СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Жолоочу менен жылан" аңгемеси.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Адабий окуу сабагы боюнча: Сабакты USAID  "Келгиле, окуйбуз!" долбоору бонча өтүлгөн.

Просмотр содержимого документа
«"Жолоочу менен жылан" аңгемеси.»

Адабий окуу сабагы.

Сабактын темасы: Жолоочу менен жылан.

Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк: мугалим берген маалыматтан окуучу чыгарманын мазмунун түшүнөт, аны кайра айтып бере алат. Жакшылык менен жамандыкты ажырата билет.

Өнүктүрүүчүлүк: өз оюн эркин, далилдүү айта билүүгө машыгат. Сынчыл ой жүгүртө алат.

Тарбия берүүчүлүк: бирин- бири уга билгенге, сыйлоого, жакшылык кылууга, адамкерчиликтүү болууга үйрөнөт.

Мугалимдин иш аракети: сабактын темасын жана максатын айтып түшүндүрөт.

Көрсөткүчтөр: жогоруда коюлган максаттар ишке ашат, эгерде:

  • Чыгарманын мазмунун түшүнсө;

  • Чыгарманы өз сөзү менен айтып бере алса;

  • Жакшылык менен жамандыкты ажырата алса;

  • Чыгарманы талдай алса;

  • Өз оюн далилдүү айта алса;

  • Текст менен иштөөдө чыгармадан жакшылык менен жамандык кылуу тууралуу таап, көркөм окуп бере алса;

  • Топто иштеген тапшырманы мазмуну боюнча иреттеп кое алса;

  • Чыгарманын мазмунуна жараша жакшылык кылууга, адамкерчиликке үйрөнсө;

Сабактын тиби: аралаш

Колдонулган ыкма: үн чыгарып, тыным жасап окуу. Топто иштөө чаташкан чынжырчалар.

Сабактын жабдылышы: окуу китеби, сүрөттөр, карточкалар.

Сабактын жүрүшү (мугалим классты уюштурат, жагымдуу жагдай түзөт)

Кар оюну менен: (окуучуларга барактын жарымы таратылып өтүлгөн тема боюнча эмне билгенин баракка жазышат, дагы баракты тоголоктоп ыргытышат, кар бүртүгүн алып тегерек турушуп окушат, бул жерден окуучу катасын табат жана туура жазылган сөздөрдү айтышып мугалим доскага жазат). Өтүлгөн тема боюнча окуучулардын билимдерин текшерет, бышыктайт.

Жаӊы теманы түшундүрүугө өтөт.

Сабакта жаӊы өтүлүүчү чыгарма: Табышмактуу жылан.

Мугалим “Акыл чабуулу” ыкмасын колдонуп, балдарга кайрылат:

Балдар жылан тууралуу эмне билесинер?

Балдар:

  • Жылан тоолордо, токойлордо жашайт.

  • Сууда да жашайт.

  • Алар чагып алышы мүмкүн.

  • Кинодон көргөм.

  • Жылан тууралуу жомок уккам, мультфилм көргөм ж.б.

Мугалим : Рахмат, балдар силер жылан тууралуу көп нерселерди билет экенсинер. Эми бүгүн сабакта жылан менен адамдын мамилеси тууралуу жомокту окуйбуз. Адегенде сүрөттүн жарымы көрсөтүлүп окуучулардын оюн билүү.

  • Балдар бул сүрөттө эмне тартылган? Сүрөткө талкуу жургүзүп, жомокту окууга окуучуларды даярдайт.

Көӊүл бөлүп уккула. (жомокту улам тыным жасап, талкуу уюштуруу менен улантып окуп отурушат. Текстти көрктүү, каармандардын образына ылайык мугалим же окуучу кезек менен окушат).

  1. Бөлүк

Мугалим үн чыгарып окуйт:

Бир жолу жолоочу келе жатып тереӊ сууга кезикти. Сууда көпүрө жок болчу. Ары- бери карап, аргасыз баягы суудан кечип өтө турган болду. Жолоочунун жүгү оор болчу. Бутунан өтүгүн чечип, жүгүнө кошо таӊды да көтөрүп алды. Ошо маалда суу жээгинен жылан чыга калды да, адамча сүйлөдү:

  • Эй кайрымдуу адам. Мага жакшылык кылчы. Суудан өтө албай канча күндөн бери ушул жерде жүрөм. Өзүӊ менен кошо тиги жээкке өткөрүп койчу. Кылган жакшылыгыӊа чоӊ ыраазы болор элем...

Адам жүгү оор экенин айтып:

  • Мен сени кармап алайын десем колум да бош эмес. Кантип өткөрөм?- деди.

Мугалим балдарды талкууга тартуу максатында суроо менен кайрылат:

  1. Балдар, жылан да адам сыяктуу сУйлОй аларына ишенесиӊерби, өз оюӊарды

айткыла?

  1. Адам жыланга жардам берет деп ойлойсуӊарбы?

  2. Силер адамдын эмне кылышын каалар элеӊер?

Сүрөттүн экинчи жарымын көрсөтүу менен жомоктун экинчи бөлүгүнө өтөт.

2- бөлүк

  • Эч нерсе эмес. Мен сенин бутуӊа оролуп алайын...Адам макул болду. Жылан анын бутуна оролуп алды. Суу чоӊ болчу. Адам өйүзгө зорго өттү. Өйүзгө чыгып, жыланды карачы, ал адамдын бутун катуу чагып алды. Оорудан көзүнө от чагыла түшкөн адам жыланга кайрылып:

  • Эй сен анык наадантурбайсыӊбы! Менен кылган жакшылыгыма кылган ыраазычылыгыӊ ушулбу?- деди эси ооп баратып.

Анда жылан:

  • Мен сени атайын чакканым жок... сага ыразычылыгымды гана билдирдим,- деди сойлоп кетип баратып

Мугалим кайра суроо берүү менен талкууну улантат:

Окуянын башынында жылан эмнени суранды эле?

Адамдын жыланга жакшылык кылганы туура болдубу?

Жылан эмне үчүн адамды чагып алды?

Ыраазычылыкты жамандык кылуу менен билдирүү туурабы?

Кыймылдуу оюн: жылан жылат.

Окуучулар “ сыйкырдуу таякча “ көндүмү ( таякчада окуучунун аттары жазылган мугалим ошол таякчаны алып ) аркылуу жомокту кезек менен окушат.

Сөздөр дубалы: жаӊы сөздөр жазылган дубалга көӊүл бурушуп, талкуулашат.

Наадан - жакшылыкты билбеген

Өйузгө - суунун тиги жээги

Ысык стол көндүмү: окуучулар тегерек турушат, бир окуучу суроо берет туура жооп берген окуучу столго отуруп суроосун берет.

Андан соӊ мугалим жомоктогу окуяларды төрт бөлүккө бөлүп, төртөөнү төрт баракка жазып коет да, ар бир топко таркатат. Мугалим, албетте, балдардын иштеп жатканына көӊүл бөлүп, аларга багыт берип турат.

Топтун иш- аракети: ар бир топтун мүчөлөрү өз ара кеӊешип, талкуулап, жомоктун бөлүккө ажырап калган окуяларын ирети менен коюп чыгышы керек.

Сабакты бышыктоо: - Балдар жомок эмне жөнүндө экен?

  • Жомоктун окуясын ырааттулук менен иретке келтиришет да, аны окуу китептеги текст менен салыштырышат.

Окуучулардын билими сабактын максаттарына ылайык берилген көрсөткүчтөрдүн негизинде бааланат:

Үйгө тапшырма катары төмөнкүлөр берилет:

  1. Чыгарманы окуп, түшүнгөнүн айтып берүүгө машыккыла.

  2. “ Жакшылыкка жакшылык кылуу парз “деген макалдын маанисин чечмелегиле.

  3. Жакшылык кылуу жөнүндө айтып бергиле.