СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жеңижоктун кыраакылыгы

Категория: Литература

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Жеңижоктун кыраакылыгы»

Кыргыз адабият\7-класс\______________________________ I чейрек, 16-сабак

Тема:Акындын кыраакылыгы, сөз тапкычтыгы. Адабият теориясынан: айтыш тууралуу түшүнүк

Сабактын максаты:

Күтүлүүчү натыйжалар

Когнитивдик: окуучулар акындын кыраакылыгы, анын ырындагы көркөм-сөз каражатарында экенин аңдап билишет.

-айтыштагы ырларды адабий талдоого салып талдашат.

Социо-маданий: ар бир сөздүн маани-маңызын талдоого алышат.

-алтын эрежени сактап бири-биринин пикирин сыйлоого тарбияланышат.

Кептик: башка акындар менен салыштырат.

-ар бир окуучу өз пикирин башкаларга таңуулабай айтууга үйрөнөт.

Лингвистикалык минимундар: ыр, лирика, поэма, ритм, рифма

Сабактын тиби: өтүлгөн материалды анализдөө

Колдонулуучу методдор: аңгемелешүү, суроо-жооп, дискуссия

Окуу иш-аракетин уюштуруунун формалары: жекече, жуптар менен иштөө

Сабактын жабдылышы: проектор, экран

Дидактикалык материалдар: слайд, окуу китеби, таркатмалар

Сабактын жүрүшү:

Сабактын баскычтары

Мугалимдин ишмердиги

Окуучунун ишмердиги

1)Уюштуруу

(5 мүнөт)

Окуучуларга акын-жазуучулардын ысымдарын айтып чынчжырча аркылуу улап айтышат.

2)Үй тапшыр-масын суроо

(5-мүнөт)

Окуучуларды жуп-жуптары менен суроо.

3)Жаңы тема. (10 мүнөт)

Актаңдай ырчы Жеңижок,

Ааламада буга теңи жок.

Жез таңдай ырчы Жеңижок,

Жергемде буга теңи жок деген ыр саптары бекеринен айтылган эмес. Эсенаман да жөн акын эмес эле. Ал дагы алынын жетишинче төгүп ырдайт. Ал эми Жеңижоктун өзгөчөлүгү бийиктиктен туруп жооп берүүгө өткөндүгү, акынды көккө чыгарат. Акын биринчи айга, күнгө, жылдызга, деги эле он сегиз миң ааламды тегиз тегеренип ырдап туруп , ошол чексиз өмүрдө Эсенаман менен Майкөттүн ким экенин элге айтат, анан артынан табышмак-суроолорду салат. Жеңижок өз ойлорун так, далилдүү жеткиргени, ар бир окуяны калыс ырдагыны үчүн, бийиктиктен келип ылдыйлаганы үчүн акын ким менен айтышча да жеңип чыгышына өбөлгө болот. Акындын дагы бир керемети, Эсенаман Жеңижокту кордоп, анын талуулуу жерине тийип ырдаса да, Жеңижок дароо алынып жооп бербестен кыргыздагы “Өздү агалай албаган, жатты сагалайт” деген макалды Эсенамандын эсине салып, Майкөт бул катардагы төкмө-акын экенин жар салып, бир мезгилдеги Ташкаранын буйругун айтып күнөөлөбөстөн, Эсенаманга сен да ооруп калыпсың, өзгөлөрдү пир тутуп, эгер макул десең Аксыга алып кетейин ал жактан айыгып кайтып келесиң деген жооптун өзү Ташкараны селт эттирди. Талас туулган айылы, мекени экенин, жети атасын жеткире мактануу менен айтуусу угуучулардын да купулуна толот. Демек төкмөлөр биринчи кезекте салт-санаа, үрп-адаттарды жакшы билүүгө тийиш. Жеңижоктун да Эсенаманга жооп кылуусунан улам, улуулардан кеп укканын, уламалап бек укканын байкасак болот.


Айтыш — ырчылардын, чечендердин өз чыгармачылык кудреттин, чеберчилигин сыноо үчүн өз ара мелдеши; кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгында өнүккөн жанр. Ал адат-салт айтышы жана акындар айтышы болуп эки чоң топко бөлүнөт. Ал экөө өз кезегинде мазмун жана форма жагынан бири биринен айырмаланган түрлөрдөн турат. Адат-салт айтышына: бадик, кайым, сармерден, кыз-жигит айтышы..., акындар айтышына: алымсабак, табышмак, кордоо, учурашуу кирет. Бирок бул түрлөр так жиктелбейт, кээде биринин белгилери экинчисинде да кездеше берет. Тарыхта чечендердин айтышы да болгону белгилүү. Келип чыгышы жана өнүгүшү жагынан айтыш жанры байыркы үрп-адат, ырым-жырымдарга байланышып, элдик турмушту кенен чагылткан деңгээлге чейин жеткен. Айтыш жанрынын алгачкы түрлөрү көркөм сөз өнөрүнүн адамдарга маданий жана жандүйнөгө кызмат кыла башташы менен тең чыккан. Мисалы; бадик айтуу, «Бекбекей» ж. б. Бадикте адамдар кезек-кезек м-н туруктуу ыр саптарын айтып, ооруну денеден «кубалашса», «Бекбекейди» түнкүсүн короо кайтарганда алмак-салмак ырдашкан. Жаштардын ой-санаалары, кубаныч-эңсөөлөрү кайым, кыз-жигит, сармерден айтышында кенен чагылдырылган.
Уруучулук доордо акындар айтыштары кеңири өнүккөн. Акындар өз өнөрү менен көпчүлүктөн айырмаланып чыкканда, бийлөөчүлөр аларды той-тамашаларда, атайын жыйындарда уруу кызыкчылыгы үчүн пайдаланышкан. Уруулук мамилелердин курчушу менен акындык айтышта да учурдун маселелери курч коюла баштаган. Мисалы, мурда эки уруунун акындары бири бирине жөнөкөй мазмундагы суроолорду берип айтышса, кийинчерээк өз уруусунун артыкчылыгын, баатырларын даңазалап, атаандаш уруунун кемчил жактарын ачып, кордошуп айтышышкан. Атаандашын жеңүү үчүн анын уруусун, башчыларын кордоп ырдаганда, кээде моралдык-этикалык нормага сыйбаган ыкмаларды да колдонуп, диний татаал түшүнүктөрдү чечмелешип да айтышышкан. Айтыш өнөрүнө Токтогул Сатылганов идеялык-эстет. Ал айтыштарда уруучулук кордошууга, бири бирин кемсинтүүгө каршы турган. Негизинен айтыштарда учурашуу, калың элдин көңүлүн ачуу, эзүүчү мененн эзилүүчүнүн ортосундагы күрөш мотивдерин кеңири чагылтат. Табышмак айтышта акындар бири биринин турмуштук, филос. диний маалыматтарын сынап көрүшсө, алымсабак айтышта негизинен жаш акындын талантын өстүрүүгө аракеттенишкен. Токтогул, Эшмамбет, Эсенаман, Барпы, Калык сыяктуу акындар Айтыш өнөрүнүн ири чеберлери болгон. Советтик мезгилде айтыш өнөрүн Калык. Алымкул, Осмонкул баш болгон акындар өнүктүргөн. Азыр айтыш элдик турмушту кеңири чагылтып, кемчилигин сындаган публицистикалык салтанаттуу трибунага айланды. Айтыштын мазмуну совет адамдарынын бейпил турмушун, күжүрмөн эмгегин; тынчтыкты даңазалоо болуп калган. Форма жагынан айтыш салтанаттуу келип, майрамдарда театр сахналарында аткарылат, радио-телевидение, гезит-журнал аркылуу тарайт. Юмор, күлкү, тамаша арбын колдонулуп, сөзсүз жеңишке жетишүү аракети жок, анын ордуна жыйынтык чыгарылып, айтышкандар бир бүтүмгө келишет. 1922-жылы Союз Кошчунун салтанаттуу жыйынында Калык менен Осмонкулдун айтышы, 50-ж-дарда Алымкул менен Осмонкулдун совхоздор жөнүндөгү, Ысмайыл менен Токтонаалынын тамашалуу, Эстебес менен Токтосундун юбилейлик айтыштары белгилүү. Айтыштын формасын профессионал акындар да колдонуп келишти. Айтыш өнөрү акындык таланттын, төкмөлүктүн, акындык ойлоонун татаал табиятын изилдөөдө илимий-практикалык зор мааниге ээ. Анткени бул көрүнүштөр нукура белгилери менен дал ушул айтыш процессинде ачык байкалат. Айтыш казак элинде да кеңири өнүккөн. Көркөм сөз өнөрүндө мелдешүүнүн түрдүү формалары башка элдерде да байыркы замандардан тартып өнүгүп келген. Мис, байыркы гректерде, арабдарда; жапондордо, индустарда, тажиктерде, өзбектерде ж. б.

Азыркы төкмө акындар:

Замирбек Үсөнбаев, Амантай Кутманалиев, Жеңишбек Жумакадыр, Азамат Болгонбаев, Элмирбек Иманалиев, Аалы Туткуч, Сапар Мурадилов, Асылбек Маратов, Идрис Айтбаев, Болотбек Назаров, Кубат Тукешов ж.б


1)Окуучулар менен иштөө

(12 мүнөт)

1-кадам. Окуучулар айтыштык өнөр боюнча класстер түзүшөт.

2-кадам. Мугалим азыркы төкмө-акындардын сүрөттөрүн окуучуларга таркатат. Окуучулар ал акындар жөнүндө билген маалыматтары менен бөлүшөт. Ырларынан, учкул сөздөрүнөн мисалдарды келтиришет.

3-кадам. Мугалим ар бир окуучуга 25 жөн гана жубу жок сөз берет, ал сөздөргө жакын анологиялык эталон жуптарын «Эсенаман менен Жеңижоктун айтышынан» табышат. Мисалы:

1.Калпак-чепкен

2. пенде-адам

3. арман-муң

4. Ала көөдөн-март

5. алтын-буюм

6. суу- өзөн,

7. бакылдаган-кажылдаган,

8. жоо-доо

9. бакшы-молдо

10. ооруу-дарт

11. куйрук-май

12. чай-суюк

13. кулун-тай

14. пир-жин

15. тил-алкым

16. кыш-суук

17. кун-түн

18. гүл-атыр

19. булбул-үн

20. асман-жер

21-көл-өрдөк

22. суу-чөл

23. өмүр-өлүм

24. жер-бак


4)Бышыктоо

(5 мүнөт)


Акындын кыраакылыгы жөнүндө эмнелерди айта аласыңар?

5) Рефлексия

(2 мүнөт)

Эмнелерди билдиңер? Силер үчүн кайсы тапшырмалар кыйын болду?

6)Үйгө тапшырма

(3мүнөт)

Мугалим тарабынан аналогиялык сөздөрдүн бир жубун берилет, экинчи жакын сөздү «Эсенаман менен Женижоктун айтышынан» табышат.

7)Бааолоо

(3мүнөт)

Окуучулардын аракетине жараша.

«5», «4», «3», «2»