине аракет этүү күчү кандай өзгөрөт?
Электр талаасынын бир тектүү шартын аныкта
Тең салмактуулук учурунда өткөргүчтүн заряды ... жайгашат
Эгерде жалпак конденсатордун пластинкаларынын ортосундагы айырмасын 2 эсеге азайсак, анда конденсатордун энергиясы кандай өзгөрөт? Конденсатордун сыйымдуулугу турактуу С= const
Электр тогу өтүп жаткан өткөргүчтүн ички энергиясы өзгөрөбү?
Өткөргүчтүн кесиндисин тең экиге бөлүп, кесиндилерди жарыш туташтырышты. Бул учурда өткөргүчтүн каршылыгы ...
Электр чынжыры ички каршылыгы 2 Ом ток булагынан жана каршылыгы 12 Ом керектөөчүдөн түзүлгөн. Ток булагынын Э.К.К. канчага барабар? Чынжырдагы ток күчү 6 А.
Каршылыгы 1 Ом өткөргүчтү узунунан 3 эсе чоюшту. Анын каршылыгы ... канчага барабар болду?
R1 = 2 Oм жана R2 = 4 Oм каршылыктары жарыш туташтырылган. Эгерде чыңалууну турактуу кармап бул өткөргүчтөрдү удаалаш туташтырсак, анда участоктогу токтун күчү кандай өзгөрөт?
Өткөргүчтөрдү жарыш туташтырууда бардык өткөргүчтөрдөгү ... бирдей.
Өткөргүчтөрдү удаалаш туташтырууда бардык өткөргүчтөрдөгү ... бирдей.
Ички каршылыгы 1 кОм болгон вольтметрге каршылыгы 9 кОм болгон кошумча каршылыкты удаалаш кошсок, анын көрсөтүүсү кандайча өзгөрөт?
Бирдей каршылыктагы эки өткөргүч ток булагына бир жолуу удаалаш, бир жолу жарыш туташтырылат. Кайсы учурда көп жылуулук саны бөлүнүп чыгат жана канча эсе?
Элементтин кыскычтарындагы чыңалуу 1,8 В барабар. Эгерде элементтин ичиндеги чыңалуунун төмөндөшү 0,4 В болсо, анда элементтин электр кыймылдаткыч күчүн тапкыла.
Каршылыгы 20 Ом өткөргүчтө 30с ичинде 2400 Дж жылуулук бөлүнүп, чыкса өткөргүчтөгү ток күчү кандай?
Электростанциялардан алынган энергия кВ саат менен ченелет. 1кВ саат = ?
Токтун жумушунун формуласы кандай?
Электр плитакасында 3 А ток күчүндө, 5с ичинде 3600 Дж жылуулук бөлүнүп чыгат. Плитанын спиралынын каршылыгы кандай?
© 2020, Дайырбекова Махабат Дайырбековна 238