Улуу инсан Исхак Раззаковдун өмүр баянын жана иштери жөнүндөгү маалыматка ээ болосуңар.
Просмотр содержимого документа
«Тема: "Улуу инсан Исхак Раззаковго 110 жыл"»
Баткен областы, Лейлек району, Исфана шаары, №48 Кесиптик лицей
Мугалим: Жалилова Айнура Абдибаитовна
Тема:Улуу инсан Исхак Раззаковго 110жыл
Сабактын максаты:
- Окуучулар Исхак Раззаковдун өмүр баянын жана иштерин даталарга таянып айтып бере алышат.
- Окуучулар Исхак Раззаковдун учкул сөздөрүн айтып, турмушта колдоно алышат.
- Окуучулар улуу инсан И.Раззаковдон үлгү алышып, патриоттуулукка жана чынчылдыкка тарбияланышат;
И.Раззаков 1910-жылы 25-октябрда Лейлек районундагы Коросоң айылында төрөлгөн. Үч жашында энесинен,сегиз жашында атасынан айрылган. Ходжент шаарындыгы Ленин-Абад балдар үйүндө тарбияланган.Ташкенттеги мектеп-интернатында билим алып,1929-жылы Ташкенттеги педагогикалык техникумду,андан кийин Москвадан пландоо институтун бүтүргөн.
1939-1940-Өзбек ССРинин элдик комиссарлар кеңешинин алдындагы мамлекеттик пландын төрагасы;
1940-1944-Өзбек ССРинин элдик комиссарлар кеңешинин төрагасынын орун басары;
1941-1944-Өзбек ССРинин Компартиясынын катчысы;
1945-1950-Кыргыз ССРинин министирлер кеңешинин төрагасы;
1950-1961-Кыргыз Коммунисттик партиянын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болгон;
1961-1962-СССРдин мамлекеттик экономикалык кеңешинин мүчөсү;
1962-1965-СССР министирлер кеңешинин алдындыгы мамлекеттик илимий экономикалык бөлүмүнүн башчысы;
1965-1967- СССР министирлер кеңешинин мамлекеттик пландоо комитет бөлүмүнүн башчысы.
Кыргызстан 1950-1961-жылдары
- Раззаков билим берүү тармагынын да өнүгүшүнө өбөлгө түздү. Мектептердин саны өскөн,орус тилдүү мектептерде кыргыз тили окутула башталган.
- Жетекчинин демилгеси менен 1957-ж баштап республикадагы 80миңге жакын окуучуларга бекер ысык тамак берүүнү уюштурулган.
- 1960-ж республикада 8 жогорку окуу жайы жана 27техникум,аларда окуган студенттердин саны 40миңге чейин жеткен.Раззаковдун түздөн түз катышы менен 1954-ж Илимдер Академиясы ачылып Кыргызстандын жаш окумуштууларынын өсүп өнүгүшүнө өбөлгө түзүлгөн.
Учурда Бишкекте Исхак Раззаковдун 1950-1961-жылга чейин жашаган үйү музейге айланган. Анда маркумга тиешелүү эки миңден ашуу экспонаттар жайгашкан.
Экспонаттардын басымдуу бөлүгү архивдик документтер жана сүрөттөр.
Исхак Раззаков Лейлек районунун Кулунду өрөөнүнү өздөштүрүүгө жана аны өнүктүрүүгө опол тоодой салым кошкон. Атап айтсак, канал казып суу чыгарып,элди чек арага көчүрүп,айылга айландырып чек араны сактап калууда салымы чоң.Бугунку күндө Лейлек районунда Исхак Раззаков атындагы айыл,Исхак Раззаков атындагы орто мектеп,Исхак Раззаков атындагы эс алуу жайы,Исхак Раззаков атындагы отряд,Исхак Раззаков атындагы музей бар.Исфана шаарындагы борбордук аянтта айкели тургузулган .
Сыйлыктары:
Эки ирет Ленин сыйлыгы жана эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордени,Улуу Ата мекендик согуштун биринчи даражадагы ордени, Кызыл Жылдыз ордени жана көптөгөн медалдар менен сыйланган.2016-жылы « Кыргыз Республикасынын Баатыры » наамын ыйгарган.
Үй-бүлөсү
Жубайы Рауза Ибрагимова менен Элмира,Эркин,Эмил аттуу уул-кыздарды тарбиялашкан.
1979-жылы 18-мартта кыгыз элинин улуу уулу Исхак Раззаков дүйнөдөн кайтып, Москвадагы Кунцев мүрзөсүнө коюлган. Ал эми 2000-жылы 1-июнда Исхак Раззаковдун сөөгү Кыргыз жерине алып келинип,бардык жөрөлгөсү менен коюлган.
Исфана шаарындагы Исхак Раззаковдун айкели
Исхак Раззаковдун учкул сөздөрү:
- Өмүр өтөт, өлүм болсо татаал. Туулдуң-өлдүң, өлбөй калуунун жолу барбы? Ал — эмгек. Эмгек гана адамды түбөлүк жашатат.
- Бүгүн бүткөрүүгө мүмкүн болбой турган ишти, эртең бүтүрүү үчүн аны дал бүгүн пландаштырып, бүгүн ойлонуу зарыл
- Ак иштеген адам акыры жамандык корбөйт!
- Ишти акыл менен иште. Эгерим сезимге жеңдирбе. Алданып каласың. Сезимди акылдын эркине баш ийдире алсаң, анда пайдаң арбын болот.
Улуу инсан Исхак Раззаков атабыздай, болуу үчун эмне кылуу керек?
Калыс
Аракетчил
Күчтүү
Көрөгөч
Чынчыл
Эмгекти сүйгөн
Эл камын ойлогон
Бүгүнкү сабакта биз:
- Исхак Раззаковдун өмүр жолу, жана анын кылган иштери жөнүндө маалыматка ээ болдук.
- Көңүл бурганыңарга чоң ыракмат !