СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Уурулук жаман адат.

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Уурулук жаман адат.»

Тема: Уурулук жаман адат.

Сабактын максаты: а) Окуучулар уурулук бул жаман адат экендигин

тушүнүп билишет.

б) Уурулук менен эмес ак мээнет менен

жашоого умтулушат.

в) Ыймандуулукка, эмгекчилдикке тарбияланышат.

Сабактын усулу: айтып берүү, түшүндүрүү.

Сабактын жабдылышы: түстүү сүрөттөр, плакат, маркерлер.

Сабактын жүрүшү: 1. Уюштуруу иши.

2. Өтүлгөн теманы суроо.

3. Жаны тема: Ууру, ач көз тойбойсуң,

Уурдаганың тойбойсуң.

Оңой оокат табасың,

Пешене тер кылбайсың.

Илгери бир кедей болуптур. Анын бир коену, коендун бир бөжөгү бар экен. Кундөрдүн биринде коен бөжөгүн күн караманын түбүнө коюп, ага жем издеп кетет. Бөжөк ойноп отуруп, уктап калат. Үкү анын коңуругуна кыжыры келип, уурдап кетет. Коен үйүнө келсе бөжөгү жок. Ар кимден сурап таппай, акыры күнгө кайрылат. Анын сөзүн уккан күн, жан жаныбарлардын баарын чакырат. Анан буйрук берет. Баарыңар мени көз ирмебей карап тургула, сөзүмдү укпасаңар күйгүзүп саламын дейт. Бир маалда үкү тостоюп чыкты да, күн менен коендон кечирим сурап ыйлап жиберди. Коенго бөжөгүн берди. Бирок башка мындай кылбасын деп, күн үкүнүн көзүн сокур кылып, түнкүсүн гана көрө турган кылып коюптур.

Макалдардан тыянак чыгарабыз.

  1. Ууру адам адал эмгек кылбайт.

  2. Ач көз тойбойт, ууру байыбайт.

  3. Ууру колун тыя албайт, Соргок өзүн тыя албайт.

  4. Ууру тойгончо жеп, өлөрчө карганат.

  5. Ууру кылганы үчүн жаза алат, Акыры камакка барат.



  • Уурулар жөнүндө эмнелерди билесиңер?

  • Энекеңди какшатып. Бир да сөзүн укпайсың.

Барба десе барасың,

Кылба десе кыласың.

Шериктериң табасың

Көзүндү сен ачпайсың.

Тамагыңды тыйбайсың,

Арам оокат кыласың.

Өзүң жалгыз каласың,

Кармап алып милиция

Жазаңды берип колуңа,

Илип баарын мойнуңа.

Алып барып сени да,

Олтургузат камакка.

Эсиңе эми кирерсиң,

Адам болуп келээрсиң.

Бышыктоо: суроо-жооп иретинде бышыкталат.

Үйгө тапшырма: Уурулук деген темада аңгеме жазып келүү.