СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

2-аралык текшерүү 3-вариант

Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
2-аралык текшерүү 3-вариант

Список вопросов теста

Вопрос 1

Толукта. Стилистика ... изилдөөчү илим.

Варианты ответов
  • тилдик каражаттарды пикир алышуунун максатына, жагдайына жана чөйрөсүнө карап колдонулуш ыкмаларын
  • тилдик каражаттарды стилдерге карап колдонулуш ыкмаларын
  • улуттук тилдин лингивистикалык да, экстралингивистикалык да мүмкүнчүлүктөрүн өзүнө камтыган ыкмаларды
  • ар кандай стилдеги, жанрдагы, түрдөгү, көлөмдөгү тексттерди талдоо ыкмаларын
Вопрос 2

Улуттук тилдин лингивистикалык да, экстралингивистикалык да мүмкүнчүлүктөрүн өзүнө камтыган, тилдин кылымдар бою калыптанган  стилдик байлыктарын чагылдырган бирдик.

Варианты ответов
  • стилистика
  • текст
  • адабий тил
  • тема
Вопрос 3

Төмөнкү саптарда кездешкен оксюморонду белгиле жана туура жазылышына көңүл бур.

 

Ал сөздү айтып Алооке

Калкынын көөнүн басыптыр.

Тирүү өлүк болбойм деп,

Түн киргенде качыптыр.(“Манас”)

Варианты ответов
  • тирүү өлүк
  • түн киргенде качуу
  • көөнүн басуу
  • тирүү-өлүк
Вопрос 4

Төмөнкү ыр саптары көркөм стилдин кайсы фонетикалык-стилистикалык каражатына мисал боло алат?

 

Жаралып калган үчүн корстон болбой,

Жан багып жүргөн үчүн арстан болбой,

Адам бол деп жатпайбы сүйгөн жарды.

Адам бол деп жатпайбы билген жанды.

Чөнтөгүң кабат кабат болгон менен,

 

Дүйнөң жарды, дүйнөң жарды, дүйнөң жарды.      (Ш.Д.)

Варианты ответов
  • эпифора
  • анафора
  • параллелизм
  • кайталоо
Вопрос 5

Төмөнкү ыр саптары көркөм стилдин кайсы фонетикалык-стилистикалык каражатына мисал боло алат?

 

Ааламды нурга бөлөйсүн

Ак көйнөк кийсен көйкөлүп

Ааламда бир да аялзат

Ажарлуу эмес сенчелик

Варианты ответов
  • ассонанс
  • аллитерация
  • эпифора
  • анафора
Вопрос 6

Көркөм, илимий жана публицистикалык чыгармалардын мазмунуна, актуалдуулугуна   пайда болгон өзгөчөлүктөрүнө карата экинчи тараптын ой-пикири  –

Варианты ответов
  • аннотация
  • пикир
  • тезис
  • билдирүү
Вопрос 7

Публицистикалык стиль тилдик бирдиктерди жана экстратилдик каражаттарды колдонуу өзгөчүлүгү боюнча кандай болуп бөлүнөт?

а) расмий жана бейрасмий публицистикалык

Варианты ответов
  • расмий жана бейрасмий публицистикалык
  • хроника, очерк, маалымат
  • расмий публицистикалык
  • очерк, кабар, маалымат
Вопрос 8

Сүйлөшүү стилди башка стилдерден айырмалап турган белгилер.

Варианты ответов
  • жашы, көз карашы, кесиби, улуту, кызмат абалы, кызыгуулары, билим денгээли ар түрдүү болгон адамдардын тобуна арналгандыгы
  • адамдардын турмуш-тиричилик, үй-бүлөдөгү, өндүрүштөгү бейрасмий мамилелер чөйрөсүндөгү эркин пикир алмашууларга, адабий тилдин бардык стилдеринин белгилерин ичине камтыгандыгы
  • логикалуулугу, түшүнүктүүлүгү, тактыгы, мазмундун жалпылангандыгы, абстрактуулугу
  • образдуулугу, элестүүлүгү, эстетикалык касиетке ээ болушу, тилдик каражаттардын байлыгы
Вопрос 9

Мазмундук каталарга кандай каталар кирет?

Варианты ответов
  • орфографиялык, пунктуациялык жана орфоэпиялык
  • стилистикалык жана стилдик
  • орфографиялын, пунктограммалык
  • мазмундук жана формалык
Вопрос 10

Көздү  ирмегиче келип калдым. Стилистикалык кандай катага жол берилди?

Варианты ответов
  • сөздүн лексикалык маанисин так билбөө
  • маанилеш сөздөрдө удаалаш колдонуу
  • кепте диалектизмдерди жана орой сөздөрдү пайдалануу
  • фразеологизмдердин компоненттерин бузуудан кеткен каталар
Вопрос 11

Айтыла турган ойдун мазмунуна жараша тексттин бөлүнүшү.

Варианты ответов
  • ойдун башталышы, ойдун өнүгүшү, ойдун аякташы
  • абзац, тема, подтема, микротема
  • баяндоо, сүрөттөө, ой жүгүртүү
  • тезис, далилдер, корутунду
Вопрос 12

Төмөндөгү сүйлөмдү байланыштыруучу тилдик каражат.

 Өз сырыңды сактоого жокпу амалың,

Бөтөн жандар сактабайт, таңданбагын («Ой гүлдөрү»).

Варианты ответов
  • антонимдик байланыш
  • синонимдик байланыш
  • удаалаш байланыш
  • сөздөрдүн кайталанышы аркылуу байланыш
Вопрос 13

Төмөнкү саптарда кездешкен оксюморондорду белгиле.

 

Түгөнгөн сайын түтөгөн

Тиги, Дүмбөкүнүн тукуму,

Өлгөн сайын өөрчүгөн

Өрттөнгүрдүн тукуму. (“Семетей”)

Варианты ответов
  • өрттөнгөндүн тукуму
  • түгөнгөн сайын түтөгөн
  • түгөнгөн сайын түтөгөн, өлгөн сайын өөрчүгөн
  • өлгөн сайын өөрчүгөн
Вопрос 14

Төмөнкү ыр саптары көркөм стилдин кайсы фонетикалык-стилистикалык каражатына мисал боло алат?

 

Көзүөткөн аталардын ордун басып,

Көйгөйлүү көр пенденин жолун басып.

Көтөрүп көк желкеге оор жүктү,

Келатам таштай албай шорум катып. (Н.А.)

Варианты ответов
  • ассонанс
  • аллитерация
  • эпифора
  • анафора
Вопрос 15

Төмөнкү ыр саптары көркөм стилдин кайсы фонетикалык-стилистикалык каражатына мисал боло алат?

Аппак гүл сунам апа, картайбачы
Ак сарай курам сага, картайбачы
Алдыңа алтын төшөп беремин деп,
Чок кармап турам апа, картайбачы...

Варианты ответов
  • ассонанс
  • аллитерация
  • эпифора
  • анафора
Вопрос 16

Илимий стилдин тилдик каражаттарын тап

Варианты ответов
  • орток маанилүү сөздөр, боектуу сөздөр
  • терминдер, жалпы илимий сөздөр
  • саясий терминдер, антонимдер
  • орток маанилүү сөздөр, фразеологизмдер
Вопрос 17

Публицистикалык стилдин подстилдерин тап

Варианты ответов
  • аңгеме, поэзия, лирика
  • фельетон, макала, интервью
  • арыз, акт, отчет
  • драма, отчет, памфлет
Вопрос 18

Сүйлөмдөрдө оозеки кептин кайсыл каражаты колдонулду? Биз келе жатып коендун сүрөтүн тарттык да, эжекеге лагманды   илдик. Бирок акырында менттерге кармалдык. Ошондо  бармагыбызды каттуу тиштегенбиз.

Варианты ответов
  • варваризмдер
  • жаргондор
  • диалектизмдер
  • салтанаттуу сөздөр
Вопрос 19

Айылдагы мектепке он компьютерлер алынды. Сүйлөмдө кандай катага жол берилди?

Варианты ответов
  • синонимдеш сөздөрдү орунсуз керектөө
  • туура эмес сөз жасоо
  • көптүк санды уюштуруучу мүчөнү туура эмес колдонуу
  • сын атоочко байланышкан стилистикалык ката
Вопрос 20

Темадан четтөө кандай катанын түрүнө кирет?

Варианты ответов
  • стилдик
  • стилистикалык
  • туура эмес сөз жасоо
  • сөздүн лексикалык маанисин так билбөө
Сохранить у себя: