СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Улуу жеңиш майрам

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Улуу жеңиш майрам»

Сабактын темасы: «Эч ким,эч качан унутулбайт»

Сабактын максаты:

Окуучулар Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу маалымат алышат;

Элибиздин тарыхын,салт саанасын үйрөнүү менен бирге эл баатырларын данкташат,даназалашат,алардан өрнөк алышат;

Окуучулар Ата Мекенин сүйүүгө,ардактоого,коргоого жана патриоттуулукка,эржүрөктүүлүккө,боорукерликке тарбияланат.

Сабактын жабдылышы:Советтер Союзунун баатырларынын сүроттөрү;

Сабактын жүрүүшү;

Улуу Жениш майрамы,

Канча жыл өтсө арадан.

Бизди коргоп келген аталар,

Ар дайым эстен чыкпайт эч качан!

Бугунку сабагыбыз Улуу Жеништин 75 жылдыгына арналат.

Гүлжамал: Тынч жаткан элиме,

Душман келип кол салды.

Бейпил жаткан жеримде ,

Кандуу согуш башталды.

Улуу Ата Мекендик согуш 1941-жылдын 22-июнунда фашистик Германия жүзү каралык менен бейпил турмушта жашап жаткан совет элине кол салган.Ошол күндөн совет эли 1418 күн от күйгөн татаал жана азаптуу күндү басып өттү дал ошол оор жылдарда совет эли 27 миллиондон ашык уул кыздарынан ажырады.

Бул согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан.

Алардын 150 миңдей орден жана медалдар менен сыйланган.29 адам данк орденинин толук ээси,73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон.

90 миңден ашык кыргызстандыктар курман болгон.

Назарбеков Бектен: Согуш арналган монолог аткаруу.

“Өзү өлсө да ,баатыр өлбөйт эрдиги калат кылымга” Кыргызстандык баатырлар жөнүндөайта кетсек.

Дүйшөкул Шопоков кыргыздан чыккан биринчи Советтер Союзунун баатыры 1941 –жылы 16-ноябрдагы салгылашууда Дубосекова разъездинде душмандын 50 танканын чабуулун токтотуу учурунда өлбөс өчпөс эрдик көргөзуп,теңдешсиз салгылашууда курман болгон.

Чолпонбай Түлөлөбердиев 1922-жылы 13-апрелде дыйкандын үйбүлөсүндө туулган.

Ал Ата Мекендик согушта душмандын дзотун көкүрөгү менен жаап,өлбөс өчпөс эрдик көрсөткөн.Ага 1943-жылы 4-февралда Советтер Союзунун баатыры деген наам ыйгарылган.

Дайыр Асанов менен салгылашкан.Ал 1943-жылдын январында таамай атуу менен душмандын ротасын талкалаган.4 саатка созулган согушта 8 таңканы,6 бронемашинаны жана 40 фашисти жок кылган.1943-жылы 26-октябрда ага Советтер Союзунун баатыры деген наам ыйгарылган.СССрдин баатыры Дайыр Асанов 2009 –жыл 18- сентябрда 87 жашында каза болгон.

Фронтто эли жери үчүн күрөшкөндөрдүн эрдиги эч качан унутулбайт!

Ошентип 1945-жылы 9- майда Фашистик Германияны Советтер Союзу талкалап,борбору Берлин шаарында жеңиш туусун желбиретип немец элин мындан кийин баш көтөргүс кылып эркиндик менен теңдик жана тынчтык алып келди.

Жоомарт: Бакыт алып келген күн,

Фашистерди жеңген кун.

Желбиретип желегин,

Жергебизге келген күн.

Ушул күнү дүйнөгө,

Улуу тынчтык орногон.

Унутулбайт эч качан,

Улуу жерин коргогон.

Түгөлбай:Дүйнө жүзүн аралап,

Кара жалын каптады.

Кыяндай агып шаркырап,

Кызыл кандын акканы.

Ушундай апаат күндөрү,

Уяттан уят эмеспи.

Уулуңдун үйдө жатканы.



Гүлсүн:Бубак басып аппак болуп чачыңар,

Улам ары кетип барат жашыңар.

Урмат кылып унутушпайт урпактар,

Кылымдарга күбө болуп атыңар.

Улансабыр: Танк алдына тайманбастан барышты,

Эл жер үчүн душман менен айтышты.

Эч тайманбас биздин баатыр аталар,

Элибизге жеңиш менен кайтышты.

Элиза: Күндүр- түндур мекенибиз эч тынбай,

Мартен мешин тектеп турган көз жумбай.

Күндүр –түндүр иште күйүп жанганбыз,

Жеңиш күнүн жакындатып алганбыз.

Акыл:Жеңиш күнү алыстагы от болуп,

Көрүнчү эл араң жанган чок болуп.

Отту ,чаңды кечип чабуул салганбыз,

Жеңиш күнүн жакындатып алганбыз.

Макал айтуу:

Жерин сүйбөс эл болбойт,

Элин сүйбөс эр болбойт.

Баатыр намыс үчүн туулуп,

Намыс үчүн өлөт.

Эл жигит эл четинде жоо бетинде.



Баатырдын көркү- маңдайда,

Чечендин көркү -таңдайда.

Чептен эрдин күчү бек.

Мугалим:Күн жетти,мына эми жеңиш бизде,

Согуштун оор күнү калды эсте.

Эл үчүн жанын курмандарды,

Эстейбиз жеңиш менен бүткөн күндү.

Элибизге тынчтык орносун!!!

Тынчтык ыры:

Мугалим: Эли үчүн деп соккон кыргыз жүрөгү,

Унутпастан аны аны айтып жүрөлү.

Кана балдар бүгүн силер да эстегилечи,

Кимдин сокпойт, кыргыз үчүн жүрөгү.

Улуу Ата Мекендик согушка катышкан аталарыбыздын эрдиги эч качан унутулбайт!

Алардын эрдиги түбөлүк жашайт .Баатырларга таазим!!!

Бүгункү сабагыбызды аяктап жатып,апаларыбыздын көз жашы, аталарыбыздын эсепсиз төгүлгөн каны,сансыз өлүм аркылуу келген Улуу Жеңишти түбөлүк бек сактайлы.

Жашасын Улуу Жеңиш!!!