СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Адабият тест

Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Окуучулардын билимин текшерүү

Список вопросов теста

Вопрос 1

"Алтын куш" жомогундагы алманын касиети кандай?

Варианты ответов
  • Аны бир жеген кишинин курсагы ачпайт эле
  • Эч кандай касиети жок болчу
  • Аны жеген адамдын каалаган тилеги орундалат
  • Аны жеген абышка-кемпир улам жашарып турчу
Вопрос 2

"Акыл Карачач" жомогундагы Жээренче чечендин "Узун жолду кыскарт " деген сөзүнүн маанисин кандай түшүнуугоө болот?

Варианты ответов
  • Жолду кетмендеп чаап кыскартуу
  • Катуу чуркап көздөгөн жерге жетүү
  • Өткөн-кеткенден кеп салуу
  • Узун жолду кыскартууга болбойт
Вопрос 3

"Адамды шайтан азгырат, артык дөөлөт мас кылат. Тумшугу таштай катарда, тууган менен кас кылат", - деген саптар кайсы жомокко таандык?

Варианты ответов
  • "Алтын куш" жомогуна
  • "Бугу эне" тууралуу жомокко
  • "Акыл Карачач" жомогуна
  • "Акылдуу дыйкан" жомогуна
Вопрос 4

"Акылдуу дыйкан" жомогунда дыйкан хан болуп "Акыл менен журт сурап калыптыр" дегендин маанисин кандай түшүнөсүңор?

Варианты ответов
  • Эли журтуна акылдуу суроолорду бериптир
  • Элин акыл-эси менен башкарып калыптыр
  • Элине акыл-насаат айта баштаптыг
  • Эли менен кеңешип калыптыр
Вопрос 5

Улуулар турмушта болгон ар кандай окуядан акыл менен жыйынтык чыгарып, улам кичүүлөргө накыл кылып айтып калтырган дидактикалык чыгармалар?

 

Варианты ответов
  • Эмгек ырлары
  • Табышмактар
  • Жомок-уламыштар
  • Макал-лакаптар
Вопрос 6

Төмөнкү табышмактын жандырмагын туура жообун тапкыла. "Түр-түр килем, түр килем. Түрө албадым бир килем. Сал-сал килем, сал килем. Сала албадым бир килем".

Варианты ответов
  • Асман - жер
  • Кум-таш
  • Булуттар
  • Килемдин түрлөрү
Вопрос 7

Бат сүйлөшүүгө, тилди өстүрүүгө жана жатыктырууга жардам берүүчү, сөздүн угумдуу болушуна жардам берген чыгармалар кайсылар?

Варианты ответов
  • Макал-лакаптар
  • Жаңылмачтар
  • Табышмактар
  • Акыйнек айтышуу
Вопрос 8

"Манас" эпосундагы чоң жинди ким? Ал атты балага ким койгон?

Варианты ответов
  • Кутубий, Ошпур
  • Ажыбай, Жакып
  • Манас, Акбалта
  • Канжаркол, Эсенкан
Вопрос 9

Жакыпка бул кеңешти ким айтып жатат? "Айтканым уккун сен, Жакып, эми малдын баарын чачалык, Медер кылып Манасты, кыргызды көздөй качалык. Бул Алтайга турганда, не Муратка жетерлик. Курган жан аман барында, Кыргыз кирип кетелик!".

Варианты ответов
  • Акбалта
  • Бакай
  • Ошпур
  • Чыйырды
Вопрос 10

Ч.Айтматовдун "Бугу эне" жомогунда "Жылдыздар адам болсо, көккө бармак эмес. Балыктар адам болсо, сууга батмак эмес" - деген сөздөр кимге таандык?

Варианты ответов
  • Майрык-Чаар-Жезкемпир
  • Кыргыздын душмандары
  • Мүйүздүү Бугу эне
  • Бугу эненин балдары
Вопрос 11

Илгери-илгери улуу кыргыз журту мекендеген Эне-сай жөнүндө ушул ыр калган. Ошол Эне-сай кайда жайгашкан ? Эне-сай, сенден жайкын өзөн барбы? Энесай, сенден жаркын мекен барбы? Энесай, сенден кыйын азап барбы? Энесай, сендей ыйык азат барбы?

Варианты ответов
  • Кыргызстандын түштүгүндө
  • Кыргызстандын түндүгүндө
  • Кең өзөн түндүктө Сибирь деген жерде
  • Арал деңизине жакын жерде
Вопрос 12

Т. Үмөталиевдин "Күч бирдикте" чыгармасында карыя балдарын биримдикке тарбиялоо үчүн кандай акыл ойлоп тапты?

Варианты ответов
  • Балдарын бири-бири менен күч сынаштырды
  • Айылдын балбан балдары менен күч сынаштырды
  • Бооланган ыргайды тобу менен сындыртып сынады
  • Даракты түбү менен онкоргула деди
Вопрос 13

Адам таппас акылы менен энелер бүтүндөй элин жоодон сактап калгандыгы тууралуу чыгарма кандай аталат? Чыгарма кимге тиешелүү?

Варианты ответов
  • "Жетим менен сыйкырчы" А.Токомбаев
  • "Күч бирдикте" Т. Үмөталиев
  • "Бугу эне" Ч. Айтматов
  • "Эненин жүрөгү" Ж.Сыдыков
Вопрос 14

С.Рысбаевдин "Балык балдар" чыгармасындагы көл жээгинде кум сепилдери куруп ойногон балдар эмне себептен балык балдарга айланып кеткен?

Варианты ответов
  • Так талашып, байлыкка көпкөн адамдардын айынан
  • Сыйкырчы аларды дубалап, балыкка айлантып жиберген
  • Алар ата-энесин капа кылгандыгы үчүн
  • Алар башынан эле балыктын балдары болушкан
Вопрос 15

Кыргыз балдар адабиятындагы илимий-фантастика жанрына негиз салган жазуучу ким?

Варианты ответов
  • Беганас Сартов
  • Жоомарт Бөкөнбаев
  • Кусейин Эсенкожоев
  • Аалы Токомбаев
Вопрос 16

1916-жылы үркүндө катаал турмуш, оор тагдырды башынан кечирген элибиздин турмушун баяндаган чыгарма кандай аталат, автору ким?

Варианты ответов
  • "Неге кечигет? " А.Осмонов
  • "Кайран эл" Ы. Шайбеков
  • "Алакан" С.Жусуев
  • "Күч бирдикте" Т. Үмөталиев
Вопрос 17

К. Баялиновдун "Ажар" повестинде Ажардын тагдыры кандай аяктады?

Варианты ответов
  • Ажар карышкырларга жем болду.
  • Ажар Чырдан качып, Какшаалдагы кыргыздарга барды.
  • Ажар өзү теңдүү жигитке турмушка чыкты.
  • Ажар бей-бечараларга жардам берди.
Вопрос 18

Телегейдин каардуу согуш учурундагы оор шарттарда адамдык кандай сыпаттары өзгөчө көрдү?

Варианты ответов
  • Кайраты, эрки.
  • Мээримдүүлүгу, уялчаактыгы.
  • Таш боор, мерездиги.
  • Коркоктугу, тартынчаактыгы
Вопрос 19

Улуу Ата-мекендик согуш темасына арналган чыгармалар кайсылар?

Варианты ответов
  • "Карагул ботом", "Телибай тентек", "Эр жигитке сын", "Күч бирдикте".
  • "Ала-Тоо", " Болор жигит", "Болбос жигит", "Тянь-Шань".
  • "Тоо-эчки", " Булут", " Жамгыр", "Кыргыз тоолору".
  • "Неге кечигет", "Бүкөнтай", " Алакан", "Атадан калган туяк ".
Сохранить у себя: