СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жаратылышты сактоо

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Жаратылышты сактоо»





Сабактын аты: Мекен таануу

3-класс

Сабактын темасы: Жаратылышты сактоо

Сабактын максаты: а) Билим берүүчүлүк:

Окуучулар жаратылышты сактоонун маанилүүлүгү жана

кызыл китеп боюнча маалымат алышат.

б) Өнүктүрүүчүлүк:

Кыргызстандагы жаныбарларды, өсүмдүктөрдү коргоо

ыкмалары менен тааныштыруу, борборлордо иштөө

көндүмдөрүн өнүктүрүү.

в) Тарбия берүүчүлүк:

Окуучулар борборлордо иштөө аркылуу ынттымакка, достукка

жана жаратылышты коргоого, аяр мамиле жасооо тарбия

алышат;

Сабактын көрсөткүчү: 1. Жаратылышты сактоонун маанилүүлүгү тууралуу

маалымат ала алсаңар;

2. Кыргызстандагы жаныбарлар, өсүмдүктөрдү коргоонун

зарылдыгы тууралуу таанышып, борборлордо иштей ала

алсаңар;

3.Жаратылышты коргоого, аяр мамиле жасоого тарбия ала

алсаңар;

Сабактын тиби: Жаңы материалды окуп, үйрөнүү сабагы.

Сабактын усулу: Окуп түшүнүү, аңемелешүү, көрсөтмөлүү

Сабактын формасы: Борбордо иштөө

Баалоонун усулдары: Ооозеки кайтарым байланыш, калыптандыруучу сурамжылоо,

критерийлер менен баалоо.

Сабактын жабдылышы: Проектор, слайд, сүрөттөр.









Предметтик аралык байланыштар: көркөм өнөр, адабий окуу,

Сабактын жүрүшү: 1. Уюштуруу учур

а) Окуучулар менен жагымдуу маанай түзүү

Мына биз токойго кирдик,

Көптөгөн кызыктар бар экенин билдик!

Оң жагыңды кара, сол жагыңды кара!

Колуңду көтөр жана булгала-

Бул токойдогу дарактар

Колуңду бүгүп, манжаларыңды силкилдет –

Шамал шүүдүрүмдү ушинтет.

Колдорду капталга сунуп, жай өйдө-ылдый кылабыз –

Бул бизге канаттуулардын учуп келгени.

Алар кандай коноорун дагы көрсөтөлү:

Канатты артка калтырып,

Эңкейебиз жана отурабыз,

Андан кийин баары учуп кетишет.

б) Окуучуларды борборго бөлүштүрүү

1. Окуу борбору

2. Илимий борбору

3. Сүрөт борбору

2. Өтүлгөн теманы кайталоо:







Жаныбарлар адамга эмне берет?

  1. Адам уйдан, койдон, жылкыдан, топоздон эмне алат?

  2. Адамга канаттуулар чарбасы эмне берет?

  3. Адамга аарылардан кандай пайда болот? Жибек курттанчы?

  4. Чабандарга иттер кандай жардам берет?

3. Жаңы темага киришүү: Балдар, бүгүн силер менен өтө турган темабыз

Жаратылышты сактоо деп аталат. Сабактын максаты, көрсөткүчү, баалоонун критерийлери слайддан көрсөтүлөт).

Сабак максатына жетет, эгнерде:

  • Силер бүгүнкү сабакта маанилүү болгон “Кызыл китеби” жана жаратылышты сактоо боюнча түшүнүк ала алсаңар;

  • Жаратылышты сактоонун маанисин түшүнүп, ой жүгүртө алсаңар;

  • Жаратылышты коргоп, экологияны сактоого тарбия ала алсаңар

  • Өз оюңарды түшүнүктүү , далилдүү айтып бере алсаңар;

Бүгүнкү сабактын максаты түшүнүктүүбү? эмне кылуу керек экен?

Сабак максатына жетет экен.

  • Демек бүгункү сабакта эмне кылуу керек экен? (окуучулар өз оюн айтышат).

Мугалим: балдар, бүгүн силер бизге абдан маанилүү болгон документ менен таанышасыңар. Аны адамдын “ абийир документи” деп аташат. Окуу китебиңердеги 156-беттеги Б.Дубровиндин ырын окугула .

“Кызыл китеп” деген эмне? Силер кандай түшүнөсүңөр?

(окуучулар ойлорун айтышат).

1948-жылы дүйнөнүн окумуштуулары Жаратылышты коргоонун эл аралык союзун түзүшкөн. Алар планетанын кайсыл өсүмдүктөрүнө же жаныбарларына биринчи кезекте жардам берүү керектигин изилдей башташкан. Тизмесин түзүп, китеп түрүндө чыгарышкан. Аны “Фактылардын кызыл китеби” деп аташкан. Бул биринчи Кызыл китеп (слайддан сүрөтү көсөтүлөт). Пайдаланууга ыңгайлуу болуш үчүн китептин барактары түстүү жасалган.

  1. Кызыл барактарга жоголуп кетүү коркунучунда турган түрлөр жана маалыматтар жайгаштырылган.

  2. Сары барактарга - аярлуу түрлөр

  3. Ак барактарга - сейрек кездешүүчү түрлөр жөнүндө маалыматтар



  1. Боз барактарга - аз изилденген жана сейрек кездешүүчү түрлөр жөнүндө маалыматтар.

  2. Жашыл барактарга – калыбына келтирилген түрлөр жана жоголуу коркунучунда эмес түрлөр жөңүндө маалыматтар жазылган.



  1. Кара барактарында эмнелер бар деп ойлойсуңар?

Ошол мезгилде кара барактарга жер бетинен таптакыр жок болуп кеткен айрым түрлөр жазылган.

( Слайддан сүрөттөр көсүтүлөт “Кызыл китебине” киргизилген өсүмдүктөр, жаныбарлар) Алар мамлекеттин коругунда турушат.

Дептериңерге жазгыла “Кызыл китепке” киризилген жаныбарларды, өсүмдүктөрдүн аттарын.

Мугалим: 1). Эмне үчүн ушул жаныбарлар жана өсүмдүктөр сейрек болуп калган

жана коргоого , сактоого муктаж деп ойлойсуңар?

Борборлордо талкуулагыла.

2) Эмне үчүн “Кызыл китеп” чыккан?

Эстеп калгыла! Кызыл китеп - сейрек кездешүүчү жана жоголуу коркунучундаы

жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн тизмеси.

3). Кызыл китептеги түстөр боюнча айтып бергиле?

Кыргызстандын коруктары: Кыргызстандын жаратылышы бай. Бирок байлыгы чексиз. Жаратылышты коргоо ар бир адамдын маанилүү милдетиринин бири. Жаратылышты сактоо үчүн адамдар өзгөчө корголуучу аймактарды - коруктарды жана жаратылыш парктарын түзүшөт. Бул жерде сейрек кездешүүчү жаныбарлар, өсүмдүктөр коопсуз болушат. Корукка алынган дарга кол салуу болбойт. Аңчылыкка, балык уулоого , дарактартарды кыюуга, чөп чабууга тыюу салынат. Адамдар коруктарга бара алышат. Бирок эрежесин сактоого милдеттүү.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында өзгөчө корголуучу 100 гө жакын аймак бар. Булардын ичинен 10 корук жана 9 парк бар.

Эстеп калгыла! * Коруктар – бул өзгөчө корголуучу аймактар, мында

өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү сакталат.

* Жаратылыш парктары жана коруктар бүткүл дүйнөдө бар.

Алардын шарапаттарында көптөгөн жаныбарлар жана

өсүмдүктөр жок болуудан сакталат.

Карта менен иштөө: 161- бет. (слайддан көрсөтүү)











  1. Жалал – Абад облусу





  1. Нарын облусу



аюу, суусар , карагай, ит мурун ж.б.

Борборлорго тапшырма:

1. Окуу борбору:

Жаратылышты сактоо текстин окуп “Кызыл китеби” жөнүндө айтып беришет.

2. Илимий борбору:

Жаныбарларды , өсүмдүктөрдү изилдөө жана экологиянын маанисин айтып беришет. ( 162-бет) ( ватманга сүрөтүн тартып жактап беришет)

  1. Сүрөт борбору :



Жаратылышты кантип сактоо керек? Сүрөт тартуу









Борборлордун презентациясы: (борборлор жактап беришет)



Сабакты жыйынтыктоо:

  1. Бүгүнкү сабакта силерге эмне маанилүү болду?

  2. “Кызыл китеп” деген эмне? Эмне үчүн керек?

  3. Кыргызстандын коруктары дегени эмне? Канча аймак , канча корук, канча

парк бар?

  1. Экология деген эмне?

  2. Канткенде биз экологияны сактай алабыз?

  3. Жаратылыштын адамга кандай таасири бар? Эмне үчүн бак-дарактарды, арчаларды, өсүмдүктөрдү кыюуга болбойт?







Үйгө тапшырма: 28 Жаратылышты сактоо темасын окуп, түшүнүгүн айтуу

“Жаратылыш жана биз” деген темада ангеме жазуу.





Баалоонун критерийлери менен баалоо:

  1. Үй тапшырмасына туура жооп берсе ( 1 упай)

  2. Теманы көркөм окуп түшүнүгүн айтуу (1 упай)

  3. Суроолорго өз оюн далилдүү айтып берсе ( 1 упай)

  4. Борбордо активдүү катышса ( 1 упай)

  5. Жаратылышка мүнөздөмө бере алса ( 1 упай)