Мектептеги усулдук бирикменин милдеттери.
1. Педагогикалык профсоюздун өсүшүн камсыздоо
2. Билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын аткарылышына сапаттык анализ.
3. Предметтик окутууну үйрөнүү жана анализдөө
4. Окуу планындагы өзгөртүүлөрдү усулдук бирикмеде талкуулоо: өзгөртүүлөргө жараша календарлык план, экзамендик билеттер
5. Дем берүүчү эмгек акыга карата мугалимдерди баалоо
6. Андагы иш тажрыйба боюнча иштерди жүргүзүү
Усулдук бирикменин ишин уюштуруу
Усулдук бирикмени талдоо
Жетекчисин дайындоо
Усулдук бирикменин жетекчиси 2 жол менен тандалат. А)Усулдук бирикменин мүчөлөрү
Б) Завуч тарабынан
Усулдук бирикменин жетекчиси ар бир айда чогулуш өткөрөт жыл ичинде 7 жолу
Усулдук бирикменин иш кагаздары
Усулдук бирикменин окуу жылына түзүлгөн иш планы жылдык, айлык, чейректик.
Усулдук бирикменин журналы, чогулуштарынын протоколу,
протоколдо усулдук бирикмеде каралган маселе, кабыл алынган чечимдер жана мугалимдер тарабынан берилген сунуштар.
Усулдук бирикменин жүргүзгөн ишине анализ:
түзүлгөн иш план боюнча жылдын акырында ОББга тапшырат
Усулдук бирикменин мүчөлөрүн баалоо
Усулдук бирикменин жетекчисинин аткаруучу иштери
Усулдук бирикме ар бир мүчөлөрүнүн ишин анализдөө
Усулдук бирикменин багытын аныктайт.
а) Ким ачык саат өтөт
б) Ким класстан тышкары иш өтөт
в) Предметтик иш чаралар
3. Нормативдик документтерди өз учурунда окуп үйрөнүүгө шарт түзөт.
4. Билим берүү мамлекеттик стандартына ылайык окуучунун өздөштүрүү денгээлиге жараша иштерди жүргүзөт.
5. Алдынкы мугалимдерди сыйлоо жөнүндө пед кенеште сунуш берет.
Усулдук бирикменин укуктары
1.Окуу жылындагы мугалимдердин милдеттерди көтөрүп чыгуу жана мектеп ишмердүүлүгүн пландаштырууга катышуу.
2. Усулдук бирикменин мүчөлөрүн өз билимин өркүндөтүү курстан өтүүсүн камсыз кылуу жана талап кылуу.
3. Окуу програмасын жана окуу китептерин эркин тандап алуу.
4. Мектеп администрация тарабынан материалдык техникалык жардам алууга укуктуу.
VI. Усулдук бирикменин жетекчисинин жоопкерчилиги
Мугалимдер ишмердүүлүгүнө обьективдүү анализ жасоо
Усулдук бирикменин праландаштырган иштерин убагында аткаруу жана толугу менен ишке ашыруу
Мектептерде диагностикалык анкета жүргүзүү иштери.
VII. Мугалимдердин чеберчилигин өстүрүүдө анализдерди метод бирикменин сабакка кирүүдөгү максаты
1. Тажрыйбалуу мугалим үйрөтүү жана жардам берүү, көзөмөлдөө үчүн кирет.
Окуучунун билим сапатын көзөмөлдөө
Мугалимдин ишин анализдөө
Предметти үйрөнүү
Атайын маселе даярдоо үчүн
Мүнөздөмө даярдоо үчүн
Өз ара сабакка катышуу дептерин толтуруу үчүн
Эс алуу үчүн.
VIII. Сабака анализ берүүнүн усулдары.
А) Сызыктуу жана туташ анализ.
1. Мугалимдин жетишкен жактары
2. Мугалимдин жетишпеген жактары.
3. Механикалык каталары.
4. Кемчиликтерди жоюу
Элементтик анализ
Бул учурда сабакка катышкан мугалимдер сабактын жүрүшүн бөлүп алат (эгер мугалим аз болсо 2-3 нерсени бөлуп алат)
Максаты туура коюулганбы? Максатына жеттиби?
Структурасы
Окуучунун өз алдынча ишин уюштуруу, башкача айтканда мугалим окуучуларды аз алдынча иштете алдыбы.
Сабак берүү усулдары
Үйгө берилген тапшырманы мугалим түшүндүрдүбү (окуучу кантип аткарып келет)
Мугалимдин кемчилиги.
2.Морфологиялык анализ
Баалоо объективи Баалоо
Сабактын башталышы
1. Сабакты уюштуруу: саламдашуу
окуучуларды жоктоо, үй тапшырмасын суроо
жаны теманы түшүндүрүү үчүн түзүлгөн көпүрө
2. Окутуу усулдары.
3. Ыкмалар: топторго бөлүү, бөлүштүрүү ж.б
4. Билимин текшерүү: ребус, көнүгүү жана
башка усулдар
5. Бышыктоо: кайтарым дарагы, күтүү дарагы
6. Көрсөтмөлүүлүк
7. Окуучуларды баалоо