Окшоштуктар ар кайсы түрдөгү байланыштардын негизинде, мисалы, түшүнүктөрдү салыштыруу боюнча түзүлөт:
пил : кумурска
(А) ташбака : төө
(Б) аары : чымын
(В) теке : кочкор
(Г) кит : чычкан
Эталон жуптагы сөздөр ортосунда кандай байланыш болушу мүмкүн экенин ойлонуп көрүңүз. Пил менен кумурсканын өзгөчө айырмаланып турган байланышы – бул бири-бирине таптакыр окшош эмес жандыктардын көлөмү. Аталган жандыктардын ортосунда дал ушул көлөм жагынан салыштыруу байланышы бар.
Көңүл буруп карасаңыз, жуптагы биринчи орунда чоң нерсени билдирген сөз, экинчи орунда кичинени билдирген сөз турат. Демек, пил : кумурска үлгү жубуна кит : чычкан жубу туура келет. Анткени бул жупта да жогорудагыдай байланыш бар. Туура жооп - (Г).
Окшоштуктар бүтүн менен бөлүктүн катышынын негизинде да түзүлүшү мүмкүн, мисалы:
ботаника : биология
(А) тарых : окуу китеп
(Б) физика : математика
(В) жомок : уламыш
(Г) хирургия : медицина
Туура жооп - (Г), анткени бул вариантта, үлгү жуптагыдай эле, сөздөр ортосунда бүтүн менен бөлүктүн катышы көрүнөт: хирургия – бул медицинанын бөлүгү (ботаника дагы – биологиянын бөлүгү).
Окшоштуктар түшүнүктөрдүн ортосундагы байланышты талдоо негизинде дагы түзүлүшү мүмкүн:
музыка : композитор
(А) ыр : акын
(Б) аэродром : учкуч
(В) бензин : конструктор
(Г) доктор : оорулуу
Туура жооп - (А), анткени сунуш кылынган сөздөрдүн ортосундагы байланышты талдап көргөндө композитор музыканы жараткандай эле, акын дагы ыр жазат деген жыйынтыкка келебиз.
Окшоштуктар түшүнүктөр ортосундагы бирдейлик же карама-каршылык негизинде да түзүлүшү мүмкүн (синонимдер жана антонимдер):
конкурент : атаандаш
(А) дос : тааныш
(Б) он : сан
(В) эркиндик : эрк
(Г) кесиптеш : кызматташ
Туура жооп - (Г).
Үлгү жуптагы сөздөр адамдарды билдире тургандыгына, алар синонимдер экендигине көңүл буруңуз. Жооптун биринчи вариантындагы дос : тааныш сөздөрү экөө тең адамдарды билдиргени менен, синоним болбогон ар түрдүү түшүнүктөрдү камтыйт. Экинчи (Б) жана үчүнчү (В) варианттарда он : сан жана эркиндик : эрк сөздөрү бири-бирине абдан жакын түшүнүктөр болсо дагы, булар адамдарды билдирбейт. Кесиптеш : кызматташ (Г) жубу гана адамдарды билдирген сөздөрдүн синонимдик байланышын туюнтат. Ушул жуп бул аналогиядагы туура жооп болуп саналат.
Аналогиялар сөздөр ортосундагы себеп-натыйжа байланышынын негизинде түзүлүшү мүмкүн:
коркуу : качуу
(А) жумуш : чарчоо
(Б) ишенбөө : алдоо
(В) мактоо : тилдөө
(Г) оңдоо : бузуу
Туура жооп - (А).
Үлгү жуптагы коркуу жана качуу сөздөрүнүн ортосунда кандай логикалык байланыш болушу мүмкүн экендигин ойлонуп көрүңүз. Бул үчүн ушул сөздөрдөн кыска сүйлөм түзүү мүмкүн: Коркуу качууга себеп болот.
Эми жооп варианттардын ар бириндеги сөздөр менен сүйлөм түзүп көрүңүз. Анан кайсы жуптагы сөздөр эталон жуптагыга эң окшош сүйлөм түзүүгө мүмкүндүк берерин аныктаңыз.
(Г) жообу туура болбойт, анткени сөздөрдүн тескери тартибин көрсөтөт: оңдоо бузуунун себеби болбойт. (Б) жана (В) жоопторунда ишенбөө алдоонун жана мактоо тилдөөнүн себеби болбойт. (А) жообу туура, анткени бул сөздөр менен дагы үлгү жуптагыдай эле: Жумуш чарчоонун себеби болот деген сүйлөм түзүүгө болот.
Окшоштуктардын негизинде кыймыл-аракеттердин, көрүнүштөрдүн же окуялардын ирети болушу мүмкүн. Мисалы:
жыл : декабрь
(А) таң : түн
(Б) жай : август
(В) ай : ноябрь
(Г) саат : мүнөт
Туура жооп - (Б). Календардык жылдын акыркы айы – декабрь, дал ошондой эле жайдын акыркы айы – август.
Окшоштуктар боюнча тапшырмалар сөздөр ортосундагы бир же бир нече белгилер боюнча окшоштукту же айырмачылыкты көрсөтүшү мүмкүн.
күкүм : нан
(А) саат : мүнөт
(Б) таарынды : жыгач
(В) чымчым : шекер
(Г) суу : чака
Үлгү жуптагы сөздөр менен сүйлөм түзүп көрүңүз. Алардын ортосунда байланыш көрүнөт: күкүм – бул нандын абдан кичинекей бөлүгү. Бирок мындай байланыш таарынды : жыгач жана чымчым : шекер сөздөрүнүн ортосунда деле байкалат. Тест тапшырмасында эки жооп туура болушу мүмкүн эмес. Демек, үлгү жуптагы сөздөрдүн ортосунда дагы бир башка түрдөгү байланышты табуу зарыл. Күкүм : нан – бул, чымчым : шекер сыяктуу эле, адам тамактануучу азыкты билдирүүчү сөздөр. Суу : чака жана саат : мүнөт мындай түрдөгү катышка туура келбейт. Саат : мүнөт жубу, мындан тышкары, үлгү жуптагы сөздөрдүн катышына карама-каршы байланышты билдирет: биринчи орунда чоң бөлүктү билдирген, экинчи орунда кичине бөлүктү билдирген сөз турат. Демек, бул аналогиядагы туура жооп (В) – чымчым : шекер.
Сүйлөмдөрдү толуктоо
, алыс жерден кезиккени таң калычтуу.
(А) чөлдө / деңизден / деңиз үлүлдөрүнүн кабыктары
(Б) романда / ба шталышынан / жаңы окуялар
(В) айылда / шаардан / короо-короо уйлар менен эчкилер
(Г) деңизде / кургактыктан / балыктардын чоң үйүрлөрү
(А) туура жооп, анткени андагы айтылган ой логикалык жактан туура: чындыгында эле деңизден алыс жакта, чөлдө деңиз үлүлдөрүнүн кабыктары табылганы таң калычтуу.
(Б), (В), (Г) – туура эмес жооптор, анткени аларда таң калычтуу эмес, табияттагы дайыма кезигип жүргөн нерселер жөнүндө сөз болот: уйларды айылда, балыкты деңизде, жаңы окуяларды романда кезиктирбегенде кайдан кезиктиресиз?
Эгер баланы кичинекейинен кызыктырса, анда жаш сөзсүз түрдө терең ойлонгон жана талаптуу болуп өсөт.
(А) жаратылышка / натуралист / профессор
(Б) кооздукка / сүрөтчү / скульптор
(В) китепке / окуучу / окурман
(Г) асманга / кыялкеч / учкуч
(А) туура эмес жооп, анткени эгер бул варианттагы сөздөрдү ырааты менен ушул сүйлөмгө жайгаштырсак, анда ар бир жаш натуралист сөзсүз түрдө профессор болуп чоңоет деген жаңылыш ой айтылат.
(Б) дагы дал ушундай себептен улам туура эмес: ар бир эле жаш сүрөтчү сөзсүз түрдө скульптор болуп чыга бербейт.
(В) туура жооп, анткени жаш китеп сүйүүчүнүн терең ойлонгон жана талаптуу окурман болуп өсүшү толук ыктымал.
(Г) туура эмес жооп, анткени жаш кыялкеч сөзсүз түрдө учкуч болуп чоңоет деген ой чындыкка туура келбейт.
Эгер кеңири белгилүү физикалык теория жаңы изилдөөлөрдүн натыйжалары менен __, анда эски окуудан толугу менен _ , аны ар тараптан карап чыгып, келечекте жарактуу бөлүгүн __керек.
(А) дал келсе / баш тартпай / кайра караштыруу
(Б) кагылышып калса / баш тартып / кайра караштыруу
(В) дал келсе / баш тартып / калтыруу
(Г) кагылышып калса / баш тартпай / калтыруу
(А) туура эмес жооп, анткени эгер теория жаңы изилдөөлөрдүн натыйжалары менен дал келсе, анда эмне үчүн андан баш тартуу керек?
(Б) туура эмес жооп, анткени эгер эскирген теориядан такыр баш тартуу керек болсо, андан аны кайра караштыруунун кажети да болбойт.
(В) туура эмес жооп, анткени эгер теориядан баш тартуу керек болсо, анда анын бир бөлүгүн сактап калуу керек деген сөздөр айтылган ойдун логикасына туура келбейт.
(Г) туура жооп, анткени андагы айтылган ой логикалык жактан туура: Эгер кеңири белгилүү физикалык теория жаңы изилдөөлөрдүн натыйжалары менен кагылышып калса, анда эски окуудан толугу менен баш тартпай, аны ар тараптан карап чыгып, келечекте жарактуу бөлүгүн калтыруу керек.
Туура жооп - (Г).
Сулуулук түшүнүгү , эгер жакшылап ойлонуп көрсөк, анда сулуулук менен сулуу эместиктин ортосунда деген жыйынттыка келүүгө .
(А) анык мааниге ээ / так чегара жок / болот
(Б) анык мааниге ээ эмес / так чегара жок / болот
(В) анык мааниге ээ / так чегара бар / болбойт
(Г) анык мааниге ээ эмес / так чегара бар / болот
(А) туура эмес жооп, анткени эгер сулуулук түшүнүгү анык мааниге ээ болсо, б.а. сулуу же сулуу эмес деп так кесе айтууга мүмкүн болсо, анда сулуулук жана сулуу эместик түшүнүктөрүнүн ортосунда так чегара жок деген жыйынтык айтылган ойдун бүтүндүгүн бузат.
(Б) туура жооп, анткени эгер жогорудагы сүйлөмгө бул варианттагы сүйлөмдү ырааттуу түрдө жайгаштырсак, анда чындыкка дал келген туура ой айтылат: Сулуулук түшүнүгү анык мааниге ээ эмес, эгер жакшылап ойлонуп көрсөк, анда сулуулук менен сулуу эместиктин ортосунда так чегара жок деген жыйынтыкка келүүгө болот.
(В) туура эмес жооп, анткени эгер сулуулук түшүнүгү анык мааниге ээ болсо, анда сулуу жана сулуу эмес деген түшүнүктөрдүн ортосунда так чегара бар болот, ал эми жооптун бул вариантында мындай чегара жок деп айтылган.
(Г) туура эмес жооп. Эгер сулуулук түшүнүгү анык мааниге ээ эмес болсо, анда сулуу жана сулуу эмес деген түшүнүктөрдүн ортосунда так чегара жок болот. Ал эми жооптун бул вариантында мындай чегара бар деп айтылган.
Өндүрүштүн жолу – бул продуктту чыгарууга мүмкүндүк берген жол.
(А) эң жаман / бүтүндөй / кыска убакыт ичинде
(Б) эң жакшы / берилген / эң аз чыгымдар менен
(В) эң жаман / сапаттуу / эң аз чыгымдар менен
(Г) эң жакшы / дефицит / эң аз чыгымдар менен
(А) туура эмес жооп, анткени бүтүндөй продуктту кыска убакыт ичинде чыгарууга мүмкүндүк берген өндүрүштүк ыкма сөзсүз түрдө эң жаман деп эсептелүүгө тийиш эмес.
(Б) туура жооп, анткени бул варианттагы сөздөрдү жогорудагы сүйлөмгө ырааттуу түрдө жайгаштырсак, анда чындыкка дал келген туура ой айтылат: Өндүрүштүн эң жакшы жолу – бул берилген продуктту эң аз чыгымдар менен чыгарууга мүмкүндүк берген жол.
(В) туура эмес жооп. Эгер сапаттуу товар эң аз чыгымдар менен өндүрүлсө, анда анын өндүрүлүш жолун эң начар деп баалоого болбойт.
(Г) туура эмес жооп. Эгер товар эң көп чыгымдар менен өндүрүлсө, анда анын өндүрүлүш жолу эң жакшы дегенге болбойт.
Текстти окуп түшүнүү
Берилген текст Т.Козубековдун «Айчыктуу ак калпак» деген макаласынан алынган.
Кыргыздын эң ыйык буюмунун бири – анын баш кийими. Кыргыз баш кийимин жерге таштабайт, өз уулунан башкага бербейт, белекке жолдобойт. Атүгүл аны адам отурган отургучка да койбойт.
Ак калпак кыргызды кыргыз кылып, башка элден айырмалап таанытып турган: Ала-Тоосу, Ысык-Көлү, боз үйү, комузу сыяктуу эле ата мурас энчиси. Ак калпактын бычылышы, тигилиши, түзүлүшү да боз үйдүн түндүгүн кайталап, кандайдыр бир элдик акылмандыкты, ыйык салт-санааларды туюнтуп тургандай сезилет. Ошондой эле төрт тарап, алардын бириккен жери – уюл-чоку. Этек жагы да улам кеңейип, төгөрөктүн төрт бурчунун чексиздигинен кабар берип тургансыйт. Тебетейибиз да ушул эле нукта жасалат. Түпкүрүндө ак калпактын эки капталында эки тилик кулакчыны болуп, ал кулактын үстүнө дал келип, калпактын туюк эки өңүрү алдыны карап, маңдайга кийиле турган. Аны айчыктуу ак калпак дешчү. Кийген адамдын чекеси жазылып, жарашып турчу. Азыр алдынан бир эле жырык чыгарып, аны чекебизге тумшукча кылып кондуруп алдык. Бул биздин өзүбүздүн ата мурас буюмубузга маани бербегенибизден го. Мурун эки кулакчыны эки канат болуп, оңду-солду имерип турган ыйык калпак эми мурдуман алысты көрө албайм дегенсип, жырык тумшукчага айланып калды. Бул эмне, мезгилдин өзгөрүшүбү же чабытыбыздын тарышыбы? Болбосо, «маданияттуу» кылалы деп кепкага окшоштурууга жасаган аракетибизби? Эркектин баш кийимин, мейли ак калпак же тебетей болсун, башынан эле айыл ичиндеги аты чыккан уздарга атайын бир адамга арнап тиктиришкен. Баланча тиккен калпак, түкүнчө жасаган тебетей экен деп көргөндөр көркүнөн таанып, даңаза кылышкан, сын-сыпатына тан беришкен. Бир уруунун бийлик төбөлү экинчи уруунун кандайдыр бир той-ашына урматтуу конок болуп чакырылганда гана өтө сыйконокко арнап калпак же тебетей тиктирилбесе, башка сыйлуу коноктордун алдына ат тартып, үстүнө тон жаап, колуна куш кондуруу менен гана чектелишкен. Анан ушундай дөөлөттүү ыйык буюмубуздун колдон колго өткөн катардагы буюмга айланып калышына ким күнөөлүү? Албетте, биринчи кезекте өзүбүз, өзүбүздүн эле эч нерсени энебеген аңкоолугубуз, ата салтын, элдин наркын унуткан манкурттугубуз, кошоматка кой сойгон ийилчээктигибиз... Кечээ, жыйырма-отуз жыл мурун эле ак калпакты кыргыздар чанда кийип, жалаң шляпа, кепкага өтүп албадык беле. Анан өз алдынчалыкка жеткенде, бат эле калпакка жабыла өтүп кетпедикпи. Ал аз келгенсип, кандай деңгээлдеги конок келбесин, мейли ал мамлекеттик же жекече ишмер болсун, мейли алар бирөө же он болсун, баарынын баштарына ата мурас калпагыбызды кондура коюу катардагы көрүнүш болуп калды. Өзүбүз четке чыксак да калпагыбызды көтөрө барып, тушкелди тапшырып кайтабыз.
«Бозону ашыкча ичсең, мас болосуң, досуңду ашыкча күтсөң, кас болосуң» дегендей, аша чаап кеттик эле, ата мурасыбыз ак калпактын түпкү маани- маңызы жоголду да калды.
Эми эмне кылышыбыз керек? Менимче, байпак чыгаргансып эле баш кийимди ашыкча чыгарганды токтотушубуз керек. Арзан, ашыкбаш буюм – барксыз буюм. Ошондой эле калпакты көрүнгөнгө эле тартуулай берүүнү да токтотуу зарыл. Ал эми калпакты жасаган уздар ойгелди ойкутуп-кайкыта бербей, баш кийимдин түпкү маани-маңызын сактап, көп эле ашыкбаш кетпей жасоолору тийиш. Себеби, ал – элдин ыйык буюму.
Ак калпакты кыргыздар эмне үчүн ыйык көргөн?
(А) Боз үйдүн түндүгүнө окшоштугу үчүн
(Б) Ата мурасы болгондугу үчүн
(В) Мыкты уздар тиккендиги үчүн
(Г) Адамга жарашыктуулугу үчүн
Бул суроо жалпы текстте берилген маалыматтардын негизинде коюлган. Ошондуктан адегенде эле текстти көңүл коюп окуп чыгуу керек. Текстте «... боз үйдүн түндүгүн кайталап... тургандай сезилет» (6-сап) деген ой бар. Бирок бул (А) жообунун тууралыгын далилдей албайт. Себеби, окшоштук ыйыктыктын себеби экендиги жөнүндө текстте ой жок.
(В) жообу туура сыяктанып турса да, текстте мыкты уздар тиккендиги үчүн эле ак калпакты кыргыздар ыйык тутуп калышкан деген түздөн-түз айтылган ой жок. Демек, бул жооп да ылайык келбейт.
Текстте (Г) жообуна үндөшкөн «Кийген адамдын чекеси жазылып, жарашып турчу» (12-сап) деген ой бар. Бирок, бул аны элдин ыйык көргөндүгүн далилдей албайт.
Жыйынтыгында (Б) жообу туура экендиги көрүнүп турат. Анткени, текстте баш кийим (ак калпак) кыргыздын эң ыйык буюмунун бири (1-сап), «ал (ак калпак) элдин ыйык буюму» (42-43-саптар), «ата мурас буюму» экендиги (14-сап) жана «ата мурасыбыз ак калпактын» (36-сап) маани-маңызын баалоонун зарылдыгы тууралуу баса айтылган ойлор бар. Ал эми аны «өз уулунан башкага бербегендиги» (2-сап) анын ата мурасы катары ыйыктыгын аныктап турат.
7