Улуттук диндер
Улуттук диндер жергиликтүү ынанымдар жана ишенимдер менен байытылып, дүйнөгө жана адамга карата болгон түшүнүктөр, диний ишенимдер татаал формага өтө баштаган. Дин барган сайын бул дүйнөдөн тышкаркы дүйнѳ жөнүндөгү түшүнүктөрдү өнүктүргөн. Жрецтер дүйнөнүн жаралышы, адамдын пайда болушу ж.б. дүйнө таанымдарды камтыган диний-мифологиялык концепцияларды иштеп чыгышкан. Улуттук диндер георафиялык жактан бири-биринен алыс болгон элдердин маданияттарынын жана салттарынын чегинде калыптанган, ошондуктан алар ар түрдүү диний-философиялык системага, ишенимдерге, ынанымдарга жана ырым-жырымдарга ээ.Аларды бириктирип турган, аларга мүнөздүү башкы белги – бул улуттук фактор. Көпчүлүк учурда улуттук диндер көптөгөн кудайлардын пантеонуна ээ болгондуктан, политеисттик диндер катары саналат.
Улуттук диндерге төмөнкүлөр мүнөздүү:
1. Бирдиктүү маданий мейкиндикти түзгөн, бир аймакта жашашкан, бир мамлекеттин курамына кирген, бир же бир нече элди бириктирген бирдиктүү ынанымдын жана бирдиктүү идеологиянын болушу.
2. Мурдагы көп сандаган арбактарга, рухтарга сыйынуулардын ордуна кудайларга сыйынуунун келиши.
3. Бирдиктүү үрп-адаттардын жана ырым-жырымдардын калыптануусу.
4. Ыйык тексттердин пайда болуусу.
5. Атайын диний ынаным менен иш алып барган адамдардын – жрецтердин, пайгамбарлардын, дин кызматкерлеринин пайда болуусу.
Индуизм дини
Индуизм – Индиянын байыртадан бери келе жаткан улуттук дини, бүгүнкү күндө өлкөнүн калкынын 80,5%ы тутушат. Индуизм бул индиялыктардын жашоо образын, касталык бөлүнүшүн, жашоо принциптерин, этикалык ченемдерин, ырым-жырым жана ынанымдык практикаларын калыптандырган диний жана диний-философиялык системалардын комплекси. Ишенген адамдардын саны боюнча ал христиан жана ислам диндеринен кийин үчүнчү орунда турат. Индуизм Индияныни чегинен тышкары Непалда, Пакистанда, Бангладеште, Шри-Ланкада кеңири таркаган. Индуизмди кармангандардын чоң топтору Индонезияда, Фиджи аралдарында, Маврикияда, Гайанада ж.б. аймактарда жашашат
Индияда көптөгөн диндер болгону менен негизинен индуизмди кармангандар дээрлик көпчүлүктү түзүшөт. Так ушул диндин айлансында өлкөнүн маданий, саясий жана социалдык биримдиги түзүлгөн. Индуизмдин өнүгүүсү үч доорго: ведизм, брахманизм жана индуизм доорлоруна бөлүнөт. Тагыраак айтканда, бир эле диндин эволюциясындагы тарыхый өнүгүүсү жана окууларындагы өзгөрүүлөрдүн натыйжасында ушундай аталыштарга ээ болгон
Ведизм.
Индуизмдин байыркы формасы болуп б.з.ч. II миң жылдыкта калыптанган ведизм дини саналат. Ведизмдин Индиянын аймагында пайда болушу түндүктөн келишип жергиликтүү элдерди ѳздѳрүнѳ баш ийдирген арий уруулары менен байланыштуу.
Жергиликтүү элдер жеңүүчүлөрдүн тартиптерин, эрежелерин, салттарын жана диний ишенимдерин кабыл алышкан. Бул диндеги диний түшүнүктөр Индиянын байыркы жазма булактары болгон жана азыркы мезгилге чейин ар бир индус үчүн ыйык саналган –
Ведаларда (санскр. – ыйык билим) камтылган.
Ведалар төрт бөлүктөн турат:
Ригведа – дүйнөнүн жаралышын жана башкы кудайлардын окуяларын камтыган
байыркы гимндердин жыйнагы;
Самаведа жана Яджурведа – сыйынуулардын жана ырым-жырымдардын
жыйнактары;
Атхарваведа – сыйынуу ырларынын жана магиялык дубалардын жыйнагы.
Веда дининде эң маанилүү орунду курмандыкка чалуулар ээлеген. Ведизм динин көптөгөн кудайларга болгон ишеним түзгөн. Арийлердин согушчан мүнөзүнө карата ведизмдин пантеонунун башында согуш кудайы – Индра турган. Убакыттын өтүшү жана коомдогу өзгөрүүлөргө байланыштуу кийинки мезгилдерде башка кудайлар башкы мааниге ээ болушкан.
Брахманизм. Б.з.ч. I миң жылдыкта ведизм ишениминин негизинде брахманизм дини келип чыккан. Анын негизин башында курмандыкка чалуулар ынанымы жана окуусу түзгөн. Сансара – төрөлүүнүн жана өлүмдүн айлампасы, жандын өлгөндөн кийин кайрадан башка денеге тынымсыз өтүп туруусу. Карма – тирүү организмдин бул жашоодогу кылган жакшы жана жаман иштерине байланыштуу – кайра жаралуусунун тартибин жана натыйжасын шарттаган мыйзам ченемдүүлүк. Мокша – кайра жаралуулардын жана өлүмдүн айлампасынан, сансарадан кутулуу идеялар жана окуулар пайда болгон.
Брахманизм доорунда ар бир индустун жашоо образын, коомдук мамилелердин ченемдерин жана диний ырым-жырымдардын жүргүзүлүшүн жөнгө салып турган . «Манунун мыйзамдары» түзүлгөн. Бул эрежелер дхарма (мыйзам, милдет) деп аталып калган. «Манунун мыйзамдары» боюнча коом укумдан-тукумга өтүп турган төрт варнага (каста) бөлүнгөн: брахмандар – жрецтер эң жогорку варна болгон; кшатрийлер – Индиялык аристократтардан турган аскердик катмардын варнасы; вайшьялар – дыйкандар, кол өнөрчүлөр, соодагерлер; шудралар – коомдун эң төмөнкү катмарын түзгөн көз каранды адамдардан турган варна болгон. Мындан сырткары, эч бир варнага кошулбаган «кол тийбестер» деп аталган категориядагы адамдар баарынан төмөн турушкан.
Адамдар Манунун мыйзамдарына ылайык дхарманы толук сактаган учурда гана сансарадан кутула алат деп эсептелген. Ал үчүн төмөндөгү нерселерди аткарууга милдеттүү болгон: 1.Ыйык ведаларды окууга; 2. Ааламды жараткан кудайларга (дэвдер) сыйынууга; 3. Ата-бабаларды – питарларды урматтоого.
Индустардын ишеними боюнча кудай өзүн ар түрдүү формада көрсөтө алат жана адам кудайдын өзүнө жакын болгон формасына сыйына алат. Дхарманы, моралдык-нравалык милдеттерди кармануу менен адам төрт этаптан (ашрам) турган өзүнүн жашоо «программасын» ишке ашыра алат: брахма чарья – шакирттик мезгил, бул мезгилде адам ыйык тексттерди окуп, анын маанисин түшүнүүгө умтулуусу керек; грихастха – активдүү мезгил, үй-бүлө күтүү, балдарды тарбиялоо жана үй-бүлөсү менен өзүн камсыз кылуу үчүн эмгектенүү; ванапрастха – пассивдүү мезгил, активдүү жашоодон чегинүү, тажрыйбаларын жана билимдерин үй-бүлөсүнө, кийинки муунга өткөрүп берүү; саньяси – бул жашоодон кетүү, же сансарадан кутулуу. Брахмандар төрт этапты толугу менен, кшатрийлер жана вайшьялар алгачкы үч этапты, ал эми шудралар биринчи жана экинчи этапты гана өтө алышат
Индуизм өз ичинен төрт негизги багытка бөлүнөт: 1. Вайшнавизм – дүйнөнүн сактоочусу болгон жана адамдарга ар түрдүү абалда – аватарада көрүнө алган Вишну кудайына сыйынуу. Индуизмде Вишнунун он белгилүү аватарасы бар, алардын негизгилери Индия эпосунун башкы каарманы Рама, сактоочу кудай саналган Кришна. 2. Шиваизм – дүйнөнүн талкалоочусу (кыйратуучусу) болгон Шива кудайына сыйынуу. Индустардын ишеними боюнча Шива өзүнө топтолгон кыйраткыч энергияны бий аркылуу сыртка чыгарып дүйнөнү жок кылат. Ал эми ар бир талкалануу жана кыйроо – кайра жаралуунун себебин түзөт. Шиванын кыйратуучу күчкө ээ болгон образын, анын жубайы жамандыктарды, ооруларды, кыйроолорду жиберүүчү Кали (Парвати) толуктап турат.
3. Смартизм – байыркы брахмандык традициялардын реформаланган формасы. Смартизмдин башкы философиялык системасы болуп, философ Шанкара тарабынан түзүлгөн адвайта – веданта саналат. 4. Шактизм – аял кудай Шактиге сыйынуу. Индустар үчүн ал жаратуучу аялдык башаттын, эненин, жердин символу. Эне жашоо тартуулайт, анын негизги атрибуту түшүмдүүлүк. Байыркы мифология боюнча кудай – эне жашоо гана бербестен, аны алып да коё алган. Ошондуктан бул кудай кээ бир учурда жер астындагы падышачылыктын кудайы катары да саналат.
Индуизмдин ар түрдүү багыттарынын ортосунда курч конфликтер жана олуттуу карама-каршылыктар жок. Алардын ортосундагы мамилелерге идеялар менен алмашуу жана философиялык аңгемелешүү мүнөздүү. Индуизм башка элдердин руханий жашоосуна да күчтүү таасир тийгизип келген. ХХ кылымдын экинчи жарымында индуизм улуттук чектен чыгып, Индиядан сырткары көптөгөн аймактарга жайыла баштады. Мурда индуизм үчүн гана мүнөздүү болуп келген вегетарианчылык, карма жана йога азыркы учурда бүткүл дүйнөгө кеңири таркап, миллиондогон адамдар тарабынан колдонулуп келүүдө. Индуизм дининин практикасындагы жесирлердин өзүн-өзүн өрттөөсү жана касталык негиздеги дискриминация сыяктуу кээ бир кѳрүнүштѳр өзгөчө сынга алынып келет.
Көңүл бурганыңыз үчүн ыраазычылык!