СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тема: Акыл ордо

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тема: Акыл ордо

Просмотр содержимого документа
«Тема: Акыл ордо»

“Бекитемин”

Директор______________Матикеева Г.М.

“__” “____” 2016-жыл.



Ош шаарындагы №11 В.В.Терешкова мектеп-интернатындагы

7-а-б-класстарынын арасында өткөрүлгөн “Акыл ордо” интеллектуалдык оюнунун жобосу:

“Акыл ордо” интеллектуалдык оюндун максаты:

1.Окуучулардын предметтик сабактарга болгон кызыгуусун арттыруу;

2.Окуучулардын интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуу;

3.Логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү;

1-тур Жалпы суроо тест түрүндө болот 6 окуучу катышат.

2-тур “ Категориялар” туру 4 окуучу катышат.

3-тур Логикалык суроо туру 2 окуучу катышат.

1-тур

  1. Өз энесине жаа тарткан бала Ч.Айтматовдун кайсы чыгармасында сүрөттөлөт?

а ) Кыямат б ) Кылым карытар бир күн

в ) Бетме-бет г ) Эрте келген турналар

  1. Төмөндөгүлөрдүн кайсынысы ат жабдыктарына кирбейт?

а ) Ээр б ) Тулга

в ) Куюшкан г ) Үзөңгү

3. Аталган улуттук оюндардын ичинен кайсынысы айлуу түндө ойнолот?

а) Орда б) Көк бөр

в) Ак чөлмөк г) Жоолук таштамай



4. Манастын жубайы Каныкей кайсы улуттан болгон?

а ) Казак б ) Калмак

в) Тажик г ) Өзбек

5. Бачики кайсы жаныбардын баласы болуп саналат?

а ) Карышкыр б ) Түлкү

в ) Коён г ) Суур

6 . Асмандагы жылдыздарды кароо үчүн ойлоп табылган атайын прибор эмне деп аталат?

а ) Лупа б ) Телескоп

в ) Киноскоп г ) Микроскоп

7. Эки чекитти бириктирген сызыкты эмне деп атайбыз?

а ) Сынык сызык б ) Созулма сызык

в ) Бүтүн сызык г ) Кесинди

8. Дүйнөлүк поп музыканын падышасы аталган ырчынын ысмын атагыла?

а ) Филипп Киркоров б ) Майкл Джексон

в ) Алла Пугачева г) Мадонна

9. Авганистан мамлекетинин борбору кайсы?

а ) Ашхабад б ) Астана

в ) Кабул г ) Ташкент

10. Падышы арстан “Король лев” мультфильмдеги бала арстандын аты?

а ) Симба б ) Тимба

в ) Пумба г ) Намба

11. Кыргыз тилинде канча жөндөмө бар?

а ) 6 б ) 8

в ) 2 г ) 4

12. Колдун кайсы манжасы кыргыз элинин каарманы болуп саналат?

а ) Бармак б ) Аты жок в ) ортон г ) Чыпалак





2-тур Категориялар туру .

“О” категориясы

“Биринчи”

“Инсандар”

“Канаттуулар”

“Спорт”

Сандар сүйлөйт”

“Мультфильм”

“С” категориясы



“О” категориясы

1.Бул өсүмдүктү кыздар каш өстүрүүдө пайдаланышат? ( Осмо)

2.Шырдак шырыганда бул буюм сөөмөйдү ийнеден сактайт? ( Оймо)

3. Рамазан айында мусулмандар аткарган парз? ( Орозо кармоо)

4. Голливуд кинотасмалары кыялданган белгилүү кино сыйлыгы? (Оскар)

5. Бул салат көбүнчө жаңы жылдык дастаркондун көркүн ачат? ( Оливье )

6. Кыргызстан экинчи борбору аталган шаар? ( Ош )

7. Бул эрдик ыр эгин чабык учрунда ырдалганы менен белгилүү? ( Оп майда )

8. Манас кичинесинде кайсы койчунун колунда тарбияланган? ( Ошпур)

9. Оюндан эмне чыгышы мүмкүн? ( От)

10. Ала кийиз жасоодо кийиз бетине эмне түшүрүлөт? ( Оймо)

11. Мугалимдер күнү кайсы айда белгиленет? (Октябрь)

12. Колдогу эң узун манжа? (Ортон)







“ Биринчи” категориясы.

  1. КРнын биринчи президенти? (А.Акаев)

2. Биринчи космоско учкан аял? (В.В.Терешкова)

3. Ч.Айтматовдун Дүйшөнү бизге ким катары белгилүү? ( Биринчи мугалим)

4. Эмгекчилердин күнүн качан белгилейбиз? ( 1-май)

5. Жуманын кайсы күнү оор күн деп эсептелинет? (Дүйшөмбү күнү)

6.Кыргыздын биринчи мультфильми кандай деп аталат? (сандар чатагы)

7. Бул нерсе биринчи байлык деп саналат? ( ден соолук )

8. Биринчи нота кандай деп аталат? ( До )

9. 1-июнь күнү кандай майрам? ( балдарды коргоо күнү)

10. Адам баласы кайсы жаныбарды биринчи колго үйрөткөн? ( Итти)

11. “Чамгыр” жомогунда чамгырды үзүү үчүн чал биринчи кимди жардамга чакырат? ( Кемпирди)

12. Өлкөнүн биринчи айымы деп ким эсептелинет?

( Президенттин аялы )



“Инсандар” категориясы.

  1. КРдагы биринчи президент аял? ( Р.Отунбаева)

  2. “Сен таза болсоң,мен таза болсом, коом да таза болот” сөздөрү кимге таандык? ( И. Раззаков)

  3. Клара Цеткин негиздеген майрам? (8-март майрамы)

  4. Элдин тынчтыгы үчүн уулун курмандыкка чалган,белгилүү журт башкарган айым? (Курманжан датка)

  5. Өзү айым болсо да,өткүрлүгү жана баатырлыгы үчүн мырза атына татыган баатыр кыз? ( Жаңыл Мырза)

  6. Бишкек шаары дал ушул атактуу кол башчынын атын алып жүргөн? (Фрунзе)

  7. Суусамыр өрөөнүнөн чыккан, өз атын көтөрө алгандыгы менен белгилүү болгон? ( Кожомкул)

  8. Талас жеринен чыккан баатыр жоокер дзотко төшүн тосуп мекенин коргогон? (Ч. Түлөбердиев)

  9. АКШнын жаңы шайланган президенти? (Трамп)

  10. 500 сомдо кимдин сүрөтү бар? ( Саякбай Каралаев)

  11. “Кут алчу билим” чыгармасынын автору ким? (Ж.Баласагын )

  12. ”Берчи мага жарым кашык музыка” ыр саптары кимдин калемине таандык? (А.Осмонов)



“Канаттуулар” категориясы.

  1. Тынчтыктын символу болгон канаттуу? ( Көгүчкөн)

  2. Кайсы канаттуу алыстан кабар алып келет? ( Сагызган)

  3. Ырчыларды кайсы канаттууга салыштырабыз? (Булбул)

  4. Казга теңелип эмненин буту сынган? (Карганын)

  5. Эр Төштүктү жер үстүнө алып чыккан куш кайсы? ( Алп каракуш)

  6. Иштемчил адамды кайсы канаттуга салыштырат? (Чабалекей)

  7. Дүйнө жүзүндөгү эң кичине канаттуу? ( Калибри)

  8. Ит төрөсү кумайык, куш төрөсү ____( Будайык)

  9. Эрте туруп жем чачамын уйкучу эмес, сергек кыз кайсы ырда эле?

( Жөжөлөрүм)

  1. Кыздар кийген топу,тебетейлерге кайсы канаттуунун жүнүн тагып кооздошот? (Үкү)

  2. Күндүз уктап ,түндө учуп жүргөн канаттуу? (жарганат)

  3. Султанмуратты Ч.Атматовдун кайсы чыгармасында кезиктирүүгө болот?

( Эрте келген турналар)



“Спорт” категориясы.

1. Футболдун королу аталып жүргөн бразилиялык футболчу? ( Пеле )

2. Спорт оюндары боюнча төрт жылда бир өткөзүлүүлү ааламдагы спорттук иш чара эмне деп аталат? ( Олимпиада)

3. Эл аралык олимпиада оюндарынын эмблемасында канча шакекче бар?

( Беш)

Данияр Көбөнов спорттун кайсы түрү боюнча чемпиону болуп саналат?

( Грек-рим күрөшү)

6. Шахмат тахтайчасында жалпысынан канча фигура бар? ( 32)

7. Мектептеги спортко үндөгөн сабак? (Дене тарбия)

8. Шайба кайсы оюндун негизги элементи болуп саналат? ( Хоккей)

9. Коло медаль канчанчы орунду ээлеген оюнчуга берилет? ( Үчүнчү)

10. Бир тууган Кличколор спорттун кайсы түрү менен элге таанылган? ( Бокс)

11. Биринчиликти жеңген оюнчулар кандай наамга ээ болушат? ( Чемпион)

12. Баскетболдо топ эмнеге салынат? ( Шакекче)

“ Сандар сүйлөйт” категориясы

  1. Манастын канча чоросу болгон? (Кырк)

  2. Канча адамдан бири кызы р деп эсептелинет? ( Жети)

  3. Жети өлчөп, канча жолу кесүү керек? ( Бир)

  4. Жигитке канча өнөр болсода аздык кылат? (Жетимиш)

  5. Эң чоң бир орунду санды ата? ( Тогуз)

  6. Ош шаарына болжол менен канча жыр толду? (3000)

  7. Биринчи мүчөл жаш адам баласы канчага чыкканда белгиленет? ( 12)

  8. Бир көргөн канча уккандан артык? ( Миң)

  9. Мектептеги бир сабак канча убакка созулат? (45 мүнөт)

  10. “Ырыс алды-ынтымак” жомогунда чалдын канча уулу болот? ( Тогуз)

  11. Келе жаткан 31-декабрь күнү биз канчанчы жылды тособыз? ( 2017-ж)

  12. Бир суткада канча саат бар? ( 24 саат)



“Мультфильм” категориясы.

  1. Фиона кайсы мультфильм каарманынын сүйүктүү жубайы? (Шрек)

  2. Бул мульфильмде автоунаалардын эң көп түрүн кезиктирүүгө болот?

( Тачки)

  1. Кичинекей тентек кыз Машанын досу? (Аюу)

  2. Керемет көч мультфильмдеги күчүктү н аты? ( Борсулдак)

5.“Кыякты мен,ойной берем “ деп ырдаган мультфильдин аты?

( Крокодиль Гена)

  1. Чыгыш күрөшү боюнча мыкты делген кытай аюусу? ( Кунфу панда)

  2. Пингвиндер Лоло жана Пепе мекендеген жер эмне деп аталат? (Антарктида)

  3. “Муз доорунда “ кичинекей баланын жанын эмне сактап калат? (мамонт)

  4. Чычкан Джеррини кубалаган мышык? (Том)

  5. Мультфильм каарманы Алекс достору менен кайсы аралга келет?

( Мадагаскар)

  1. Кайсы мультфиьмде кырсыкка кабылганда желесин жайып жардамга шашкан жөргөмүш кишини кезиктирүүгө болот? (Человек паук)

  2. Чилистен,Сулууке, Бомпош,Чыпалак кайсы мультфильдин каармандары? ( Китепке

“С” категориясы

1.Алтымыш минутаны камтыган убакыт бирдиги? ( Саат)

2. КРнын валютасы? (Сом)

3.Эки адам көрүшкөндө адегенде эмне кылуу керек? ( Саламдашуу)

4. Бул буюм менен жер айдалат? (Соко)

5.Салт боюнча кыргыздар кудалышканда кызга эмне салышат? (Сөйкө)

6. Максым,бозо,кымыз кыргыздын улуттук эмнеси болуп саналат?

( Суусундуктар)

7. Жайдын толуп калган ысык учурун эмне деп айтабыз? ( Саратан)

8. Кожомкул кайсы өрөөдөн чыккан баатыр? ( Суусамыр)

9.”Эрте келген турналар” чыгармасындагы Мырзагүлдүн сүйгөнү?

(Султанмурат)

10. Килограмм менен эмнени өлчөйбүз? (Салмак)





3-тур Логикалык суроолор

1. Мураттын 15 койу бар, 14нөн башкасы өлүп калды. Мураттын канча койу калды?

(14 кой)

2. Жамгырда калган унаанын кайсы дөңгөлөгү кургак бойдон калат?

( Запастагы)





Түзгөн мугалим: Ормокова Ч.