Сабактын темасы : Жж тыбышы
Сабактын максаты :
А) Билим берүүчүлүк:
Жж тыбышы менен таанышышат , сөздөрдү муунга бөлүп , сүйлом түзүшөт .
Б) Өнүктүрүүчүлүк:
Кырдаалдык сүрөт боюнча аңгемелешип , тапкычтыгы өсөт .
В) Тарбия берүүчүлүк
Топто , жупта иштөөдө бири-бирин угууга , сыйлоого көнүгүшөт .
Сабактын жабдылышы : Сүрөттөр , кесме муундар , таблицалар , слайд
Сабактын тиби : Жаңы билимди өздөштүрүү
Сабактын жүрүшү :
А) Уюштуруу иштери
Саламдашуу : 3 топко бөлүнүп отурушат .
Алтын эреже . Окуучулар айтышат
Жагымдуу маанай . Бири-бирин карап жылмайышат.
Баалоо критерийлери менен таанышышат .
Б) Үй тапшырмасын суроо
“ Жашырылган тамгалар” оюну менен суроо
Мини тест :
Үмөт деген сөздө ү тыбышы каеринде келди ?
А) ортосунда Б) аягында В) башында
2. Ү тыбышы кандай тыбыш ?
А) үндүү Б) үнсуз В) каткалаң
3. Үмөт кайдан келди ?
А) талаадан Б) токойдон В) айылдан
Өтүлгөн теманы кайталоо
“ Колесо” менен суралат.
Жаңы темага өбөлгө түзүү .
Сүрөт боюнча аңгемелешип , ал сөздөргө кайсы тыбыш кеткенин табышат.
Сүрөттөн эмнелерди көрүп турасыңар ?
Жайлоо , жылкылар , жылкычы
Бул сөздөр кайсы тыбыш менен башталат ?
Жж тыбышы
Жж тыбышын үч жолу айтып көрөлү .
Кандай тыбыш экенин табабыз.
Ж
ж тыбышынын басма , жазуу түрүн көрсөтүү .
Жж тыбышы катышкан сөздөргө тыбыштык талдоо жүргүзүү .
Муундарды окушат
ЖА ЖО ЖУ ЖЫ ЖЕ ЖӨ ЖОО
Сөздөрдү окушат
ЖҮН ЖӨ-ЖӨ ЖО-МОК ЖА-РЫК
ЖАЙ ЖӨ-ЛӨ ЖАЛ-ТЫ-РАК ЖОО-ЛУК
“Жылкылар” текстин окуп берем . Балдар угуп турушат .
1-катардын окуучулары текстти чынжырча түрүндө окушат.
2-катардын окуучулары түшүнгөнүн айтып беришет.
3-катардын окуучулары тексттен Ж тыбышы катышкан сөздөрдү табышат.
Сөздүк иши : ҮЙҮР- ЖЫЛКЫЛАРДЫН ТОБУ
САЯПКЕР- АТ ТАПТАГАН АДАМ
Эс алуу көнүгүүсу
Сабакты бышыктоо үчүн тапшырмалар :
Чыгармачыл тапшырмалар
1
-топ : Сөздөн сөз куроо
2-топ : Муундардан сөз куроо
3-топ : Сүрөттөр боюнча аңгемени айтып берүү.
Сабакты жыйынтыктоо :
“ Казынама салдым” оюну менен жыйынтыктоо.
Мен бугун Жж тыбышын казынама салдым ж.б
Ал кандай тыбыш ?
Кандай түс менен белгиленет ?
Үйгө тапшырма :
Жж тыбышы катышкан беш сөз табуу . Текстти окуп , сүрөт тартуу .
Баалоо : Топторду баалоо .
Ким активдүү катышты ?
Ким тапкыч ? Ким сөзмөр ?
Ким тыкан ? Ким тартиптүү ?