| 1 | Уюштуруу Саламдашуу (2 мүнөт) | 1. Саламдашып, окуучулардын сабакка катышуусун тактоо, класстын тазалыгына көңүл буруу, топторго бөлүп алуу. 1-топ Жаратмандар (Келечекте жаңы идеяларды жаратуучулар) 2-топ Зиректер (Баамчылдар) 2. Жагымдуу маанай түзөт. 3.Алтын эрежелерди кабыл алышат. 1) Сабакка активдүү катышабыз. 2) Бири-бирибиздин оюбузду угабыз. 3) Жаңы идея алабыз. 4) Билгендерибизди башкаларга чачыратабыз Экранга баалоо критерийин түшүрүп, өзүн-өзү баалоо баракчаларын таркатат. 1. Аналогияларды туура таба алуу 2. Маанилерине карап сүйлөмдөрдү толуктоо 3. Окуп, түшүнө алуу 4. Орфографиялык сабаттуулугу 5. Тесттик суроолорго жооп берүүсү 6. Топто активдүү иштөө | Саламдашышат. Окуучулар бири-бирине каалоо айтышат. -Сабакка даяр турушат -Мугалимди угушат -Тема боюнча сүйлөшөт Баалоо критерийин түшүнүшүп, өзүн-өзү баалоо боюнча маалымат алышат, сабактын жүрүшүндө ар бир этапта өздөрүн баалап турушат | НК 2 НК 2 | ПК 1 ПК 1 | Бара-келде! Бали, эң сонун! (калып-танды-руучу) |
| 3 | Актуалдаш-тыруу (3 мүнөт) | Диалог жүргүзөт, окуучунун эске тутуусун, көңүл буруусун активдештирет. Аналогияларды кантип табабыз? Байланыштын канча түрү бар? Окуу жана түшүнүү тексттери менен кантип иштейбиз? | Окуучулар диалогго катышышат, суроолорго жооп беришет. | НК 3 | ПК 1 | Туура! Аракет-тен! Жигер-дүү иштей-биз! |
| 5 | Интерактивдүү көнүгүүлөр (15 мүнөт) | 1-топтук тапшырма Аналогияарды табуу (Ар бир топко 10дон аналогия) 1. сөз : тамга А) бак : бутак Б) чөп : сабак В) өң : кызыл Г) сан : цифра 2. жаян : чортон А) бөлтүрүк : ит Б) чөө : карышкыр В) сүт эмүүчү : кит Г) төө : төө куш 3. спидометр : ылдамдык А) термометр : температура Б) мейкиндик : көлөм В) барометр : миллибар Г) амперметр : вольт 4. чучук : ичеги А) жарма : талкан Б) манты : камыр В) беш бармак : эт Г) торт : крем 5. вольт : вольтметр А) литр : көлөм Б) миллибар : барометр В) минута : убакыт Г) узундук : сызгыч 2-топтук тапшырма Текст менен иштөө 1-топ “Ак куу” тексти 2-топ “Калай” тексти 3-топтук тапшырма Ушул эле тексттер силерге канчалык деңгээлде түшүнүктүү болгонун текшерүү максатында сүйлөмдөрдү толуктайбыз. 1. Мындан көптөгөн ... жылдар мурда адамдар ... эритип, аларды ... жолун табышкан. А) миң, металлдарды, иштетүүнүн Б) жүз, коргошунду, пайдалануунун В) узак, ташты, иштетүү Г) он, буюмдарды, жасоо 2. Колодон ... куюп, ..., ..., ... жасашкан. А) эстелик, кылыч, найза, акча Б) айкел, жаа, жебе, тыйын. В) статуяларды, кылыч, идиш, акча-тыйын Г) айкел, найза, жаа, жебе 3. Калай кайрадан ... металлдардын арасында ... орундардын ... ээледи. А) көптөгөн, ардактуу, бирин Б) миңдеген, барктуу, миңин В) жүздөгөн, кадырлуу, көбүн Г) ондогон, өтүмдүү, бир нечесин 1.Ак куу байыртадан эле ..., ... ... ... символу катары саналат. А) сүйүүнүн,аруулук менен назиктиктин Б) актыктын, тазалык менен сулуулуктун В) жаштыктын, мээрим менен боорукерликтин Г) күчтүүлүктүн, сактык менен куулуктун 2. Ак куу ... куштарга кирбейт. А)ырдоочу Б) сайроочу В) үн чыгаруучу Г) бийлөөчү 3. Көлмөдө ... жүргөн ак куу андан да ... , ... көрүнөт. А) каалгып, аппак, койкоюп Б) чардап, керемет, сулуу В) учуп, бийик, шаңдуу Г) сүзүп, кооз, сулуу | Аналогияларды табууга активдүү катышышат. Текст менен иштешет, фактыларды табышат, суроолорго жооп беришет. Окуучулар сүйлөмдөрдүн маанисине карап, калтырылган сөздөрдү табышат. | НК 3 | ПК 2 | Калып-танды-руучу баалоо |