© 2020, Умарова Рита Нурдиновна 123
СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Билимдерди өздөштүрүүгө гана багытталган максаттарды дагы кандай атасак болот?
Окуучуларда билимдердин, билгичтиктердин, көндүмдөрдүн калыптандырылышынан сабактын кайсы максаттарын көрө алабыз?
Сабакта окуучулардын инсандык сапаттарын калыптандырууну кайсы максат ишке ашырат?
Сабакта окуучулардын акылы, эрки, эмоциясы, таанып-билүүгө кызыгуулары жана жөндөмдүүлүктөрүнүн өсүп-өнүгүшүнөн кайсы максатты көрө алабыз?
"Окуучу эмнени билүүгө жана кандай билгичтиктерге ээ болууга тийиш?", деген суроого жооп берүү менен кайсы максатты ишке ашырабыз?
Белгилүү педагогикалык шарттарда, окуу звенолорунун аралык звенолорунда жетишиле турган натыйжа бул-.... (сүйлөмдү толукта)
Эгерде сабактын максаттары "калыптандыруу, кеңейтүү, өздөштүрүүсүн камсыз кылуу, машыктыруу" деген сыяктуу сөздөр менен формулировкаланса, мындай сөздөр сабакта кимдин ишине таандык экендигин көрүүгө болот?
Сабактын планын жазууда эң алгач төмөндөгүлөрдүн кайсынысын аныктап алуу керек?
Сабак убагында мугалим менен окуучунун биргелешкен ишинин негизинде окуучу ээ боло турган болжолдуу натыйжа эмне деп аталат?
Мугалим сабакка даярданууда эң алгач кайсы максаттарды жана милдеттерди аныктап алуусу керек?
"Мурдагы сабактарда өтүлгөн же калыптандырылган билим, билгичтик, көндүмдөрдүн өздөштүрүлүш даражасын текшерип көрүп, негизги билимдердин өздөштүрүлүшүн камсыз кылуу керек", деген эреже сабактын кайсы милдетине тиешелүү?
Сабакта окуучуларды схема, конспект түзүүгө үйрөтүү, окулуп өтүлгөн фактыларды жана түшүнүктөрдү салыштырып жалпылай алууга машыктыруу менен кайсы милдетти ишке ашырууга болот?
Окуучулардын билимдердин, билгичтиктердин, көндүмдөрдүн өздөштүрүлүшүнүн толуктугун аныктоодо кандай окуучуга "4" (төрт) деген баа коюлат?
Окуучунун сабакта өтүлүп жаткан түшүнүктөр жана фактылар өз ара кандай байланышкандыгын, эмне эмнеге баш ийгендигин, эмне эмнеден келип чыга тургандыгын өздөштүрүүсү анын билимин баалоонун кайсы критерийине туура келет?
Окуучу тема боюнча берилген көнүгүүлөрдү ошол сабактан алган билим, билгичтиктерин пайдаланып аткаруусу, окуп үйрөнгөндөрүн тиешелүү турмуштук окуяларды анализдөөгө колдоно алуусу анын билимин баалоонун кайсы критерийине туура келет?
Сабакты анализдөөдө төмөндөгүлөрдүн кайсынысына озгөчө көңүл бурулат?
Сабактын эмоциялык фону деген эмне?
Мугалимдин теориялык билимдеринин жогорку деңгээлде болушун окутуунун кайсы принциби талап кылат?
Сабактын интеллектуалдуу фонунун жогорку деңгээлде болуусу төмөндөгүлөрдүн кайсынысынан көз кранды?
Сабакта көнүгүүлөрдүн, тапшырмалардын мазмунун дифференциялдаштыруу, жекелештирүү милдети кимге тиешелүү?
Окутууда "жеңилден оорго, белгилүүдөн белгисизге, жөнөкөйдөн татаалга, жакындан алыска баруу керек", деген эрежелер окутуунун кайсы принцибине тиешелүү?
Окуучу сөздөрдүн, формулалардын, символдордун чыныгы маанисин билбей, материалды даана түшүнбөй эле жаттап алуусунда окутуунун кайсы принциби бузулат?
"Окулуп жаткан материал турмуш практикасы менен үзгүлтүксүз байланышта болуу керек", деген эрже сабактын мазмунуна коюлуучу талаптардын кайсынысына туура келет?
Дидактиканын теория менен практиканын байланышуу принциби качан бузулат?
Окуу предметтеринин арасындагы обьективдүү максатка ылайыкташкан мазмундук дал келүүчүлүк эмне деп аталат?
"Окутууда программалык талаптардын чегинен тышкаркыларды болтурбоо керек", деген эреже сабактын мазмунуна коюлуучу талаптардын кайсынысына туура келет?
Эгерде окуучу ылдамдануу түшүнүгүнө аныктама берсе, анда ал ошол аныктама таяныла турган түшүнүктөрдү (ылдамдык,убакыт) билүүгө тийиш. Бул жерде эмне жөнүндө сөз болуп жатат?
Сабакта өздөштүрүлүүчү билимдердин, билгичтиктердин жана көндүмдөрдүн сиситемасын эмне деп айтабыз?
Окуучулардын билгичтиктерине жана көндүмдөрүнө байланышкан максаттарды дагы кандай атасак болт?
"Башка предметтерден алынган билимдерге таянуу керек", деген түшүнүк сабактын мазмунуна коюлуучу талаптардык кайсынысына туура келет?
© 2020, Умарова Рита Нурдиновна 123