СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тексттин бүтүндүгү. (5-класс)

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тексттин бүтүндүгү. (5-класс)

Просмотр содержимого документа
«Тексттин бүтүндүгү. (5-класс)»

Сабактын темасы: ТЕКСТТИН БҮТҮНДҮГҮ

Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк максаты: окуучулар тексттин тематикалык, маанилик жана грамматикалык бүтүндүгү жөнүндө маалымат алышат

Өнүктүрүүчүлүк максаты: окуучулар ойдун бир теманын тегерегине топтолушу жана сүйлөмдөрдүн өз ара байланышы – тексттин бүтүндүгүн түзөрүн түшүнүшөт.

Тарбия берүүчүлүк максаты: топтордо иштөөдө бири-биринин оюн угуп, өз ара сыйлашууга тарбияланышат.

Жогорудагы максаттарга жетти деп эсептейбиз, эгерде окуучу ...

а) тексттин тематикалык, маанилик жана грамматикалык бүтүндүгү тууралуу маалымат алса;

б) ойдун бир теманын тегерегине топтолушу, ошондой эле сүйлөмдөрдүн өз ара байланышы – бул тексттин бүтүндүгүн түзөрүн түшүнсө;

в) топтордо иштөөдө бири-биринин оюн угуп, өз ара сыйлаша алса. Окуучулар ээ болуучу компетенттүүлүктөр:

Тилдик компетенттүүлүк:

  • тексттин тематикалык, маанилик жана грамматикалык бүтүндүгүн өздөштүрөт;

  • текст түзө билет.

Кептик компетенттүүлүк:

  • текст түзүүдө айтылып жаткан ойду бир теманын тегерегине топтой алат;

  • өз кебине байкоо жүргүзүү менен маданияттуу сүйлөй алат;

  • алган билимин колдонуп текст түзө алат.

Маданий компетенттүүлүк:

  • өз оюн адабий тилдин ченемдерине ылайык айтып бере алат;

  • өз эне тилин сүйүүгө калыптанат.

Сабактын тиби: жаңы билимди берүү сабагы.

Сабактын методу: айтып берүүчүлүк-түшүндүрүүчүлүк метод.

Колдонулуучу ресурстар: таблица, методикалык колдонмо, «Берекелүү күз» деген темадагы түстүү сүрөт, ватман, маркер.

Сабактын жүрүшү: 1. Уюштуруу. 2. Үйгө берилген тапшырманы текшерип, өтүлгөн теманы кайталоо.

Кайталоодо топторго карточкалар таратылат.

  1. топ үчүн: 1. Текст деген эмне?

«Күз» деген темада чакан текст түзгүлө.

  1. топ үчүн: 1. Тексттин кандай мүнөздүү белгилери бар?

2. Макалдар, ылакаптар, учкул сөздөр текст боло алабы? Мисалдар келтиргиле. (Топтор өз алдынча иштеп жатканда мугалим доскада

«Берекелүү күз» деген темадагы түстүү сүрөттү илет.)

Ар бир топтон лидерлер чыгып, тапшырмаларын жактап беришет, топтун калган мүчөлөрү кемчиликтерин толуктап айтышат. Жалпы класс доскада илинген сүрөттүн негизинде оозеки чакан текст түзүшөт.

Жаңы тема: мугалим жаңы теманы түшүндүрүүнүн алдында Курманжан датка тууралуу окуу китебиндеги текстти окуп тааныштырат да, анын негизинде жаңы теманы төмөндөгүдөй түшүндүрөт:

  • Берилген тексттеги сүйлөмдөр өз ара тематикалык жактан байла- нышкан, башкача айтканда, текстте Курманжан датканын өмүрү, ишмердүүлүгү, кыраакылыгы жана акылмандыгы жөнүндө айтылуучу ой кыска жана ырааттуу берилди;

  • тексттеги сүйлөмдөр грамматикалык, стилдик жактан тыгыз байланышта. Башкача айтканда, алардын баяндоочтору -ган формасындагы этиштин өткөн чагы аркылуу уюшулуп, айтылуучу ойдун ырааттуу өнүгүшүн шарттап турат.

  • тексттеги сүйлөмдөрдүн бул тобу стилдик катышы, грамматикалык, тематикалык түзүлүшү жана мааниси жагынан өз ара тыгыз байланышта турат. Текстти түзүп түрган сүйлөмдөр өздөрүнүн стилдик каражаттары- нын курамы боюнча кептин баяндоо түрүнө таандык. Анткени Курманжан

  • датканын өмүрү, ишмердүүлүгү ырааты менен биринин артынан экинчиси келген кыймыл-аракеттер аркылуу баяндалды. Ошентип, бири экинчиси менен тыгыз байланыштагы жогорудагы сүйлөмдөрдүн биримдиги тексттин маанилик бүтүндүгү деп аталат.

Мугалим Мындан тышкары,, окуу китебинде берилген төмөнкү сүйлөмдөрдүн топтому (Тарыхый эстеликтер элибиздин өткөн замандагы турмушун баяндайт. Трактор менен жер айдап, урук себебиз. Капуста чымды көп талап кылат.) текст боло албай тургандыгын, анткени анда берилген сүйлөмдөр тематикалык, маанилик жана грамматикалык жак- тан байланышпаганын айтат. Демек, сүйлөмдөрдүн бул топтому тексттин мүнөздүү белгиси болгон бүтүндүккө ээ эмес.

12-көнүгүүдө берилген «Баатыр уул жана эне сүтү» текстин окуп, андагы сүйлөмдөрдүн маанилик бүтүндүккө ээ болорун талкуулашат. 13-көнүгүүдөгү «Сырттан көрүп баа бербе», «Көөкөр үйлөтүү», «Баба дыйкан» тексттерди топторго бөлүнүү менен аткарышып, текст аркылуу анда кандай ойдун айтылгандыгын түшүндүрүп беришет жана эмне үчүн текст боло тургандыгын далилдей алышат.

Сабактын жыйынтыгында окуу китебинде берилген 14-көнүгүүдөгү сүйлөмдөрдүн топтому текст боло албай тургандыгын далилдеп айтып беришет.

Сүйлөмдөрдүн берген маанилери боюнча өз ара байланышта болору төмөнкүдөй кошумча текст аркылуу мугалимдин тандоосу менен сунушталат.




Ысык­Көл

Кыргыз жеринин жаратылышы абдан кооз. Көк тиреген ак мөңгүлүү чокусу, этеги жапжашыл тоолор, ар түркүн токойлор, шаркырап аккан тунук, кашка суулар жердин көркүн ачат. Мына ушул кооз жерлердин ортосунан орун алган Ысык-Көл ажайып көркөм көрүнөт. Сакчылардай тегерете курчаган тоолордун этегинде асман менен жерди бириктиргендей, көтөрүңкү болуп, мелмилдеп жаткан Ысык-Көл адамга укмуштуудай таасир калтырат.

Сабакты жыйынтыктоодо мугалим кайтарым-байланыштын негизинде «Биз бүгүнкү сабакта тексттин маанилик бүтүндүгү боюнча эмнелерди үйрөндүк? деген суроо берип, окуучулар билгендерин айтып беришет.

Окуучулардын билимин баалоонун критерийлери:

    • тексттеги баяндалган ойдун теманын тегерегинде топтолушун билиши;

    • тематикалык жана грамматикалык бүтүндүк тууралуу маалымат алышы;

    • сабактагы активдүүлүгү жана орфографиялык сабаттуулугу.

Үй тапшырма катары 15-көнүгүү берилип, окуучулар окуу китебиндеги сүрөт боюнча «Биздин үй-бүлө» деген темада чакан текст түзүп келишет