Класстык саат
Куратор: Мусаева А.К.
Сабактын темасы: Жаман адаттардан алыс бол
Сабактын максаты: а) окуучуларга жаман адаттар боюнча жаны маалыматтарды берүү
б) окуучулардын
в) жаман адаттардан алыс болууга, андан арылууга үйрɵтүү
Сабактын тиби: Жаңы теманы түшүндүрүү
Сабактын методу: Айттып берүү
Сабактын жабдылышы: Дептер
Сабактын жүрүшү
Уюштуруу: Саламатсынарбы, балдар? Маанайынар жакшыбы? Сабакка жакшы даяданып келдикпи? Бугун кайсы кун жана кайсы ай?
Уй тапшырма: текшерүү
Жаны тема: Адат – дайыма кайталанып туруучу иштин турун аткарууда улам автоматташып жана талапка айланып кеткен иш – аракет. Кондум болгон талаптар аткарыл баса, адам ɵзүнɵ ынгайсыз, жагымсыз болгон абалды сезип турат. Бул баш мээдеги шарттуу рэфлекстин калыптанышына негизделген.
Адат тескер жана оң болушу мумкун. Мисалы: тырмак тиштɵɵ, бармак соруу- терс адат. Оң адаттар -спорттук кɵнүгүүлɵр, тазалык кɵндүмдɵр ж. б. Оң адаттар жекече жана коомдук турмушта адамдын жашоосун женилдетет.
Дээрлик баардык балдар кичине кезинде ар кандай жаман адаттарга кабылышат. Бир жаш жигит жаман адаттардан кантип кутулуунун жолун сурап даанышманга келет. Даанышман ага: «Сен могу жаш чырпыкты жерден сууруп корчу» дейт. Жигит чырпыкты оңой эле сууруп салат. Даанышман ага андан жоонураак чырпыкты корсотуп, ошону сууруп алууну буйруйт. Жигит баардык күчү менен арекеттенсе да чырпыкты сууруй албайтта, жардамга досун чакырат. Экɵɵлɵп чырпыкты сууруп алышат даанышман аларга андан да жоон чырпыкты кɵрсɵтүп, аны сууруп алууну буйруйт. Бирок аны эки жигит аны оңойу менен сууруй албастыгын мойнунга алышыт. Ошондо даанышман аларды карап мына кɵрдүңɵрбү жаш чырпыкты оңой жулган сыяктуу жаман адаттан баштапкы учурда кутуулу жеңил болот. Ал эми жаман адаттка кɵнүп алгандан кийин аны оңойу менен жеңе албайсын деп накылын айтты.
Бышыктоо: Тырмагын тиштегилɵɵ
Кɵбүнчɵ бала бакчага же мектепке барган балдарда кɵп кездешет бала бул учурда жаңы шартка кɵнɵ албай эмоциясын тырмагын тиштɵɵ аркылуу чыгырат. Андан сырткары үйдɵ - дайым уруш талаш боло берсе да бала аны кɵтɵрɵ албай психикасы жабыркайт. Мына ошондо стресс болгонун тырмагын тиштегилɵɵ аркылуу билдирет. Баланын тырмагын тиштегилɵɵсүнɵ компьютер, телевизор да себеп болот. Анткени бала экран алдында отурканда агрессиядан улам нерв болуп, колун оозуна сала берет, бирок аны ɵзү байкабайт. Натыйжада эмоцияналдык агрессияда чыгуу үчүн тырмагын тиштегилейт.
Зыяндуулугу: Тырмагын тиштегилɵɵдɵн улам баланын тиштеринин эмалы жабыркап колу жана тырмак алдындагы микробдордон ар кандай оорулар пайда болушу мумкун.
Кантип арылуу керек?
- Тырмакты тез-тезден алып туруш керек, колун таза жууп туруш керек
- Колду бош койбой иш кылып туруш керек
- Кайдай оорулар, курттар кирип кетээрин айттыш керек.
Манжасын соруу
Зыяндуулугу: 2 жаштан отуп калган балдардын манжасын соруу тиштердин туура эмес ɵсүүсүнɵ, жаак сооктордун кыйшаюсуна жана тамак чайноонун начарлашына алып келет. Ошондой эле мектепте жүргɵндɵ классташтарынын шылдыңдоосуна кабылат.
Кантип арылуу керек?
- Бɵбɵгүңɵр манжасын соруп жатканын кɵрсɵңɵр, бир буюмду алып келүүсүн суранып, башка иштерге жумшоо менен алаксытыш керек .
- Уктап жатканда колун оозуна салбаш үчүн жомок окуп алаксытыш керек.
Мурдун чукуу
Зыяндуулугу: Мурун тешиги чоноюп, кан агуу күчɵп, кɵнүл буруусу жана активдүүлүгү бузулат. Окумуштуулардын айтуусу боюнча мурунду ашыкча чукуу Смит- Магенс синдромунун ɵнүгүшүнɵ, ринотеплексомания оорусунун пайда болушуна шарт түзɵт.
Кантип арылуу керек?
- Мурун кондойун дайыма таза кармаш керек
- Эгер мурунга бир нерсе тыгылып калса дароо дарыгерге кайрылуу керек
Оозуна кагаз, кум салуу
Зыяндуулугу: Кагазды кɵп жегенден ич каттуу, ичегинин түйүлүүсү, ичеги рагы жаралышы мумкун. Андан сыркары кагаздагы химиялык элементтер организмди уулайт. Ал эми кумду кɵп жегенде ɵт, бɵйрɵк, табарсыкта таштын пайда болушуна алып келет.
Кантип арылуу керек?
- Баланын гемоглобинин которуу учун кобуроок эт, капуста, анар, алма жшылчаларды бериш керек.
- Курамында кальций коп сүт азыктарын , витаминдерди кɵбүрɵɵк жеш керек.
Жыйынтыктоо: инсерт ыкмасы менен жыйынтыктайт
| Билем | Билдим | Билгим келет |
| | | |
| | | |
Балоо:
Уй тапшырма: Жаман адаттар боюнча маалымат табуу