СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Улуттук баш кийимдер

Категория: Литература

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Улуттук баш кийимдер»

Кыргыз адабияты \7-класс\2-чейрек\ 4-сабак__________________________________

Тема: Кыргыз элинин улуттук баш кийимдери: калпак,

шөкүлө, элечек, тебетей

Сабактын максаты:

Күтүлүүчү натыйжалар

Когнитивдик: кыргыздын улуутук баш кийимдери жөнүндө тереңирээк билимдерди алышат.

-кыргыздын улуттук баш кийимдери жөнүндө маалыматтарды айтышса;

Социо-маданий: баш кийимдердин ден соолукка тийгизген таасирлери, баш кийимге урмат-сый менен мамиле жасоого тарбияланышат.

-улуттук баш кийимдерди кастарлай алышса;

Кептик: окуучулар баш кийимдер жөнүндөгү маалыматтарды анализдей алышат.

-баш кийимдердин адамдардын жеке турмушундагы орду тууралуу пикирлерин айта алышса.


Лингвистикалык минимундар: калпак, шөкүлө, элечек, тебетей

Сабактын тиби: жаңы материалды анализдөө

Колдонулуучу методдор: аңгемелешүү, суроо-жооп, дискуссия

Окуу иш-аракетин уюштуруунун формалары: жекече, жуптар менен иштөө

Сабактын жабдылышы: проектор, экран

Дидактикалык материалдар: слайд, окуу китеби, таркатмалар

Сабактын жүрүшү:


Сабактын баскычтары

Мугалимдин ишмердиги

Окуучунун ишмердиги

1)Уюштуруу (5 мүнөт)

Бар болуңуздар! Жалпыбыз «Ак калпак» деген ырды угабыз, кошулуп ырдайбыз.


Арыбаңыз!

Ак калпак

Сөзү: Б.Асаналиев

Обону: Т.Имашев

Аткаруучу: Уларбек Узакбаев


Кийгени башка жарашкан,

Суктанып бары карашкан.

Ак калпак калган мураска,

Атабыз Айкөл Манастан.


Кайырма:

Кийебиз, сыймыктап, артактап, ардактап,

Кыргыздын жүзүсүң ак калпак, ак калпак.

Кыргыздын жүзүсүң, жүзүсүң, ак калпак,

Ак калпак ай ак калпак.2

Ак калпак кыргыз белгиси,

Ак калпак киет эр киши.

Алыстан көзгө элестейт,

Ал окшоп тоонун мөңгүсү.


Кайырма:2


Эркиндик элге жеткени,

Арбыды калпак кийгени.

Ак калпак жагып көп элге,

Аралай берсин дүйнөнү.


Кайырма:2



2)Үй тапшырмасын суроо(5-мүнөт)

Окучулардан жекече маалыматтарды суроо, дептерлерин текшерүү

Синоним

Кастарланган-ардакталган

Алкоо-бата

Жүн-тыбыт

Айрып кароо-айырмалоо

Тартуу-белек

Ханыша-канайым

Каада-салт-үрп-адат

Кадырлуу-барктуу

Макал-лакап

Элден безеген –эр эмес, жоодон качкан шер эмес.

Эки төө жөөлөшсө, ортосунда бейажал чымын өлөт.

Көп бар жерде –сын бар, сын бар жерде-чын бар.

Карганы бакса куш болбойт.


Омоним

Ат- жылкы, ысым, мынтыкты же жааны ат


Антонимдер

Уз-чоркок

Жылуу-суук

Ички –тышкы



Жаңылмач

Эшикке чыксаң эчки тебет,

Эчкини энем жеңет.

Эчки энеме келет,

Энеме эчки сүтүн берет.

3)Жаңы тема. (10 мүнөт)

5-мартта Кыргызстанда улуттук баш кийим ак калпактын урматына Ак калпак күнү белгиленет. Бул күн Жогорку Кенештин 2016-жылдын 29 - июнундагы №825-VI токтому менен улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынган. Ак калпак күнү официалдуу эмес түрдө 2011-жылы майрамдала баштаган. Күндү белгилөөнүн инициатору катары режиссер Рысбек Жабиров болгон. Анын сөзү боюнча ак калпак, улуттук символ катары кийин муундар тарабынан унутта калбаш керек, ошондуктан ал өзүнүн майрамдык датасына ээ болуш керек деген ойлорун билдирген. Ал эми 5- март калпак күнү байчечекейлер чыгып, жаз күндөрүнүн бири болуп, эң ылайыктуу күн катары кабыл алынган. Жылдан-жылга майрамдык күн массалык популярдуулукка ээ болуп, 2016-жылы официалдуу статус алган.

Ак калпак тарыхы

Ак калпак байыртан эле кыргыз эркектеринин улуттук баш кийими, ата-бабаларыбыздын мурасы катары саналып, өзүнө терең философияны камтыйт. Формасы, оймо-чиймелери, өзгөрбөстөн муундан-муунга өтүп келген. Калпак аркылуу кыргыздар адамдын жашын, коомдогу абалын билишкен. Бүгүнкү күнү дагы бул байыркы улуттук баш кийим өлкөбүздө кеңири колдонулат. Калпакты ардактуу, кадырлуу адамдарга белекке беришип, майрамдарга, жумушка,кыскасы кадимки турмуш-тиричиликте кийишет. Айтмакчы, учурда түрдүү иш-чараларда, майрамдарда ижара калпак тартуулоо салтка айланып барууда. Ал эми Кыргызстан спортчуларынын эл аралык спорт мелдештериндеги параддык формаларына сөзсүз түрдө калпак кирет. Ак калпак - тоолордун жана тазалыктын символу. Анын формасы Кыргызстандын ак кар, көк муз баскан тоо чокуларын элестет. Кыргыздардын "Манас" эпосунда да Кыргыздар калпагы башынан түшпөгөн эл деп айтылат. Калпакка болгон мамиле кыргыздарда өзгөчө десек болот, аны таза кармап, ыргытып

же тегеретишпейт, эки колдоп гана чечүү керек, илгери кыргыздар жерге койбой бийигирээк же жанына коюп алышкан. Кыргыз өз калпагын сатпайт, бирөөгө бербейт, бир гана мурас катары берсе болот. Калпакты жоготсо же бирөөгө берсе анда адам кадыр-баркынан, акылынан жана аброюнан ажыраган болот деп айтылат. Кыргыз калпактары бычылышы боюнча түрдүү болгону менен, негизинен ылдый жагы кең болгон аны төрт кыйыктан тигишкен. Кыйыктарды капталдарынан

тигишпейт, бул калпактын талаачаларын өйдө же төмөн түшүрүүгө мүмкүндүк берген. Салтка ылайык оймолорун жибек жип менен тигишип, талаачаларын кара баркыт менен бастырышкан. Чокусун чачыча менен көркөмдүп, ал калпакта салаңдап турат. Тышкы жөнөкөйлүгүнүн артында кылымдар бою туураланып келген ыңгайлуулук менен тыкандык жатат. Кыргыз маданиятында ак калпак эң демократиялуу баш кийим болгон. Аны бүт эркектер кийишкен - бай-манаптан баштап кедей-кембагалдары, жашы, карысы. Формасы жана түстөрү менен гана айырмаланып турган. Мисалы, ак сөөктөр, ырчылар бийигирээк калпак кийишип, ичке кылдуу жүндөн, кымбат

баркыттан бычылып, өзгөчө оймолор менен кооздолгон. Бүгүнкү күнү Кыргызстандын тикмечилери түрдүү фасондогу калпактарды даярдашат, майрамдык, күнүмдүк, балдарга, карыларга. Калпактын 80дей түрү бар деп айтылат, алар формасы, татаалдыгы, мааниси жана ыңгайлуулугу менен айырмаланышат. Чыныгы ак калпак табигый, жаңы тазаланган, ак ичке кылдуу койдун жүнүнөн дайындалат. Дал ушундай жүндөн жасалган калпак кышкысын сууктан сактап, жайкысын ысыктан коргоп, жаанда суу өткөрбөйт, формасын жоготпойт. Жылда Ак калпак күнү Республикабызда, өгөчө Бишкек шаарында, майрамдык салтанат, атайын иш-чаралар, жарманкелер, концерттер, флэшмобтор өткөрүлөт. Мектептерде маданий-массалык иштер жүрүп, бардык эркектер бул күнү калпак кийишет. Калпактын түрлөрү:

Эр-жигиттин кадыры көтөрүлүп, калк башында турууга күчү жетсе, мындай жигит ак калпак кийген. Калпагына карап, жигитти төргө карай өткөрүп, кээде эт тарттканда, тааныбаган адамдарга баш кийимине жараша устукан тарткан. Ак калпакты айкөл, калыс, адилеттүү, акылман адамдар кийишкен.

Калпакты өңү түсү боюнча ажыратуу Кыргыз эл баласы бойго жете электе кыюуусу жашыл калпак кийгизишкен. Ал баланын жетилип келе жаткандыгын туюндурат

Манаптар, айыл башы, деги эле бийликте турган адамдар жөнөкөй элден айырмаланып, төбөсү шукшуйган калпак кийген. Мындай калпактар кийинчирээк Бакай калпак атка конду.

Бойго жеткенде кыюуусу кызыл түстүү калпакка кийгизип, андай баш кийим кийген жигит кыз жандоого, өмүрлүк жар байкоого акылуу эле. Мурда кыштакка кыюуусу кызыл калпак кийип келген жигитти "аа бойдок экен" же "жар издеп жүргөн экен" деп билишкен.



Даражалуу адамдардын кадыр-даражасы канчалык экенин калпактын кыюуусуна салынган оюу, ошол оюулардын арасына кыстырыла кеткен асыл таштар айкындап турган. Эр-жигит кыз алып, турмуш улаганда, үйлүү-жайлуу болгондо кыюуусу кара калпак башынан түшкөн эмес. Андай калпакты мурда кыз жак даярдап, күйөө балага беришкен. Кара кыюуулуу калпак эр-жигиттин үй-бүлөсү бар, кара менен ак аралашкан турмушта жашап жатканын билдирген. Кырсык болуп, өмүрлүк жары жашоодон өтүп кетсе, эри кара кийиз калпак кийген

Ушуга байланыштуу оюмдардын аталыштары ага жараша болгон. Эр-жигит аң улоо менен алек болсо, калпактарына мисалы, тоо теке, бүркүт, аркар оюмдарын түшүргөн..

Калк тынчтыгын сактаган баатыр-балбандар карышкыр, илбирс, жолборс, бүркүт сыяктуу оюуусу бар калпактар башынан түшкөн эмес


Дагы бир ой-толгоо, калпактын төрт талаасы биригип кыргыздын Мекени Ала-Тоону чагылдырат. Ата Журтубуздун символу десек болот. Нукура ак кийизден жасалган жасалышы аруулуктун, ыйыктын дагы бир белгиси. Ооба, калпак кыргыздын байыркы баш кийими. Аны кийип жүргөн адам, ата-бабаларыбыздын, элибиздин маданиятын, салттарын ыйык туткандыгын билдирет. Улуттук баш кийимибиз - байыртан эле белгилүү болгондуктан, калпакты адамга же элге ыйгаруу таажыдан кол жууп калуу менен барабар болгон. Буга байланыштуу "калпагыңды жоготсоң, башыңды жоготосун", "калпагыңдан ажырасаң, акылыңдан ажырайсың" - деген учкай сөздөр калган. Калпактын 4 талаасынын сызыктары Теңирден түшкөн кутту билдирген. Ошондуктан "калпагыңды жерге койбо", "калпакты бутка эмес, баш жагыңа коюп жат" аттуу сөздөрү баш кийимдин ыйыктыгын билдирет. Түзүмү боюнча туюк жана айры калпак болуп бөлүнөт.

Калпак жөнүндө Кыргыз калпагы, бир жагынан турмуш-жашоого ынгайлуу, аптада күндөн, ызгаарда сууктан сактаган, жең ил, ошол эле убакта олуттуу, салмагы оор эмес баш кийим. Калпактын түзүлүшү кандай Калапак бири-бирине дал келген төрт талаадан турат. Ал илгерки замандадагы адам башаты жер, аба, суу, отту туюндурат деген имиштер бар. Эгер андайболсо калпактагы 4 талаа кандайдыр бир философиялык ойду камтып, адамдын акыл-ээси башында, баш кийимде деген мааниде.



Туюк калпак болсо тилиги жок болуп, аталышы да ушуга себептүү. Илгери көбүнчө ичкилик кыргыздар кийип жүрүшчү. Тотеми бөрү болуп, аны калпактарына түшүрүп алышкан. Кайруусу Кайруусунун өңүнө жараша сол канаттагылар (көк уулдан) кайруусу көк же кара түстө эле. Оң канаттар (ак уулдан тарагандар) ак чымкый калпак кийип, кайруусу болсо ак-сары же ак баркыттан жасалган. Калпактын түзүлүшү жөнүндө Биздин ата-бабаларыбыз дүйнө 3 бөлүктөн турат деген ишенгеними болгон. Жогорку дүйнө - асман, ортоңкусу - тоо-таш, төмөнкүсү - суу жана жер асты. Бул катмарлардын образы да калпакка чагылдырылган деген имиштер бар. Чечмелениши төмөнкүдөй:

1.Калпактын чокусу (чок) жогорку дүйнө - асманды түшүндүрүп, чок дегени - куштардын канаты, тырмагы делет. Жигиттердин калпактарында куш канаты, тырмагы, кыздардын тебетейинде улардын, үкүнүн канаты болгон. Аталган куштар асманда, Теңирге жакын жүрөт деген маанини туюндурган.

2.Калпактын конус сымал бөлүгү тоону элестетип "Дүйнө тоо" маанисин берет. Илгерки ишенимдерге ылайык жер менен асманды дүйнө тоосу бириктирип турган. 3.Калпак кыюуусу асмандан түшкөн, тоолордон аккан сууну, ал эми кайруусу астыңкы жерди, караңгылыкты билдирет. Кандай гана болбосун, имиш же болгон чындыкбы, баарыбир мунун баары биздин калпагыбыздын ыйыктыгын, кеңири тарыхка жана маданиятка бай экенин билдирип турат.


Айры калпак - Байыркы калпактар 2 талаадан эле турчу, ошондуктан алардын айры тиликтерин эки кулакты каратып кийип алышчу. Негизи айры калпактын маңдайкы жана желке жагы тилинүү болуп аталышы да ошондон. Мындай калпактарды кыргыздын оң жана сол канаттагылары кийип жүрүшкөн. Сол канаттын тотеми өгүз болгондуктан анын образын оймолор аркылуу калпактарына түшүрүп алган, ошондой эле ыкма менен оң канаттагылар өзүлөрүнүн бугу тотемин калпактарында түшүргөн. Азыркы айры калпактардын бир эле тилиги болуп, ал эми талаачалары төртөө, адатта, тилигин маңдайга келтирип кийишет.



Калпак эмнеден жасалат

Ак калпак күну тууралуу кепке улай, эми калпак эмнеден жасаларын айталы. 19-кылымда калпактарды аялдар кийизден жасашып, эркектер сатышчу. Буйрутма менен калпакты жасатуу үчүн жаш козунун жүнүн беришчү, ошол эле жүн иштин акысы болгон. Учурда кытайлар жасаган синтетикалык калпактар өтө көбөйдү, баасы дагы арзан. Бирок нукура кыргыздын кой жүнүнөн жасалган калпактардын касиеттерине китай калпактары жетпейт. Синтетикалык калпактар кышкысын суук келип, жайкысын бышты ысытып, тердетет. Чыныгы жүндөн жасалган калпактар баасы кымбат, кышкысын жылуу, жайкысын салкын, мындай калпактарды азыр кыргыз тигүүчүлөрү "меринос" породасындагы койлордун жүнүнөн жасап, заманбап тигүүчү машиналарга тигишет.

Калпак жөнүндө ыр

Көк мелжиген мөңгүлүү бийик тоону,

Кичирейтип жасаган калпак кылып.

Тоолор жылып жатабы деп ойлойсуң,

Кыргыздар ак калпакчан бара жатса.

(Автор: Суркеев Бахтыбек)

1)Окуучулар менен иштөө (12 мүнөт)

Оку Окуучулар топ-топко бөлүнүшөт. Колдоруна элечек, шөкүлө, тебетей тууралуу маалыматтар берилет. Ар бир топ өз тобу менен окуп, доскага чыгып башка топтогуларга түшүндүрүп беришет. Мугалим кошумчалайт.

1-топ . “Элечек” тобу

Бул — баш кийимдин бир түрү. Ак кездемеден тегерете кат-кат болуп оролгон аялдардын бул баш кийимин баш кеп, сала коймо, ээк алмай, астыңкы жана үстүңкү тартма, тумарча, бадал сыяктуу негизги түрлөрү бар. «Кеп такыя элечек» чечкенде анын кеби бузулбас үчүн астынан кийилет. Кийип-чечүүнү жеңилдеткен элечектин «сала коймосу» (желке жагы) менен «ээк алмайы» болот. Аны жыкканда ага тирек болуучу мунун «астыңкы тартмасы» (бөлүгү) кыска 25—30 см че келет. «Үстүңкү тартмасы» (же жыгымы) элечектин бардык оромун тыкан кармап турат. Элдик салтта аялдар муну жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайык кийишкен.

Улгайгандардын элечеги жөнөкөй оролуп, көлөмдүү көрүнөт. Сыртынан чоң ак жоолук менен жабылган. Жарынан айрылган айымдар, аза күтүү учурунда анын жарымын алып коюшкан. Андан анын аза күтүп, жесир калганын түшунушкөн. Ал эми өлгөн кишинин жакын туугандары аны өткөнчө элечектин ээк алмайынын бир жаагын бошотуп да жүргөн.

Колуктулар кийген элечектин маңдайы шуруланат. Бул «шуру тартма элечек» деп аталат. Элечектер кээде күмүш калдыркан, күмүш желбирөөчтөр менен да чебер кооздолуп, укмуштай кыргакталат. Элечек формасы, кооздолушу жана кийилиши, калк арасында таралыш таржымалы боюнча жергиликтүү өзгөчөлүктөргө ээ. «Каз элечек бош таштап, Катарлап төө көч баштап, Кан-Жайлоо көчкө жарашкан» (Жеңижок) — деп элестүү айткандай бул ак болуш зарыл. Ал койкойто мыкты оролуп, чүчтөдөй чакан элечек болот.

Сурп элечекти «сурп элечек» деп атайт. Сурп — жөнөкөй кездеменин бир түрү. Боёлбогон, агартылбаган жибек кездемени илгери эл «торко» дешчү. Бул элечектин жердигинин милдетин аткарат. Чеберлер театрлардын, филармониялардын артисттери жана өздүк көркөм чыгармачылыгынын ышкыбоз коллективдери мунун жакшынакай үлгүлөрүн сактап, андан ары өнүктүрүүгө зарыл.

Зергерлер жана уздар чач кепти жасайт. Аны кеп чач, баш кеп деп аташат. Бул элечектин астынан кийилүүчү баш кийимдин бир түрү. Чач кеп элечектин ички оромун терден-кирден жана чаңдан сактайт. Муну бөтөнчө байбичелер жылуулук үчүн жоолуктун ичинен да кийип жүрүшкөн. Мындай чач кеп көбүнчө кызыл, жашыл, көк, кара манат менен баркыттан жасалган. Чач кеп маңдайы тегиз, эки жан (каптал) жагынан жаак (кулакчын) түшүрүлүп, артынан (желкесинен) сала коймо (куйрулчук) чыгарылат. Үч кабатталып, башкача айтканда, тышы колдо токулган ак бөздөн тышталып, ичи гүлдүү чыттан астарланат. Ортосуна өрмөктө созулган тасма салынып жасалат. Төбөсү тигилбестен, жип өткөрүп бүрмөлөнгөн же байланган (кездеменин өзүнөн төбө чыгарылган) чач кептин жаактары, маңдайы, сала коймосу сайманын «терс кайык», «илме» («илме дос»), «туура сайма», «басма сайма» деген түрлүрү менен «мүйүз», «ит куйрук», «ийрик», «кыял», «куш канат», «бармак боочу», «кочкерек» өңдүү көркөм оюм-көчөттөр менен кештеленет. Чекесине бермет, шуру, топчу жана башка кооздук тагылып, жылаажын, шамалбак да кадалган. Ал канча белден ылдый карай төгүлүп турган олоң чачты чаңдан жана ар кандай тоскоолдуктардан сактоо эле эмес, кыз-келиндерди артынан караганда шаңдуулук да болуп саналат.

«Күмүштөн чачпак соорунда, Күлгөнүң турат оюмда». Муну чач кап деп айтабыз. Кыз-келиндердин (кээде улгайган аялдардын да) аземдик үчүн чачын ачып-жаба тагынган, топ чачпактан чогу бар кооз жасалгасы. Чачпак үч бөлүктөн турат: Башы (чач байлана турган жагы), ортосу (кутучалар же кутуча кооздуктар асемделип тагылган тарабы) жана учу (чачы же кооз асемдик кадалган жери). Чачпактын жасалышы жана кооздолушу боюнча айлакер зергерлер, кайкач бармак уздар өзүнүн жекече ыкмалары менен көркөмдүктүн жогорку чегине жеткен. Муну жасоодо да жергиликтүү өзгөчөлүктөр байкалат. Чачпактын учу күбөктөлө папиктелет, ал жибектен эшилип, чыйратылган жүн жиптен түймө чачыланат.

Илгери 30 метрдей кездеме (стампул) сарпталса, азыр уз. 20 метр ак кездемени алат. Сурп өңдүү, бирок, жука батистей анча жука эмес жеңил жердик элечек үчүн жакшы болот. Азыркы ак кездемелердин аралашмасы бар. Ошондуктан, оор көрүнөт. Буга негизи кебез кездемелери мыкты келет. Мурун кептакыяны кийип, мунун үстүнө элечекти ороодо кептакыянын төбөсүн бууган жерине бир жарым метр керектейт. Анын бир учун астына карай коюп, кептакыянын эки жаактагы саймасынын үстүндөгү «кулакчыны» деп аталуучу кооздолгон ак кездеменин астын карай астыңкы учун бүктөп, маңдай жаактан ылдый алып келет. Ошол элечектин кулакчыны «түп» деп аталат. Үч метр кездемени артка куйрулчукка кынаптала бүктөп, куйрулчуктун саймасынын жогору жагына жиберилет. Ал «уч» деп аталат. Мында уз кеп такыянын башын (түбүн) бекитип алат. Экинчи, куйрулчуктун саймасын баспагандай кылып, жогору жагынан «түп» кездеменин учу менен жабат. Анда «түп» эки милдетти аткарат: кулакчын жасалат, калган бөлүгү менен «уч» пайда болот. Эки түп үчүн үч метр кездеме керектелет. Анын бир учу кеп такыянын төбөсүнө байланат. Арты үч бүктөлүп, ичине оролгон калың кебез коюп, кездемени түрүп келип, маңдай жакты көздөй оройт. Калган кездемелерди таптап, бырышын керип (үтүктөп), үстүнө ороп, биринчи учу ийне аркылуу бекитилет. Анын маңдайын таңдайлатып оройт.

Ал улам оролот, башкы иймек чоңоюп, астын көздөй ийилип кете берет. Мында төбөсү менен маңдайга кездеме арбын чыгымдалат. Ошондо элечек артынан алдын карай сүйрү, астына ийилген абалды берет. Аны орогон сайын жылып кетпөөсү үчүн ар бир ором ийне менен учуксуз тепчилет. Мында кеминде 25 ийне керектелет.

Оролуп бүткөн элечектин үстүнөн орому чачылып кетпеске артка салмай кыргак менен (1,5—2 эли) өңү кызыл тасма аркылуу бекитилет. Тактап айтканда, кыргак маңдайдан желкени көздөй элечекти тегерете айлантыла байланат, бир учу маңдайга бекитилет.

Элечек кыргагын саймалайт-оймолойт. Мурун күмүш кыргак да болуучу. Манат этегине зер калакчаларын да кадаар эле, кеп такыяга түшкөн көркөм көчөттөр менен зер шөкөттөрү элечектин кооздугуна үндөшө турган. Илгери элечекти дуруя жоолук менен үстүн жапчу. Аны «ала коймо», «сала коймо» деп айтышчу. Азыр дуруя жоолуктун ордуна ак кездеменин четине кызыл чачы кармайт. Аны үч бүктөп, элечектин үстүнө салып коет. Албетте, уяттуу келиндер үстүңкү «ала коймо», «сала коймо» жоолуктун астыңкы учун бетин карай түшүрүүчү.

Бул жердеги маалыматтар ката. Эгер кыргызга куйгон жан болсонуз бул маалыматты колдонбонуз. Анткени колдонуу аркылуу элечекти таанытууга болгон оюнуз ишке ашпайт жана ага кыянаттык кылган болосуз. Келгиле нукура элечекти тараталы.

2-топ. “Шөкүлө” тобу

Кыргыздар да илгертен баш кийимди аздектеп кийип келишкен. Кыргыздын баш кийимдери жылдын төрт мезгилине жараша жана аба-ырайынын шартына карата кийип жүрүүгө шартташкан да мал, аң терилеринен, кийизден жана кездемеден тигилет. Алардын бири: топу болуп саналат.

ТОПУ – жеңил баш кийим. Илгери кыз-келиндер төбөсү бийик жана кууш топу кийишкен. Бара-бара ал ар кыл түстөгү жердиктен төбөсү менен алкагы тегерек жана жапыз тигилип, зер, бермет, шуру, акак менен кооздолуп, үкү тагылган.

Кийин топу бир түстүү кездемеден эле төрт бурч тигиле баштаган. Ал бурч сымал жээги бир бүтүн келип, төбөсүндөгү төрт талаасы саймаланган.

Кыз балдардын топусун “такыя топу” деп да атайт. Ал көбүнчө жашыл, кызыл, көк өңдөгү кыжымдардан, таз баркуттан жасалат. Төбөсү томпок, ортосу учтуураак келип, топуга тегерете көркөм көчөттөр түшөт. Ал кооздуктар “кыял оюм”, “бадам оюм”, “ийрек оюм”, “бычак учу” оюм деп аталат. Же болбосо көркөм көчөт – оюмдардын ордуна акак таш, шуру, бермет өңдүүлөр ийректеле тизилип, алтын-күмүш торчолор менен курчала кооздолот. Мунун “бүрмө топу”, кайырма топу, “макабай топу” деген түрлөрү бар. Бул баш кийимди тигүүдө жана кийүүдө аймактык бөтөнчөлүк байкалат.

ШӨКҮЛӨ – Кыргыздын кыз-келиндери кийген кооз баш кийим. Ал шоңшойгон (конус) түрүндө тигилет. Эгерде кыз бойго жетип, кайын журту калыңын өткөрүп койсо, андай кыздар башынын бош эместигин билдирип шөкүлөнү кийишкен. Эң кызык жери – шөкүлөдөгү чолпу, чач учуктар,  бооруна тагылган тумарчалар кыздын бара турган жеринин канчалык бай жана мансаптуу экендигин билдирип турган. Шөкүлөнүн төбөсү (бийиктиги 22-30 см.), кулакчаны же жаагы (узундугу 18-22 см.),  желкеси (узундугу 33-45 см.), маңдайы (4-6 см.) болот.

Шөкүлө алгач ак кийизден тигилген, кийин ортосуна жүн салынып, сырты кызыл кочкул, жашыл же жашыл кочкул, көк же көк кочкул манат-ноотудан тигиле баштаган. Анан да үстү саймаланып, шуру басылып, чокусуна, капталдарына үкү же тумарчалар тагылган. Турмушка аттанган кыз үч-төрт күндөн кийин шөкүлөсүн төркүнүнө берип жиберет. Ал салт боюнча кийинки сиңдилерине сакталат. Бул баш кийим боз үйдө текчеде турган же болбосо сандыкта сакталган.

ЭЛЕЧЕК – Аны “илеки” деп да айтайт. Негизи бул баш кийим аял затынын ажарын ачат. Ак кездемеден тегерете кат-кат кылып оролгон аялдардын бул баш кийимин “баш кеп”, “сала коймо”, “ээк алмай”, “астыңкы” жана “үстүңкү тартма”, “тумарча”, “бадал” сыяктуу негизги түрлөрү бар.


3-топ. «Такыя» тобу

“КЕП ТАКЫЯ” – элечекти чечкенде анын кеби бузулбас үчүн астынан кийилет. Кийип-чечүүнү жеңилдеткен элечектин “сала коймосу” (желке жагы) менен “ээк алмайы” болот.

Улгайгандардын элечеги жөнөкөй оролуп, көлөмдүү көрүнөт. Сыртынан ак жоолук менен жабылган. Аза күткөн (же жесир) аял кара бүркөгөн элечек кийген. Ал эми өлгөн кишинин жакын туугандары ашы өткөнчө элечектин ээк алмайынын бир жаагын бошотуп да жүргөн.

Колуктулар кийген элечектин маңдайы. Албетте, шуруланат. Бул “шуру тартма элечек” деп да аталат. Элечектер кээде күмүш калдыркан, күмүш желбирөөчтөр менен да чебер кооздолуп, укмуштай кыргакталат.

КЫРГАК - шөкүлөнүн, такыянын, көбүнчө, элечектин эң сырткы курчоосу. Ал ар кыл эндүүлүктө, ар кандай кездемелерден саймаланып да, түрдүүчө асемделип да жасалат.

КЫРГАК – алтын, күмүш, акак таштар менен чөгөрүлүп, негизинен элечекти кооздоо менен катар аны жанып, чубалып калуудан сактаган. Ал көркөмдүгүнө жараша: алтын кыргак. Күмүш кыргак, сайма кыргак, оймо кыргак, оймо кыргак бермет же шуру кыргак, жибек кыргак, кымкап кыргак болуп, уздун жана устанын  чеберчилигине жараша кооздолгон.


ЧАЧПАК – илгертен энелерибиз чачтарына тагып келишкен. Чачпак канчалык оор болсо, ошончолук жакшы. Анткени түз басууга өбөлгө түзөт. Ошондуктан, энелерибизде бел оору болгон эмес экен. Ал алтындан, күмүштөн жасалган. Зергерлер өздөрүнүн чебердигине карап түрлөнтүп, кыраатына чыгарып жасашкан.

4)Бышыктоо

(5 мүнөт)


  1. Жогорудагы сөз кылган улуттук баш кийимдерден башка кыргыздын дагы кандай баш кийимдерин билесиңер?

  2. Улуттук баш кийимдердин колдонулуш жол-жоболору жөнүндө айтып бергиле?

  3. Башка кийимдерге караганда эмне үчун кыргыздар баш кийимдерди ыйык сакташкан жана кийип жүргөнүн белекке берен эмес деп ойлойсуңар?

5) Рефлексия

(2 мүнөт)

Бүгүнкү сабактан кандай маалымат алдыңар?

Сабакта эмнеден кыйналдыңар?

Эртеңки сабакты эмнелерди күтөсүңөр?


6)Үйгө тапшырма (3мүнөт)

Уларбек Узакбаевдын аткаруусундагы “Ак калпак” ырын жаттап....

Улуттук баш кийимдердин сурөтүн тартып келүү...

Колдонмо дептерибизди толутурп келүү..





7)Бааолоо

(3мүнөт)




Окуучулардын аракетине жараша.

«5», «4», «3», «2»




Мугалим үчүн керектүү ырлар.....

Сабыракун Сулайманов

“Ак калпак”

Ак калпакты алтын башка теңеген

Ак мөңгүлүү Ала-Тоонун сереси,

Ак калпакка чөгөрүлгөн элеси.

Ак калпакты алтынга да алмашпа,

Бул кыргыздын эң бир ыйык белгиси.

Ызгаар шамаал урса дагы ашынган,

Ак калпакты учурбагын башыңдан.

Бул ак калпак ыроолонгон Теңирден,

Көкүрөккө түйүп алгын жашыңдан.

Чен элдерге ызаат менен ийилип,

Сый-сыпатын, сыйкорлугун билгизип,

Ата-бабам аздектеген калпакты,

Өзгөгө да белек кылат кийгизип.

Мындан башка белек жокпу аларга,

Көңүлүн таап көкөлөтүп саларга.

Сөзсүз эле баш кийимди берүүбү,

Эмне үчүн муну албайбыз капарга.

Касиеттүү Ала-Тоону жердеген,

Кыргыз эли баш кийимин эч бербеген.

Эскиргенин тепселетип таштабай.

Өрттөп салган касиеттүү эл деген.

Салкын төрлүү Ала-Тоону ээлеген,

Өзгөлөргө өрнөк болгон эл экен.

Кыргыз эли улуттугун унутпай,

Ак калпакты алтын башка теңеген.



Турумов Мукай

“ Ак калпак”

Дүйнөдө түрлүү улут бар

Кээ бири тилин унуткан

Буйругу менен кудайдын

Бул заманга туш кылган

Байыркы кыргыз элденбиз

Батасын алган улуктан

Башкасын айтып не кылам

Кытайлар корккон буруттан

Кыргызымдын белгиси

Тили менен билинет

Башкалардан өзгөчө

Башына калпак кийинет

Калпагы, тили болбосо

Ким экенин, ким билет

Ошон үчүн калпактын

Кадырын жакшы билелик

Манас кийген калпактын

Мааниси менен кийелик

Көрүнгөн жерге таштабай

Көркү менен кийелик

Баш кийим улук экенин

Көкүрөктө түйөлүк

Камчы менен калпагым

Бийик жерде илинүү

Баш кийимин сыйлаган

Башкага болбойт жүгүнүү

Короодо жумуш кылганда

Малакайды кийемин

Эки жакка барганда

Ак калпак менен жүрөмүн

Башымда калпак турганда

Башкача согот жүрөгүм

Ак калпакчан кыргыздар

Аман болсун тилегим

Ак мончоктон келаткан

Атадан калган белегим

Алиев Шекербек

“Калпак күнү боло берсин”

Саламдашам кептен айтып салмактуу,

Саламатпы эли - журтум ардактуу.

Амандашып анан башка сөзгө өткөн,

Ата- баба апапакай калпактуу.

Калпак күнү бүт кыргыздар сүйүнгөн,

Калпак кийип менда келдим үйүмдөн.

Бүт кыргыздын балдарындай мендагы,

Калпак кийгем тээ балалык күнүмдөн.

Жигит болуп кыргыз атка татыган,

Ак калпагын түшүрбөгөн башынан.

Эл, журтум майрамыбыз кут болсун,

Куттуктаймын үй-бүлөмдүн атынан.

Беш жаштабы мейли токсон жаштабы,

Калпак кийген абалтадан жаш кары.

Эске түшөт ак калпакты көргөндө,

Ак кар баскан Ала - Тоонун баштары.

Баалап, барктап бардыгыбыз азыр да,

Кийеличи жайда, күздө, жазында.

Комуз түшпөй кыргызымдын колунан,

Ак калпагы дайым болгон башында.

Жүргөнсүйбүз ак калпакты барктабай,

Кийиш керек үйгө катып сактабай.

"Майрам экен бүгүн кийдик болду" - деп,

Жакшы эмесда эртең чечип таштамай.

Калпак кийип жүрсөк деймин мен дайым,

Калпак сүйлөйт кыргыздардын тек жайын.

Бир жылдагы бир күн менен чектелбей,

Калпак күнү боло берсин күн сайын.