СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Тексттик программалар жөнүндө түшүнүктөр"

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргызча

Просмотр содержимого документа
«"Тексттик программалар жөнүндө түшүнүктөр"»

7-класс

Предмет: Информатика

Сабактын темасы: Текстик программалар жөнүндө түшүнүктөр.

Сабактын жабдылышы: Компьютер, презентация, видеоурок



Негизги компотенттүүлүктөр

1.Маалыматтык компотенттүүлүк. Сабакты пландаштыруу, жаңы маалыматты алууга даярдануу.

2.Социалдык комуникативдик. Топ менен иштөөнү жана адептүүлүккө үйрөнүшөт

3.Өзүн-өзү уюштуруу, көйгөйлөрдү чечүү.Топ менен иштөөдө темадагы көйгөйлөрдү чечишет

Сабактын максаты

Көрсөткүчтөр

Билим берүүчүлүк: жаңы программа жөнүндө түшүнүк;

1-окуучулар бул мезгилге чейин Текстик программалар боюнча өз ойлорун айтышат.

Өнүктүрүүчүлүк: программаны практика жүзүндө колдонууга үйрөнүшөт

2- Текстик программалар жардамында эмнелерди жасоого болоорун айтышат

Тарбия берүүчүлүк: сабакка активдүү катышып, жакшы өздөштүргөн окуучулар жетишпей калган досторуна жардам беришет.

3- өздөрүн өнүктүрүү максатында түшүнбөгөн окуучуларга жардам беришет





Сабактын жүрүшү:

Сабактын этаптары

Мугалимдин иш аракети

Окуучулардын иш-аракети

Уюштуруу

4 минут

Окуучулар менен саламдашуу, жоктоо, сабакка кызыктыруу максатында, акыркы убакта чыгып жаткан прграммалар, техникалар боюнча бир аз маалымат айтуу

Саламдашышат, окуу куралдарын сабакка даярдашат,

Соңку маалыматтар боюнча өз ойлорун айтышат.


Үй тапшырмасын суроо

  1. минут

1.Клавишанын кандай түрлөрүү бар


Жаңы теманы түшүндүрүү

25

Microsoft Office Microsoft тарабынан Microsoft Windows, WindowsPhone, Android, OS X, iOS операциондук системдери үчүн түзүлгөн офистик колдон-молор куржуну. Бул пакеттин курамына текст, электрондук жадыбал, берилиштер базасы ж.б. ушул сыяктуу түрдүү документтер менен иштөөчү программалык камсыздоо кирет. Microsoft Office OLE-объекттердин сервери болуп саналат. Анын функцияларын баш-ка колдонмолор да, Microsoft Office' тин өзүнүн колдонмолору да колдо-но алышат. VBA'да жазылган скрип-терди жана макросторду колдойт. Microsoft Office'тин бир канча редак-циясы бар. Редакциялардын айыр-масы - куржундун курамында жана баасында. Булардын ичинен эң толугу төмөнкүлөрдү камтыйт:

Microsoft Word - текст процессору. Windows, Android жана Apple Mac OS X үчүн жеткиликтүү. Ар кандай татаалдыктагы документтерди түзүүгө мүмкүндүк берет. OLE, башка иштеп чыгуучулардын кошмо модулдарын, шаблондорун ж.б. колдойт. Акыркы нускадагы негизги формат, XML текстти жана башка керектүү графиканы камтыган ZIP-архив түрүңдөгү, ачык деп көрсөтүлгөн Microsoft Office Open XML болуп саналат. DOC жайылмалуу файлдардын экилик форматы болгон Microsoft Word 97—2003 эң кеңири тараган фор-мат бойдон калып келет. Аталган продукт текст процессорлорунун рыногунда алдыңкы орунда турат. Форматтары көпчүлүк ишкана-ларда документ жүгүртүүдө де-факто стандарт катары колдону-лат. Word Microsoft Works'тун ай-рым редакцияларында да жетки-ликтүү. Окшош программалар: OpenOffice.org Writer, LibreOffice Writer, StarOffice Writer, KWord, NeoOffice Writer, Corel WordPerfect жана Apple Pages (жалгыз Mac OS платформасында), ошондой эле, бир нече шарт менен AbiWord (булактарынан көп нерсе күтлбөгөн шартта, мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү болуп, аз көлөм жана иштин ылдамдыгы маанилүүрөөк болгондо).

Microsoft Excel - жадыбал процес-сору. Ар кандай татаалдыктагы электрондук жадыбалдарды түзүү үчүн зарыл болгон бардык функцияларды колдойт. Рынокто алдынкы орунду ээлейт. Акыркы нускасы ".xlsx" жайылмалуу OOXML форматын колдонот. Мурдагы нускаларында ".xls" жайылмалуу экилик формат колдонулган. Windows жана Apple Mac OS X'те жеткиликтүү. Милдеттери окшош башка программалар: OpenOffice.org Calc, LibreOffice Calc, KSpread, StarOffice, Gnumeric, Corel Quattro Pro и Apple Numbers (Mac OS платформасында гана).

Microsoft Outlook (Outlook Express менен чаташтырбоо керек) - жеке коммуникатор. Outlook курамына төмөнкүлөр кирет: календарь, милдет пландоочу, эскертме, электрондук почта менежери, дарек китеби. Тармакта биргелешип иштөө мүмкүн. Почталык кардардын эквивалент программалары: Mozilla Thunderbird/SeaMonkey, Novell Evolution, Claws Mail, Eudora Mail, The Bat!; жеке маалыматтар менежери - Mozilla, Lotus Organizer жана Novell Evolution. Windows жана Apple Mac OS X'те жетки Microsoft PowerPoint - Microsoft Windows жана Apple Mac OS X'те сунум даярдоочу программа. Окшош программалар: OpenOffice.org Impress, LibreOffice Impress, KPresenter, Corel WordPerfect жана Apple Keynote.

Microsoft Access - берилиштер базасын башкаруу колдонмосу. Эквивалент программалар: Open Office.org Base, LibreOffice Base, Kexi.Microsoft InfoPath – берилиш-терди чогултуу жана башкаруу колдонмосу - маалымат чогултуу жүрүмүн жөнөкөйлөтөт. Microsoft Communicator (Microsoft Lync) - адамдардын ортосунда ар тарап-туу баарлашуу уюштурууга арнал-ган. Microsoft Office Communicator 2007 менен ылдам билдирүүлөрдү жиберип баарлашуу, ошондой эле, укма жана көрмө маек куруу мүмкүн. Бул колдонмо Microsoft Office'тин программа куржунунун бир бөлүгү болуп саналат жана аны менен тыгыз интеграцияланган. Бул Microsoft Office бүлөсүндөгү бардык программалар менен бирге иштө-өгө шарт түзөт. Бирок про-грамманы иш тактасында ачкандан кийин Lync жабылбайт. Түзмөктүн жумушу бүткөңдө да, тапшырмалар тактасында кала берет. Microsoft Publisher - жарыя даярдоочу колдонмо. Microsoft Visio - бизнес диаграммалар жана техникалык диаграммалар менен иштөөчү колдонмо. Концепциялар-ды жана кадимки бизнес-берилиш-терди диаграммаларга айлан-дырат. Окшош программалар: LibreOffice Draw, OpenOffice.org Draw, yEd Grapth Editor.Microsoft Project – долбоорду жөндөө.Microsoft Query - берилиштер базасындагы маалы-маттарды кароо жана иргөө.Microsoft OneNote - эскерме жазып алуу жана аны жөндөө. Microsoft Groove - бирге иштөөнү колдоочу колдонмо.Microsoft SharePoint Designer - колдонмолорду Microsoft SharePoint платформасында түзүүчү жана SharePoint түйүнүн адаптациялоочу шайман. Microsoft Picture Manager - сүрөттөр менен иштөө. Экви-валент программа: OpenOffice.org Draw.

Microsoft Document Image Writer - Microsoft Document Imaging Format форматын баскан виртуалдык принтер.Microsoft Diagnostics - Microsoft Office'тин бузук колдонмолорун диагноздоо жана калыбына келтирүү. Буга чейин Microsoft Office'ке Microsoft FrontPage колдонмосу кирчү (сайт жасоочу программа). Бирок Microsoft бул программаны Office'тен чыгарып, иштеп чыгууну токтотуу чечимин кабыл алган. Microsoft Office 2007'де FrontPage программасынын ордуна Microsoft SharePoint Designer коюлган.


Окуучулар Көрүү терезеси боюнча маалымат жазышат жана практикалык жактан түшүнүү үчүн видеоролик көрүп, теориялык жактан толук кандуу билимге ээ болушат

Бышыктоо үчун суроолор

5 минут







Үйгө тапшырма берүү 3 минут







Баалоо

2 минут