Просмотр содержимого документа
«Туюнтма түшүнүгү»
Тамгалуу символикалардын чоңдуктарын же көптүктүн сандык мүнөздөлүшүнүн сан маанилерин алгебралык материалдар камтыйт. Жалпысынан алгебра алгебралык операциялардын жалпыланган символдорун конкреттүү амалдар (кошуу, көбөйтүү жана башкалар) менен алмаштырат жана алардын конкреттүү жыйынтыктарын карайт. Методикалык жактан башталгыч класстардын математика курсунда алгебранын элементтеринин негизги ролу болуп окуучулардын «сан» жөнүндө жана арифметикалык амалдардын мааниси жөнүндө түшүнүктөрдү жалпылаган элестөөлөрүн калыптандырууга шарт түзөт. Башталгыч класстарда окуп – үйрөнүлүүчү алгебралык түшүнүктөрдүн салттуу тизмесин карайлы. Алар: сан жана тамгалуу туюнтмалар; теңдемелер; барабардыктар; барабарсыздыктар.
Амалдардын белгилери аркылуу бириктирилүүчү тамгалардын жана сандардын удаалаштыгы математикалык туюнтма деп аталат. Теңдеме жана барабарсыздыктын жазылышында колдонулуучу белгилерден математикалык туюнтманы айырмалоо керек!
Мисалы: 3+2 – математикалык туюнтма
– математикалык туюнтма
– математикалык туюнтма
түрүндөгү жазуу математикалык туюнтма эмес, ал барабардык.
түрүндөгү жазуу математикалык туюнтма эмес, ал барабарсыздык.
Сан жана амалдын белгисин гана камтыган математикалык туюнтма сан туюнтмалары деп аталат. 1 – класста бул түшүнүк айтылбайт. 2 – класстан баштап айкын түрдө сан туюнтмалары менен таанышышат. Жөнөкөй сан туюнтмалары кошуу жана кемитүү амалдарын камтыйт:
30 – 5 + 7, 45 + 3, 8 – 2 – 1,…
Амалдарды аткарып анын маанисин табабыз.
Мисалы: 30 – 5 + 7 = 32, 32 – туюнтманын мааниси.
Башталгыч класстардын математика курсунда балдар өздүк мааниге ээ кээ бир туюнтмалар менен таанышышат: 4+5 – сумма, 6 – 5 – айырма,
- көбөйтүндү, 63:7 – тийинди. Бул туюнтмалар ар бир компоненттери үчүн аталышка ээ: сумманын компоненттери – кошулуучулар, айырманын компоненттери – көбөйтүүчүлөр, бөлүүнүн компоненттери – бөлүүчү жана бөлүнүүчү.
Биринчи баскычтагы (“+” жана “
”) амалдар жана кашаа менен балдар 1 – 2 – класста таанышышат. Кашаанын ичиндеги амал 1- аткарылат, андан кийин ирээти менен “+” , “
” аткарылат.
Экинчи баскычтагы (“
” жана “:”) амалдар жана кашаа, 1 – даражадагы амалдар менен балдар 3 –4 – класста таанышышат. Алгач кашаанын ичи, андан кийин “
”, “:”, “+”, “
” ирээти менен аткарылат.
Тамгалуу туюнтмалар 3 – класстын окуу китебине киргизилген. Сандар менен катар тамгалуу туюнтмалар тамга аркылуу белгиленген белгисиздерди камтыйт. Тамгалуу туюнтма бир же бир нече тамгаларды камтышы мүмкүн. Мисалы:
туюнтмасынын
болгондогу маанисин тапкыла;
жана
туюнтмаларынын
болгондогу маанилерин тапкыла. Булардын аткарылышын анализдөө менен бала тийиндини аныктоодо улам кийинки сан мурункудан чоң болгон сандарга болгон катыш кичирейгенин, көбөйтүндүнү аныктоодо чоңойгонун байкоого түрткү берет.
болсо,
туюнтмаларынын маанилерин тапкыла.