Окуучулардын акыл ишмердигин уюштуруу-мугалимдин класстагы эң биринчи милдеттүү иши. Айрыкча, 1-класска жаңыдан келе баштаган назик көңүл балдар менен иштөө татаал жана көп жактуу. Аны туура жолго коюу үчүн мугалим окуучусу менен, адегенде, тил табышып, ири алдыда, окуучунун тилин таап, туура мамилелешүүсү талап кылынат. Ошондо гана окуучуда окууга болгон оң эмоция жаралат. Алар, биздин оюбузча, мындай болсо максатка ылайык келмек.
Мисалы: 1. Сабакка көңүл бурбай отурган окуучуну: «Сен эмнеге жазбай отурасың? Өзүң класста отурганың менен, оюң каякта?» -деп тилдөөнүн ордуна: «Бул тапшырманы аткарып бүтсөк, сонун бир нерсе бар. Аны анан айтам» деп кызыктырууга болот.
«Убактыны албай, тапшырманы тез аткаргыла. Жакында коңгуроо болот» -деп демитүүнүн ордуна: «Кана эмесе, кеттик, ким биринчи баштайт?!» деп мелдешти байкатпай уюштурууга болот.
«Отурган ордуңарды чачпагыла, дептеринерди булгабагыла» деп орой мамиле жасоонун ордуна: «Кана, эстейличи, биздин кандай алтын эрежелерибиз бар эле?» деп иртеттүү болууга чакырган жакшы.
«Жаңыңардагыларга жолтоо болбогула. Ар кимиңер өз-өзүңөрчө иш кылгыла» дегендин ордуна: «Кел сен эрте бүтсөң, экөөбүз башка бир жакшы иш жасайлы» деп, жаңы иш-аракетке тартуу туура.
Тапшырманы аткара албай, иштин жолун таппай жатса: «Ушуну да билбесинби? Менин айткандарымды жеп-ичип койдуңбу?!» деп жемелөөнүн ордуна: «Кел, экөөбүз мындан башка жолун издейличи» деп ой жүгүртүүгө шыктандыруу пайдалуу.
Тапшырманы аткарбай келсе: «Сен эмне эки алгаң келип турабы дагы?» деп көңүлүн чөгөрүүнүн ордуна: «Мен азыр кимге беш деген баа койсом ыя?» деп, оң эмоциясын ойготуу туура.
Сабакка көңүл бурбай жаткан окуучуларга: «Менин ачуумду келтирбей тынч отур!» дегендин ордуна: «Мени азыр ким кубанткысы келет» деп абалды оңдоо пайдалуу.
Айткан сөздү эстебей, дайыма унтуп койгон балдарды: «Мен сага канча ирет айтам ыя? Сенин кулагың угабы?» деп тилдөөнүн ордуна: «Кана кимдин эсинде бар, мен бул тууралуу эмне деп айттым эле?» деп акыл чуркатууга тарткан жакшы.
Оюн ачык айта алба тартынып отурган балага: «Эмне, сен тиги жаныңдагы баладан кемсиңби?» деп басынтуунун ордуна: «Бизде бардык пикир пайдалуу. Тигил окуучу мындай деди. А сенин оюң кандай? Анан жалпы пикирге чогуу елебиз» деп тайпага кошкон туура.
Бири –бири менен ынтымакка келбей, топтон бөлүнгөн балдарга курулай насаат айтканча: «Мен силерге бир жомок айтып берейинчи. Бир кумурсканын уюгунда миң кумурска жашайт экен. Алардын баары бир тууган экен да, баары ынтымактуу жашайт экен. Алардын үйүн эл миң бир туугандар жашаган үй деп сыйлашат экен. Келгиле, биздин класс дагы ошол миң бир тууган кумурскалардай ынтымактуу бололу. Макулбу? Боло алабызбы?» деп ойлонтуп ынтмакка чакырган оң.