Просмотр содержимого документа
«Жат жазуу нармативи»
Тема: Жат жазууга коюлуучу баанын нормасы.
Жат жазуунун түрлөрү .
1.Текшерүүчү жат жазуу.
2. Сөздүк жат жазуу.
3. Эске тутуучу жат жазуу.
4. Көрүү жат жазуусу.
5. Чыгармачылык жат жазуу.
Чейректик жат жазуу
Окуучунун коллиграфиялык, пунктуациялык жана орфографиялык билгичтиктерин текшерүү максатында жазылат.
Орфографиялык каталарга төмөнкүлөр кирет:
Фонетиканын обьектисине кирген:
Созулма жана кыска үндүүлөрдүн жазылышында, катар келген үнсүздөр катышкан сөздөрдү жазууда, баш жана кичине тамгалар менен жазууда, айтылышы жана жазылышы ар башка болгон үнсүздөрдү жазууда кетирилген каталар.
Лексикологиянын обьектисине кирген : Кош жана кошмок сөздөрдү жазууда, орус тилинен кирген сөздөрдү жазууда, татаал сөздөрдү жазууда кетирилген каталар.
Морфологиянын обьектисине кирген:
Энчилүү жана жалпы зат атоочторду жазууда, жак жана чак мүчөлөрдү жазууда, сөздөрдү ташымалдоодо кетирилген каталар кирет.
Пунктуациялык катага :
Жай, суроолуу, илептүү сүйлөмдөрдүн аягына коюлуучу тыныш белгилерде, татаал сүйлөмдөрдү бөлүп турган тынымды белгилөочү тыныш белги ошондой эле төл жана бөтөн сөздө коюлуучу тыныш белгилерде кетирилген каталар эсептелет.
Эгерде кетирилген каталар окшош болгон учурда бир катага эсептелет. Ошондой эле өтүлө элек материал боюнча кетирилген ката, ката деп эсептелбейт.
« 5» ката кетирилбеген же бир ирет оңдолгон учурда коюлат.
«4» бир орфографиялык , бир пунктуациялык ката кетирилген учурда коюлат.
« 3» орфографиялык жана пуктуациялык ката биригип үчтөн бешке чейин болгон учурда коюлат.
«2» бештен жетиге чейинки катага коюлат.
Көңүл бурганыңыздар үчүн ырахмат!