СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жүрөктүн терезеси

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Жүрөктүн терезеси»

Жүрөктүн терезеси

Бир үй-бүлөө жаңы үйгө көчүп барат.Эртең менен ойгонгон аялы терезеден кир жайып жаткан кошуна аялды шыкаалап туруп:"Карасаң тигинин жууган кирин.Таза чайкабайбы.Кир еле бойдон жайып жатат "деп,эч нерсеге көңүл бурбай гезит окуп отурган күйөөсүнө тыңсынат."Анын самыны начарбы?Же кир жууганды билбейби ?Үйрөтүп койсомбу"деп күйгүлтүккө түшөт.

Ошентип кошунасы адеп еле кир жууп жайган сайын ,анын жууган киринин таза эместигине таңгала берет.

Бир күнү эртең мененки салкында айнектен карап туруп:"Оо бүгүн жууган кири таза экен .Кир жууганды үйрөнгөн окшойт деп сүйүнүп кетет. Муну байкап калган күйөөсү : "Жоок сен байкабай калган турбайсыңбы , бүгүн мен таң заардан туруп,терезени таптаза кылып жууп койгонмун"деген экен.

Турмушта кандай окуялар болуп жатканын өз терезебиздин айнегинен карап турабыз.Бирөөнү сындагандан мурун ,өзүбүздүн жүрөгүбүздүн тазалыгын,ниеттерибиздин тазалыгына карап туруп айтсак гана!