СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

10-класс

Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Механикалык термелүүлөр жана толкундар.

Список вопросов теста

Вопрос 1

Мезгил-мезгил менен кайталана берүүчү кыймылдар  . . .  деп аталат. 

Варианты ответов
  • Термелүү кыймылы
  • Өтүлгөн жол
  • Ылдамдык
  • Ылдамдануу
Вопрос 2

Чоюлбаган, салмаксыз ичке жипке илинген материалдык чекит математикалык  . . .  деп аталат.

Варианты ответов
  • Эсеп
  • Маятник
  • Шар
  • Чекит
Вопрос 3

Бир толук термелүүгө кеткен убакыт  . . .  деп аталат. 

Варианты ответов
  • Ылдамдык
  • Убакыт
  • Мезгил
  • Которулуш
Вопрос 4

Тең салмактуулук абалынан эң алыс четтөө аралыгы термелүүнүн  . . .  деп аталат. 

Варианты ответов
  • Мезгил
  • Жыштыгы
  • Амплитудасы
  • Фазасы
Вопрос 5

1секунд ичинде термелүүлөрдүн саны термелүү  . . .   деп аталат. 

Варианты ответов
  • Амплитудасы
  • Жыштыгы
  • Мезгили
  • Фазасы
Вопрос 6

Каалаган убакыттын ичинде термелген нерсе тең салмактуулук абалынан канча аралыкка жылганын же канча бурчка бурулганын көрсөтүүчү сан термелүүнүн  . . .  деп аталат.

Варианты ответов
  • Ылдамдыгы
  • Жыштыгы
  • Мезгили
  • Фазасы
Вопрос 7

Бир жолу тең салмактуулук абалынан чыгарылган соң нерседе системанын ички күчүнүн таасири астында пайда болгон термелүү  . . .  деп аталат.

Варианты ответов
  • Эркин термелүү
  • Аргасыз термелүү
  • Басаңдоочу термелүү
  • Гармоникалык термелүү
Вопрос 8

Убакыттын өтүшү менен амплитудасы кичирее берүүчү термелүү өчүүчү,  же   . . .  деп аталат.

Варианты ответов
  • Аргасыз
  • Эркин
  • Басаңдоочу
  • Гармоникалык
Вопрос 9

Убакытка көз каранды болгон физикалык чоңдуктардын синус жана косинус закону боюнча мезгилдүү өзгөрүшү  . . .  деп аталат.

Варианты ответов
  • Гармоникалык термелүү
  • Басаңдоочу термелүү
  • Аргасыз термелүү
  • Эркин термелүү
Вопрос 10

Системага аракет эткен сырткы күчтүн жыштыгынын сисманын өзжүк жыштыгы менен дал келген кезиндеги амплитуданын кескин чоңоюу кубулушу  . . .  деп аталат.

Варианты ответов
  • Мезгил
  • Толкун
  • Резонанс
  • Маятник
Вопрос 11

Убакыттын өтүшү менен чөйрөдө, мейкиндикте термелүүнүн таралышы  . . .  деп аталат.

Варианты ответов
  • Толкун
  • Мезгил
  • Жыштык
  • Фаза
Вопрос 12

Эгер нерсенин бөлүкчөлөрүнүн которулуу багыты толкундун таралуу багытына перпендикуляр болсо, анда  . . .  деп аталат.

Варианты ответов
  • Узатасынан кеткен толкун
  • Туурасынан кеткен толкун
  • Узатасынан кеткен мезгил
  • Туурасынан кеткен мезгил
Вопрос 13

Эгерде нерсенин бөлүкчөлөрүнүн которулуу багыты толкундун таралуу багытына дал келсе, анда  . . .  деп аталат.

Варианты ответов
  • Туурасынан кеткен толкун
  • Узатасынан кеткен толкун
  • Туурасынан кеткен мезгил
  • Узатасынан кеткен мезгил
Вопрос 14

Толкундун жолун дагы тоскоолдукту айланып өтүү кубулушу толкундун  . . .   деп аталат.

Варианты ответов
  • Интерференциясы
  • Дифракциясы
  • Когеренттүү булактары
  • Фазасы
Вопрос 15

Эки же андан көп булактардан таралган толкундардын катталуусундагы күчөп же начарлоонун кезектешүү кубулушу толкундун  . . .  деп аталат.

Варианты ответов
  • Дифракциясы
  • Фазасы
  • Интерференциясы
  • Когеренттүү булактары
Вопрос 16

Жыштыктары, фазалары бирдей болгон, же фазаларынын айырмасы турактуу сакталган булактар  . . .   деп аталат.

Варианты ответов
  • Когеренттүү булактар
  • Дифракция
  • Интерференция
  • Фаза
Вопрос 17

Дифракция латын тилинен кыргызчага которгондо  . . .  дегенди билгизет.

Варианты ответов
  • Сынган
  • Чагылган
  • Чоюулган
  • Коюулган
Вопрос 18

Үн кубулуштарын окутуп-үйрөтүүчү физиканын бөлүгү  . . .  деп аталат.

Варианты ответов
  • Камертон
  • Акустика
  • Оптика
  • Резонанс
Вопрос 19

Термелүү жыштыгы 17 Гцке чейинки термелүүлөр  . . .  деп аталат. 

Варианты ответов
  • Инфраүн термелүүсү
  • Ультраүн термелүүсү
  • Инфраүн жыштыгы
  • Ультраүн жыштыгы
Вопрос 20

Термелүү жыштыгы 20 000 Гцтен жогорку термелүүлөр  . . .  деп аталат. 

Варианты ответов
  • Ультраүн термелүүсү
  • Инфраүн термелүүсү
  • Ультраүн жыштыгы
  • Инфраүн жыштыгы
Сохранить у себя: