СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Фикх

Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
1 жылдыктарга тест

Список вопросов теста

Вопрос 1

 Бегимай даарат алып жатып буттарын жууганга суу жетпей калды...

 Суйлөмдү толуктаңыз.

Варианты ответов
  • Ошол бойдон калат
  • Таяммум алат
  • Даарат толук болуп эсептелет
  • Бул жерде башка өкүм бар, бардык жооп туура эмес
Вопрос 2

Кечинде уйдун заарасы тийген жердин үстүндө, багымдат намазын окууга болобу?

Варианты ответов
  • Болот, анткени кургап калды
  • Болбойт, анткени кургай элек
  • Болот, анткени ал таза
  • Болбойт, анткени заара сиңип калган
Вопрос 3

Эшек  ичип кеткен сууга даарат алса болобу? Өкүмү кандай?

Варианты ответов
  • Арам
  • Болот
  • Болот, даараттан кийин таяммум алат
  • Болбойт
Вопрос 4

Казандагы бышкан тамактын жарымын горилла ичип кетсе, тамактын калганын жесе болобу?

Варианты ответов
  • Болот адал, горилла адамга окшош таза
  • Болбойт харам, горилла жырткыч жаныбар
  • Болбойт тахриман макрух, шилекейи калып калат
  • Болот мубах,горилла адамдын досу, жырткыч эмес
Вопрос 5

Арак  тийген кийим менен намаз окуса болобу?

Варианты ответов
  • Болот, таза
  • Болбойт, арак нажасат
  • Болот бирок макрух
  • Кургап калса болот
Вопрос 6

Айша жаңылып аюнун этин жеп алды. Даараты бузулабы?

Варианты ответов
  • Жок бузулбайт
  • Ооба бузулат
  • Күмөндүү болуп калат
  • Дааратын жаңылап алуусу жакшы
Вопрос 7

Үзүрдүү (аргасыз) адамдын даараты бузулат:

Варианты ответов
  • Намаз убактысынын чыгышы менен
  • Намаз убактысынын кириши менен
  • Намаз окуп бутөөрү менен
  • Суу табылаары менен
Вопрос 8

Үйүнө мас абалында келген Айбекти жубайы гусул алдырып жаткырат. Айбек ойгонуп мани көрөт. Айбек гусул алыш керекпи?

Варианты ответов
  • Гусулдан кийин гусул алынбайт
  • Уйкуда чыккан маниге гусул алынбайт
  • Гусул алуу сүннөт
  • Гусул алуу парз
Вопрос 9

Өлүү деңизге эс алганы барган Хадижанын буту сынып калды. Намаз убактысы кирди, Хадижа даарат алабы же таяммум алабы?

Варианты ответов
  • Суу менен алып кайра таяммум менен алат
  • Даарат алып, бутуна масх тартат
  • Намазын каза кылат
  • Хадижа жолоочу болгондуктан бутунун сакаюусун күтөт
Вопрос 10

Альмира 17 жашка чыкты хайзы дагы эле келген жок, канча жаштан баштап намаз парз болду?

Варианты ответов
  • 11
  • 9
  • 16
  • 15
Вопрос 11

Парз намазда зам сүрөөнү унутуп кеткен, намазын кантип толуктайт?

Варианты ответов
  • Тилават саждасы кылат
  • Сахв саждасын кылат
  • Фатиха окуу жетиштүү
  • Намазы толук эле
Вопрос 12

Айбек кайын журтуна 120 км жолду ашып 12 күнгө сапарга барат. 12 күн толгондо кайра 10 күнгө калууга ниет кылат. Айбек 12 күндө жана 10 күндө намазын кантип окуйт?

Варианты ответов
  • 12 күн сапар, 10 күн толук намаз окуйт
  • баарын толук окуйт анткени кайын журту
  • 12 күн сапар, 10 күн сапар
  • 12 күн толук, 10 күн сапар
Вопрос 13

Айша «Алак» сүрөсүн паркта басып баратып, 15 жолу кайталап жаттайт. Анын окуганын Айнура телефондон бир жолу укту. Айша канча, Айнура канча тилават сажда кылат?

Варианты ответов
  • Айша 1; Айнура 0
  • Айша 15, Айнура телефондон уккандыктан сажда кылбайт
  • Айша 1 анткени 1 сүрө болгондуктан, Айнура 1
  • Айша 15 жолу, Айнура 1
Вопрос 14

Айбек үй-бүлөсү менен (жубайы, балдары) Баткенде 10жылдан бери жашайт. Бирок Айбектин ата-энеси Нарында жашайт. Айбек Нарында төрөлгөн. Айбектин жумушу Бишкекте. Айбек күндө Баткенден Бишкекке поезд менен келип иштеп, кечинде үйүнө метро менен кетет. Бул учурда Айбектин асли ватаны (түпкү мекени) каякта жана намаздарын кыскартып окуйбу?

Варианты ответов
  • Асли ватаны Баткен, Бишкекте күндүзгү намаздарын кыскартып окуйт
  • Асли ватаны Нарын, анткени бир эле асли ватан болот, намазын Бишкекте гана кыскартат
  • Асли ватаны Нарын, намаздарын Баткенде да, Бишкекте да кыскартпай окуйт
  • Асли ватаны Нарын, Бишкек, намаздарын толук окуйт
Вопрос 15

Төмөнкүлөрдүн кайсынысы туура эмес?

Варианты ответов
  • Жаңы төрөлгөн ымыркайга азан айтуу важиб
  • Имамдын аялынын сулуу болуусу мустахаб
  • Коомат айтканга муаззин дейбиз
  • Баары туура эмес
Вопрос 16

9 айлык бала энесинин ичинде өлүп калып, кесарева жолу менен денеси бүтүн боюнча алынган ымыркайга жаназа намаз окулабы?

Варианты ответов
  • Окулбайт
  • Окулат
  • Окуп коюу мустахаб
  • Окубай коюу мустахаб
Вопрос 17

Мусулманды кепиндөөнүн өкүмү?

Варианты ответов
  • сүннөт
  • мустахаб
  • важиб
  • парз
Вопрос 18

Күн баткандан таңга чейин ниет кылуусу зарыл болгон орозо

Варианты ответов
  • Нафил
  • Белгисиз назыр
  • Белгилүү назыр
  • Рамазан орозосу
Вопрос 19

Төмөнкүлөрдүн кайсынысы орозону бузуучу абалдардан?

Варианты ответов
  • Укол сайдыруу
  • Унутуу менен бир нерсени жеп-ичүү
  • Бетке маска колдонуу
  • Кокустук менен оозуна жамгыр кирип кетсе
Вопрос 20

Альмира рамазанда эрте менен орозо кармап, түштөн кийин сапарга чыкты. 120 км ашкандан кийин эч себеби жок эле мен жолоочумун деп оозун ачып салды. Альмирага каффарат талап кылынабы?

Варианты ответов
  • Жок, анткени 120 км ашкан болчу
  • Жок, каза гана кармап берет
  • Ооба, каффарат + каза 61 күн тутат
  • Ооба, каффарат гана кармайт каза тутпайт 60 күн
Вопрос 21

Төмөнкүлөрдүн кайсынысы туура?

Варианты ответов
  • Айсбергте жашаган адам сууктан улам орозо кармабаса болот
  • Спецназ орозо кармабай койсо болот
  • Кысымга учураган Айбек орозосун бузса болбойт
  • 80 жаштагы ден-солугу чың чоң ата орозо кармабай койсо болот
Вопрос 22

Айша рамазанда ушак айтып алып, оозум ачылып кетти деп ойлоп, шоро ичип алат. Айшанын орозосу эмне болот?

Варианты ответов
  • Каза кармап берет
  • Эч нерсе болбойт, ушак орозону бузбайт
  • Тообо намазын окуп, орозосун улантса болот
  • Орозонун казасын жана каффаратын кармап берет
Вопрос 23

Айбек « Ушул жылы жубайым бир эркек уул төрөп берсе, 1 төө курман кылам» деп назр кылды. Аялы жылдын соңунда 2 эркек, 1 кыз төрөдү. Айбекке назрды аткаруу важиппи?

Варианты ответов
  • 1 төө важиб болот
  • 3 төө важиб болот
  • Уул деген үчүн 2 төө важиб болот
  • Ал 1 эле перзент сурады, үчөө төрөлүп калгандыктан эч нерсе важиб эмес
Вопрос 24

Айбек « Аллахка ант ичип айтам, дүйшөмбү күнү сөзсүз куда жөнөтөм» деди. Бирок, Айбектин ата-энеси жума күнү куда түшүп барышты. Айбектин анты аткарылдыбы же каффарат төлөйбү?

Варианты ответов
  • Каффарат төлөбөйт, натыйжада куда түшүп барышты
  • Каффараттын жарымын гана төлөйт, анткени кечигип барышты
  • Каффарат төлөйт
  • Куда түшүүдө ант болбойт
Вопрос 25

Эрмектин 1110 уйу болсо, канча уй жана канча торпок зекет берет?

Варианты ответов
  • 21 торпок 12 уй
  • 21уй 70 торпок
  • 21 торпок 3 уй
  • 21 уй 8 торпок
Вопрос 26

Үйү, машинасы бар инсан зекет алса болобу?

Варианты ответов
  • болбойт, анткени үйү бар
  • болбойт, анткени муктаж эмес
  • болот, анткени ага зекет парз эмес
  • болот, анткени анын жумушу жок
Вопрос 27

Айбектин 740 кою бар. Канча зекет берет?

Варианты ответов
  • 74 кой
  • 18 кой
  • 7 кой
  • 8 кой
Вопрос 28

Айбектин үйүндө 5 баласы, ата-энеси жана жубайы бар. Ал буудай менен фитир садака берүүнү каалады. Канча кг буудай берет?

Варианты ответов
  • беш баласы үчүн гана 8 кг буудай берет. Ата-энеси жана аялына бербейт.
  • беш баласы жана аялы үчүн гана 9,6 кг буудай берет. Ата-энеси үчүн бербейт.
  • баарына 12,8 кг берет
  • баарына 8 кг берет.
Вопрос 29

Ажылыктын парздары канча, кайсылар?

Варианты ответов
  • 3 : ихрам, арафатта туруу, таваф кылуу
  • 5 : ихрам, таш ыргытуу, арафатта туруу, чач алуу, таваф кылуу
  • 2: ихрам, таваф кылуу
  • 1 :таваф кылуу
Вопрос 30

Зекеттин парздыгына далил аят

Варианты ответов
  • Тауба 60
  • Тахрим 13
  • Тауба 103
  • То Ха 63
Сохранить у себя: