Просмотр содержимого документа
«Токой ресурстары»
Практикалык иш №10
Кыргызстандын токойлорунун баалуулугу жана азыркы кездеги абалы.
Токойлор жаратылышты, сууну коргоочу, кыртышты сактоочу, аба ырайын жөнгө салуучу, ден соолукту чыңдоочу милдеттерин аткарат. Токойлордун аянты - 1116,56 миң га
Мамлекеттик токой фондусунун жалпы аянты - 2620 миң га (1.1.2018), анын ичинен токой баскан аянты - 768 миң га.
Кыргызстандын токойлорунда дарак жана бадалдардын 130 түрү кездешет. Карагай, арча, жаңгак, мөмө-жемиш жана суу жээгиндеги токойлордун турлөрү бар.
Арча токойлордун аянты - 203,3 миң га, карагай - 120,6 миң га, жаңгак - 40,5 миң га, мисте - 33,8 миң га, бадалдар - 344 миң га.
- окой саясатын жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Куурчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасынын мамлекеттик агенттигине караштуу Токой экосистемаларын өнүктүрүү департаментине жүктөлгөн. Республикада 39 токой чарбасы жана 1 токой сактоо, коргоо станциясы бар (1.1.2018 маалыматы боюнча).
- Токой чарбалардын ми
Токой чарбалардын милдеттери
- Мамлекеттик токой фондусунун аянтын
- мыйзамсыз кыюулардан жана өрттөн коргоо
- илдеттерден жана зыянкечтерден сактоо
- жылына 1-1.5 миң га экме токойлорду отургузуу
- 15 млн. көчөттөрдү өстүрүү
- санитардык абалын, формасын сактоо жана жогорку түшүмдүүлүккө жеткирүү үчүн экме токойлордо өстүрмө кыюу иштерин жургүзүү
Отургузулган экме токойлордун ийне жалбырактуусу - 37,2%, жангак - 37,3%, мөмө-жемиш - 14,4%, бадалдар - 1,6%, башка түрлөрү - 9,5%.
2019-жылдын 1-сентябрына карата 93 токой мыйзам бузуу факты катталып, мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү 5414500 сом түздү. Мыйзамсыз 1692 бак-дарак кыйылып көлөмү 809 м2 түздү.
2019-жылы Мамлекеттик токой фондусунун жерлеринде 16 өрт кырсыгы катталып, жалпысынан 103 га, анын ичинен 2.6 га токой аянты күйгөн.
Токойдун 246 миң га жер аянты пайдаланууга берилип 25 млн сомдон ашык каражат түшкөн.
Түшкөн каражаттар
- токойду өстүрүү, калыбана келтирүү
- токой плантацияларын өнүктүрүү
- токой көчөттөрүн көчөтканада өстүрүү
- токойду зыянкечтерден, оорулардан, өрттөн коргоо жана сактоо
- алыскы жайытка баруучу жолдорду оңдоо
- токой чарбалардын материалдык техникалык базасын жакшыртууга багытталат.