СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тыныш белгилери

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тил адам баласынын өз ара катнашынын маанилүү куралы болуп саналат. Демек, тил аркылуу адамдар бири-бирине өз ойлорун түшүндүрүп, пикир алышып, байланышып турушат. Коомдун мүчөлөрүн бири-бири менен пикир алыштыруунун, өз ара байланыштыруунун негизги формасы катары сүйлөм пайдаланылат. Ал эми сүйлөмдүн өзү болсо сөздөрдүн жана сөз айкаштарынын тизмегинен уюшулат. Адам баласы өз оюн башкаларга оозеки түрдө жана жазуу түрүндө билдирери белгилүү. Бирок ой-пикирди, ар түрдүү ички сезимди түшүнүктүү жана толук берүү үчүн тилдин грамматикалык закондорунун негизинде уюшулган ар түрдүү түзүлүштөгү сүйлөмдөрдүн гана болушу жетишсиз болот.

Просмотр содержимого документа
«Тыныш белгилери»

Тыныш белгилеринин жазма тилдеги милдети

(эрежеге гана таяналы)

Тил адам баласынын өз ара катнашынын маанилүү куралы болуп саналат. Демек, тил аркылуу адамдар бири-бирине өз ойлорун түшүндүрүп, пикир алышып, байланышып турушат. Коомдун мүчөлөрүн бири-бири менен пикир алыштыруунун, өз ара байланыштыруунун негизги формасы катары сүйлөм пайдаланылат. Ал эми сүйлөмдүн өзү болсо сөздөрдүн жана сөз айкаштарынын тизмегинен уюшулат. Адам баласы өз оюн башкаларга оозеки түрдө жана жазуу түрүндө билдирери белгилүү. Бирок ой-пикирди, ар түрдүү ички сезимди түшүнүктүү жана толук берүү үчүн тилдин грамматикалык закондорунун негизинде уюшулган ар түрдүү түзүлүштөгү сүйлөмдөрдүн гана болушу жетишсиз болот. Мисалы, оюбузду башка бирөөгө оозеки айтып түшүндүрүүдө сүйлөмдөрдү, анын байланыштуу бөлүкчөлөрүн бири-биринен кыска тыным аркылуу ажыратпай, чектебей эле куюлуштуруп айта берсек, сүйлөмдөр жана алардын тутумундагы айрым сөздөр, сөз айкаштары маанисине карай тиешелүү интонация, тыным (пауза) менен айтылбаса, сөз болуп жаткан ойго так жана толук түшүнүүгө мүмкүн болбой калат. (Интонация - үндөгү тондун жогорулашынын, төмөндөшүнүн жана тынымдын бирикмеси). Ошондуктан ой-пикирди оозеки сөз аркылуу берүүдө бир сүйлөм экинчи бир сүйлөмдөн, сүйлөмдүн бир бөлүкчөсү экинчисинен кыска тыным аркылуу бөлүнүп, чектелип айтылат; сүйлөмдүн бир жеринде үн жогоруласа, экинчи жеринде акырындап, сүйлөм маанилик өзгөчөлүгүнө карай ар түрдүү интонация менен айтылат. Оозеки тилдеги андай тыным, интонациялар кепти сүйлөмдөргө, сүйлөмдөрдү айрым бөлүкчөлөргө бөлүп, ал бөлүкчөлөрдүн ортосундагы байланышты жана сүйлөмдөгү ар түрдүү маанилик, эмоциялык (ар түрдүү ички күчтүү сезимдер: өтө кубануу, кайгыруу ж.б.) өзгөчөлүктөрдү билдирет да, ошону менен айтылып жаткан ойду угуучуга жеткиликтүү кабарлап, ага так, толук түшүнүүгө жардам берет.

Адам баласы өз оюн башкаларга жазуу түрүндө да билдирет. Эгерде оозеки тилде айтылып жаткан ой-пикирге угуучунун так, толук түшүнүшүнө жардам берүүчү кошумча каражат болуп тыным, ар түрдүү интонация эсептелинсе, жазма тил аркылуу берилген ойго, ар түрдүү сезимдерге ачык, толук жана туура түшүнүүгө жардам берүүчү кошумча каражат катары дайыма тыныш белгилери (пунктуация) пайдаланылат. Жазууда тыныш белгилери колдонулбаса, анда айтылуучу ой-пикирдин мааниси чаташып, сүйлөмдө адамдын кандай сезими берилип жаткандыгы белгисиз болуп калар эле.

Мисалы, төмөнкү сүйлөмдөрдү тиешелүү белгилерин койбой жазып көрөлү. Кеп жатакчылардын аздыгында эмес түтүндүн саны жагынан алар байлардан алда канча көп отурукташуунун маанисин билбегендикте. Жаныбарым Атай сууга канган атын азанатып үйүн көздөй жетеледи биздин тиричилик ушул жерде. Алиман Алиман бул эмне кылганың. Эгер ага түшүнбөсөң мактанчааксың мактанчаакты тапкан экенсиң. Бул сүйлөмдөрдү ушул түрүндө окуганда, алардын маанисине, эмне жөнүндө сөз болуп жаткандыгына ачык түшүнүү кыйын, ал эми акыркы эки сүйлөмдө кандай эмоциялык сезимдер бар экендиги да байкалбайт. Качан гана тиешелүү тыныш белгилерин өз ордуна туура койгонубузда, айтылган ойдун маанисине ачык, так жана туура түшүнүүгө мүмкүнчүлүк алабыз:

  • Кеп жатакчылардын аздыгында эмес (түтүндүн саны боюнча алар байлардан алда канча көп), отурукташуунун маанисин билбегендикте (К.Каимов).

  • «Жаныбарым, Атай сууга канган атын азанатып, үйүн көздөй жетеледи, - биздин тиричилик ушул жерде». (К.Каимов)

  • Алиман! Алиман! Бул эмне кылганың?! (Ч. Айтматов)

  • Эгер ага түшүнбөсөң, мактанчааксың.

  • Мактанчаак? Тапкан экенсиң. (Н.Б.)

Мында сүйлөм ичинде жана сүйлөм аягына коюлган тыныш белгилери ал сүйлөмдүн маанисине туура, толук түшүнүүгө жардам берип турат; акыркы эки сүйлөмдөгү суроо, илеп белгилери сүйлөмдөрдүн күчтүү сезим менен жана суроо маанисинде айтылгандыгын билдирип турат.

Жазма тилдеги сүйлөмдөрдүн аягына же сүйлөм ичиндеги сөздөрдүн, сөз тизмектеринин арасына коюлуучу белгилер тыныш белгилери деп аталат («тыныш» - «тыныгуу» деген мааниде; орус тилинде: «знаки препинания» препинание остановка, перерыв «токтоо», «тыныгуу» деген мааниде). Тыныш белгилерин коюу жөнүндөгү эрежелердин жыйындысы пунктуация деп аталат; экинчиден, бул термин «тыныш белгилери» деген мааниде да колдонулат (латынча punctum - «чекит» деген мааниде).

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия

2020-ж., 19-Ноябрь