СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Викторина - "Бактылуу учур"

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

 

Максаты: Мектеп окуучуларынын экологиялык билимин аныктоо, экологиялык ой жүгүртүүнүн тереңдигин, кеңдигин анализдөө жана жаратылышты коргоо проблемаларына кызыгуусун арттыруу.

Өткөрүү формасы: Викторина «Бактылуу учур».

Оюндун шарты: Викторинанын суроолору үч багытта болот.

  1. Коом менен жаратылыштын байланышы.
  2. Биотикалык мамилелер.
  3. Кыргыз акын жазуучуларынын экология боюнча эмгектери.

Ар бир туура жооп үчүн команда бирден балл алат. Эгерде жылдызча менен белгиленген суроо түшүп калса дароо эле 3 балл алышат да «Бактылуу учурга» туш келишет. Оюн үч геймден турат.

Просмотр содержимого документа
«Викторина - "Бактылуу учур"»

Экологиялык оюндар


Экологиялык викторина – «Бактылуу учур»


Оюндун сценарийи:


Максаты: Мектеп окуучуларынын экологиялык билимин аныктоо, экологиялык ой жүгүртүүнүн тереңдигин, кеңдигин анализдөө жана жаратылышты коргоо проблемаларына кызыгуусун арттыруу.

Өткөрүү формасы: Викторина «Бактылуу учур».

Оюндун шарты: Викторинанын суроолору үч багытта болот.

  1. Коом менен жаратылыштын байланышы.

  2. Биотикалык мамилелер.

  3. Кыргыз акын жазуучуларынын экология боюнча эмгектери.

Ар бир туура жооп үчүн команда бирден балл алат. Эгерде жылдызча менен белгиленген суроо түшүп калса дароо эле 3 балл алышат да «Бактылуу учурга» туш келишет. Оюн үч геймден турат.

1. Команда суроолордун багытын тандайт. Талкуулаганга 1 мин. Бардыгы болуп 5 суроо берилет.

2. Суроолорго жооп берип жаткан команда суроонун багытын тандайт. Эки суроо берилет.

3. Мугалим командаларга бирден суроо берет. Команда жооп бере албаса, атаандашы же олтургандар жооп берсе болот.


1-гейм: Коом менен жаратылыштын байланышы:


Суроолор: Жаратылыштын эстеликтери деген эмне?

Жооп: Жаратылыштын эстеликтери – жаратылыштагы уникалдуу же илимий баалуулуктагы маданий таанып билүүчү же эстетикалык маанидеги обөектилер.

1. Улуттук парк деген эмне?

Жооп: Эстетикалык, тарыхый жана экологиялык өзгөчөлүккө ээ болгон өндүрүштүк, айыл чарбалык ишке колдонулбаган, жаратылышты коргоочу комплекстүү территория.

2. Заказник дегенди кандай түшүнөсүң?

Жооп: Жаратылыш ресурстарынын кээ бир түрлөрүн убактынча колдонууга тыюу салынган территория.

3. Заповедник (корук) деген эмне?

Жооп: Ал жердеги түрлөрдү чарбалык мааниде колдонууга толук тыюу салынган территория.

4. Кара тизме деген эмне?

Жооп: Бул дүйнөлүк маанидеги өлүп жок болгон жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн тизмеси. Алардан чучела, скелет, сүрөт, гербарий гана калган болот.

5. смог деген эмне?

Жооп: СМОГ – абадагы зыяндуу газ сыяктуу аэрозолдук заттардын жана алардын чаңдарынын, бөлүкчөлөрүнүн топтолушу.

6. Кислоталык жамгырга сезгич осүмдүк кайсыл?

Жооп: Бадыраң.

7. Абасы өтө булганган областтагы өсүмдүккө караганда шаардын четиндеги өсүмдүктөрдүн жалбырагында оозчо 10 эсе көп болот. Мунун өсүмдүк үчүн кандай мааниси бар?

Жооп: Өсүмдүктүн жалбырагында оозчонун саны аз болсо, уулануу масштабы аз болот жана алардын жашап кетүү мүмкүнчүлүгү жогорулайт.

8. Эңилчектер жаратылышта көп кездешет, ал эми шаардын ичинде кездешпейт. Эмне үчүн?

Жооп: Эңилчектер таза абанын индикаторлору. Шаарда аба таза эмес.


2-гейм: Ботаникалык мамилелер:


1. Жырткыч канаттууларды атып жок кылышса, майда чымчыктар өздөрү эле жок болуп кетишет. Ошондой эле карышкырларды жок кылышса, бугулардын саны азаят. Эмне үчүн?

Жооп: Жырткычтар өздөрүнүн табылгаларынын популяциясынан жөнгө салуусу таасир кылат, башкача айтканда оорулууларын, алсыздарын жок кылып турушат.

2. Адамдын канын жок кыла турган экологиялык зыянды мышык жасай алабы?

Жооп: Мышык канаттуларды жейт. Канаттуулар айыл-чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирүүчү курт-кумурскаларды жечү эле. Зыяндуу курт-кумурскалар айыл-чарба өсүмдүгүнүн түшүмдүүлүгүн төмөндөтөт.

3. Токойдо көп папоротниктер өсүүчү. токой жок болгондо алар да жок болушту. Эмне үчүн?

Жооп: Папоротниктер токойдун көлөкөсүндө өсүшөт, токой жок болсо алар да жок болушат.

4. Алчанын мөмөсүнөн галка менен көгүчкөн тамактанат. Галка алчанын мөмөсүн толугу менен жутат. Көгүчкөн жумшак этин гана чокуйт. Бул эки канаттуунун кайсынысы алча үчүн пайда келтирет?

Жооп: Галка алчага көбүрөөк пайда келтирет, себеби жуткан алчанын данегинин ичиндеги уругу зыянга учурабайт. Тескерисинче, ичегинин согунда өнүмдүүлүгү жогорулайт, анын кыгы менен уругу алыс жактарга тарайт.

5. Көлгө бардык нерсени жей турган балыкты коң берсе давнянын саны көбөйгөн. Бул жөнүндө кандай гипотезалар бар?

Жооп: Дафняны жей турган балыктын саны азайган.

6. Жырткыч менен браконьердин кандай айырмасы бар?

Жооп: Жырткыч оорулуу жана алсыз жаныбарларды жейт, браконьер баарын жок кылат (соосун да).

7. Токойдогу эски дүмүрлөрдү бүт аралап жок кылышты эле, жаш жашап жаткан дарактар дагы жок болуп кетишти. Эмне үчүн?

Жооп: Дарактардын дүмүрүндө курт-кумурска жечү канаттуулар жана жарганаттар жашоочу эле. Алар кеткенден кийин соо дарактарды зыяндуу курт-кумурскалар жей баштады.

8. Эмне үчүн кайыңды токойдун пионери деп аташат? Ал эми кайың токойду убактылуу деп коюшат.

Жооп: Кайың ачык мейкиндикте тез өсүп өздөштүрөт. Ысыктан, сууктан коркпойт. Анын шагынын астына майда карагайлар өсүшөт. Анткени карагай көлөкөдө гана өсө алат. Убакыт өткөндөн кийин карагай кайыңды сүрүп чыгарат.


3-гейм: Кыргыз акын жазуучуларынын жаратылышты коргоо жөнүндөгү жазгандарынан мисал келтиргиле.


Натуралисттик ой толгоо:


Күзгү убак, ак төө карды жарылган кез,

Айлана нан жыттанып, дан жыттанып.

Тээтиги алп дыйкандын эмгеги го,

Талаанын бетин койбой сайма сайып.

Токчулук, молчулуктун илеби урат,

Аңызда дарбыз-коон чарт жарылып.

Бышканын таштаганга көзүм кыйбай,

Аралап улам бирин үзүп алам.

Канчалык аяп, аздан алсам дагы,

Колумда баштыгыма батыра албай.

Тамшана таттуулугун сезейин деп,

Алардын саламдашкан сөзүн угам.

Дарбыз:

Мен чыкканда талаада,

Балдар кетпейт жанымдан.

үзүп жарып башташат,

кызарганда жаңыдан.

Чаңкап турсаң кан катып,

Бир тойчу сен абыдан.

Сатыламын базарда,

Баа коюлуп бир-бирден.

Оптом алган тагалар,

Түшүрүшөт бирткеден.

Күндө жесең кан болот,

Канттай таттуу ширемден.


Бадыраң: Менин жайым сурасаң,

100% суу болом.

Латынча кукумис-сативус

Көп сатып ал деген сөз.

Индиядан келгемин,

Сулуу кылам кыздарды.

Кемпирлерди жашартып,

Жакын кылам чалдарды.

Закуска болом ачкылга,

Кызартып бопбоз балдарды.


Коон: Тилегим берген кудайым,

Тил жарма коон боломун.

Жайы менен күн жесем,

Күзүндө күчкө толомун.

Грециядан келсем да,

Көбүнчө Мырза чөлдө чоңоем.

Сулуулугун жанда жок,

Өтүм кетем дарбыздан.

Далай жолу кол сурап,

Келип кеткен ашкабак.

Жолугушпай койсом да,

Күндө эшиктен баш багат.

Өрөөн толгон буркурап,

Жытыма балдар кызыгат.

Ооруп калат дешпестен,

Көтөрүп ташка бир урат.

Тамшанышса сүйүнүп,

Кабыгым калат үйүлүп.


Алма: Мен жөнүндө далай акын ыр жазып,

Мен жөнүндө далай китеп жазылган.

Кыз жигит да келип менин түбүмө,

Далай түндөр сүйүүлөрүн айтышкан.

Эгер менин тилим болсо сүйлөгөн,

Жаттар элем бүт сөздөрдү айтылган.

Жаздан баштап күзгө чейин төгүлүп,

Берем элге бүт жеткендей мол түшүм.

Мен болбосом мейман тосуу шартта жок,

Ящиктерге толтурушат күнү-түн.

Кыш болгондо кымбаттатып сатышат,

Андай кылуу авторитет мен үчүн.


Картошка: Атактуу Петр Iди ээрчип,

Чилиден келгем илгери.

Келбесем көрөт элеңер,

Баркымды булар билбеди.

Чаңдатып жерден казышып,

Боорумду жара басышып.

Чыркыратып кууруп киришет,

Талаага казан асышып.

Кап-каптап келип сатышат,

Сан жетпей акча табышат.

Калганын көзүм көрсөтпөй,

Кыш бою көмүп салышат.


Баклажан: Латынча атым, Соланум Мелангена,

Кыргызчасы баклажан капкара.

Кууруп да, туздап да, кайнатып да,

Кошушат көптөгөн тамактарга.

Бирок мени көп кармабай жеш керек,

Душманмын, көп сактаган сараңдарга.


Помидор: Кое турчу калганын айтпай,

Экөөбүз бир урууга киребиз да.

Менин да түгөнбөгөн сөздөрүм бар,

Чоң атабыз солонум билебиз да.

Адамдарды оорутпай багыш үчүн,

Базарларда сатылып келебиз да.

Ичип алган байкелер белден сайып,

Алып барышат оозуна турган сасып.

Аргасыздан чайналбай жутуламын,

Жанымдагы пияздан мурда шашып.

Тамак жасайт жеңелер мени кошуп,

Майга кошуп кыпкызыл чыркыратып.


Сабиз: Гүлүм менин чатырдай,

Жыйналамын чачылбай.

Кышы менен жатсам да,

Ширелүүмүн эч катпай.

Мен жок болсом түштүктө,

Шайыр күндөр бүт токтойт.

Аш жебеген акелер,

Жеңелерди токмоктойт.

Ачуулуу жеңе кетмендеп,

Ачып салат ороомду.

Былчыратып кескилеп,

Ашка салып коебу.

Мейли кессе кесишсин,

Ошол экөө урушпаса болгону.


Капуста: Араңарда тон кийген,

Жалгыз өзүм экенмин.

Жалынсам да сөз бербей,

Артка койгон экенсин.

Мен болбосом жашоонун,

Кызыгы жок кыздар ай.

Жебесеңер бетиңдин,

Кызылы жок кыздар ай.

Сүйлөгөн жемиштердин сөзүн угуп,

Өзүмчо ойго чөгүп калдым туруп.

Капырай, булар дагы атаандашып,

Биринен бири турат жүзүн буруп.

Ушундай жылкы мүнөз жемиштерди,

Дыйкандар багып келет мээнет кылып.