СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Улуттук кол өнөрчүлүктүн башаты кайда?

Нажмите, чтобы узнать подробности

Улуттук  кол өнөрчүлүктүн   башаты  кайда?

Просмотр содержимого документа
«Улуттук кол өнөрчүлүктүн башаты кайда?»

Сабактын темасы:  Улук болсоң, кичик бол.

Сабактын максаты:
1. «Улук болсоң, кичик бол»- деген накыл сөздүн маанисин түшүнүшөт.
2. Адептүүлүккө, сылыктыкка тарбияланышат. Жоопкерчилик сезимин өстүрүшөт.
3. Улуу адамдардын кичүүлөрдүн алдында жоопкерчилиги чоң экендигин түшүнүшөт.
Сабактын жабдылышы: макал-лакаптар жазылган плакат.

Сабактын жүрүшү:

  1. Уюштуруу:
    Сабактын темасын, максатын түшүндүрүү. II. Адептүүлүк боюнча ырлар:
       1-окуучу: Улууларды урмат кылып жүрөлү,
                          Кичүүлөрдү сыйлаганды билели.
                          Тарбиялуу,адептуүүрөк жетилип,
                           Кыргызстан – өлкөбүздү сүйөлү. 2-окуучу: Карыялар таалим берип үндөгөн,
                           Жаман болбой, жакшы жолго кир деген .
                           Улуулардын бизге берген үлгүсү,
                           Өсүп жатат, гүлдөп жатат миңдеген.

  3-окуучу: Аткаралы сылыктыктын талабын,
                       Милдетиңди тартип менен карагын.
                       Кыргызымда кайрымдуулук канында,
                       Кимдин кандай тескеп коёт абалын. Хор:    Өзгөргөн коом , заман түрү башкараак,
                Жол көрсөтсөк, жаштарыбыз такшалат.
                Биримдикте бекем болуп туралы,
                Сылыктык бул эң биринчи үй-бүлөдөн башталат.
III. «Улук болсоң, кичик бол» - деген кептин чечмелениши:
«Аракеттен адат жаралат, адаттан мүнөз жаралат, мүнөздөн тагдыр жаралат» (В.Теккерей) дегендей эң алгач биз жакшы адаттарга үйрөнүшүбүз керек экен. Ким өзүнүн өмүрүн акыл-эстүү жашоого арнаса, ал үчүн турмушта жаман оор абал



болбойт, ал абийирдин азабын тартпайт. Андай адамга бир эле түйшүк бар, эл менен жакшы мамиле түзүү, тынчтыкта жанаша жашоо, тумушун акыл-эстүү уюштуруу. Эми балдар, «Улук болсоң, кичик бол»- деген накыл сөздүн маанисин түшүнүүго аракет кылалы. Кимде кандай ойлор бар? (балдардын жообун угуп, алардын оюн кубаттоо жана билгизбей толуктоо керек).
- Үйүңөрдө иниңерге (сиңдиңерге) кандай мамиле жасайсыңар? Ойлонуп көргүлө. Алар бир нерсени сурап калса «Ушуну да билбейсинби, башы жок!»
деген учурларыңар болду беле? Эми силерден улуулар силерге ушундай сөздөрдү айканда жагабы? Албетте жок. Ошон үчүн өзүңөрдөн кичүүлөргө сураган нерсесин жатыгы менен түшүндүрүп, аларга сылык мамиле жасооңор керек. Адам канчалык улуу болсо, ошончолук кичипейил болуусу керек. Улуулар өзүнөн кичүүлөрдүн, чоң кызматта иштегендер кол алдында иштегендердин алдында жоопкерчилиги чоң болот. Ошон үчүн иниң экөөң урушуп кетсең, апаң сени айыптайт. Адамдын жашы чоңойгон сайын акылы да өсөт. Демек иниңдин акылы жетпеген нерсеге сенин акылың жетет, ошондуктан жанжалды сен токтотушуң керек. Кичүүлөргө ызаат көрсөтүп, кичипейил жана камкор болуу керек.
IV. Жыйынтыктоо:
Адам канчалык улуу мартабага жетсе, ошончолук карапайым болуусу керек. Мен чоңмун деп керсейген, кичүүлөргө жогортон караган адамдар андан ары чоноё албайт. Келгиле анда кичипейилдик, сылыктык жөнүндө накыл сөз, макал-лакаптардан айтып көрөлү:
Улууга урмат, кичүүгө ызаат.
Сыйласаң сыйлуу болосун.
Сыйлашпаган тууганын, сыр айтпаган душмандай.
Сый сыйга жарашат, сый билбеген адашат.
Сый көрөм десең, сыйлай бил.
Сыйга сый, сыр аякка бал.
Сыйдын чеги болбойт.
Сыйлаганга аш таппасаң, сыпаалыкка сөз тап.
Сыйлап койсоң карыңды, карың сыйлайт баарыңды.
Жетсе да башын булутка, жолдошуңду унутпа.

Үйгө тапшырма: “Адептүүлук”- деген сөзгө кластер түзүп келүү.