Просмотр содержимого документа
«Жабык уруктуу өсүмдүктөр»
Сабактын темасы:Уруктуу өсүмдүктөр. Жылаңач уруктуулар бөлүмү.
Сабактын максаты.
Билим берүүчүлүк: Уруктуу өсүмдүктөр жөнүндө маалымат алышат.
Өнүктүрүүчүлүк:
Уруктуу өсүмдүктөрдүн түрлөрүн билишет.
Тарбия берүүчүлүк: Жаратылышты коргоого тарбияланышат.
Уруктуу өсүмдүктөр
Жылаңач уруктуу.
Өсүмдүктөрдүн уруктары мөмөнүн ичинде эмес ачык жатат
Жабык уруктуу
Өсүмдүктөрдүн уруктары
мөмөнүн ичинде жатат
Ийне жалбырактуу өсүмдүктөр.
Ийне жалбырактуу өсүмдүктөр жер жүзүндө кеңири таралган токойлордун көпчүлүгүн түзөт. Булардын тиричилик формалары дарактар, бадалдар, көпчүлүгү ар дайым жайы-кышы жашыл болуп турат. Ал топко 600 түр кирет. Аларга карагай, мырза карагай, арча, лиственница, пихта, тисс жана башкалар кирет.
Жылаңач уруктуулар айрым жыныстуу, бир үйлүү өсүмдүктөр, 2 түрдүү тобурчактарды түзушөт.
Жазында чаңдашат. Аталык тобурчактары саргыч-жашыл, чачыдай топтошуп өсөт. Бир жылдык өркүндөрдүн учунда кызгылт түстө көптөгөн же бирден энелик тобурчактын урук бүчүрүнө барып түшөт, уруктануу жүргөндөн кийин зигота пайда болот. Зиготадан түйүлдүк өрчүйт. Урук пайда болот. Тобурчактар болсо өрчүп чоңоюп, катууланат жана жыгачка айланат. Адегенде жашыл түстө болуп, кийин күрөң түскө өтөт. Тобурчактары эки же үч жылда жетилет, андан кийин гана уруктары кыш мезгилинде төгүлө баштайт.
Мырза карагай
Мырза карагайдын жыгачы өтө баалуу, курулушта көп колдонулат. Кемелерди, эмеректерди, вагондорду, самолетторду жасоодо, витамин өндүрүүдө пайдаланылат.
Тянь-Шань карагайы
Кыргызстанда Тянь-Шань карагайы өсөт, ал көбүнчө бийик тоолордун тескей беттеринен кездешет. Бийиктиги 40 метрге жетет. 450 жыл жашайт. Кыргызстанда карагай токойлору өтө аз, уругунан өстүрүү өтө кыйын жана жай өсөт, бирок жаратылыштагы мааниси абдан зор.
Семенов көк карагайы
Ийне жалбырактары жалпак, узундугу 4см, тобурчактары цилиндр сымал, узундугу 10см,
бир эле жылда жетилет. Шагы пирамида сыяктуу, кабыгы сыйдам, кочкул-боз түстө.
Арча
Кыргызстандын кургак шартына ыңгайланышкан. Кыргызстанда 10 түрү бар. Арча дарак жана бадал түрүндө өсөт. Энелик тобурчактары эки жылда жетилет. Арча токойлорунун жаратылышта адам тиричилинде мааниси зор: алардын тамыры топурактын эрозиясын болтурбайт, көчкүдөн сактайт, жыгач курулуштарына жана эмеректерди жасоодо колдонулат. Жалбырактарында эфир майы болгондуктан арчаны түтөтүп, ысырык салып, тумоодон дарылашат.
Сабакты бышыктоо:
Ооба же жок ыкмасы
- Жылаңач уруктуулардын уругу мөмөлүктүн ичинде өрчүйбү?
- Уруктуу өсүмдүктөр үчкө бөлүнөбү?
- Жылаңач уруктуулардын уруктары тобурчактарга чогулабы?
- Ийне жалбырактуу өсүмдүктөр жайы-кышы жашыл болуп турушабы?
- Зиготадан жалбырак пайда болобу?
- Тянь-Шань карагайы 750 жыл жашайбы?
- Кыргызтанда жылаңач уруктуу өсүмдүктөр кездешеби?
- Кыргызстанда арчанын 10 түру барбы?
- Арчанын бутагында , жалбырагында эфир майы барбы?
- Уруктуу өсүмдүктөр жер жүзүндө кеңири таралганбы?
Кийинки сабакка тапшырма
ийне жалбырактуу өсүмдүктөр жөнүндө
кызыктуу маалыматтарды издеп айтып бересиңер
АНКЕТА-ПИКИР
2019-2020-окуу жылы ___-классы _________________________________________
окуучунун аты-жөнү
- Бүгүнкү сабакка карата сенин пикириң __________________________________________________________________
__________________________________________________________________
- Сизге өзгөчө эмнелер жакты? __________________________________________________________________
- Сабак кандай формада өтүлүшүн каалар элең?
Эмне үчүн? ________________________________________________________
__________________________________________________________________
Кызматташууңузга ыраазычылык билдирем!
«Көңүл бурганыңарга чооң рахмат!»